Өмүр баян

Жапаркулов Талантбек Тургунбекович өмүр баяны

21
(жаңыланган 14:49 17.11.2021)
Талантбек Жапаркулов 1982-жылы 2-августта Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Кочкор-Ата шаарчасында туулган. Жогорку билимдүү.

Билими:

  • 1999-2001 ― К.Көлбаев атындагы Бишкек автомобиль жол техникумунда билим алган;
  • 2001-2005 ― Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин Инновациялык профессиялар институтунун менеджмент факультетин аяктаган;
  • 2015-2018 ― Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин "юриспруденция" адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 2005-2007 ― "Риконет" ЖЧКсынын башкы директору;
  • 2007-2014 ― "АйКОМ, Эком" компьютердик дүкөндүн директору;
  • 2014-2015 ― "Эс ал" эмерек фирмасында башкы директордун экономикалык коопсуздук боюнча орун басары;
  • 2015-2018 ― "Эком Кей Джи" юридикалык фирмасынын башчысы;
  • 2017-2018 ― "Эс Ал Мебель" ЖЧКсында экономикалык коопсуздук боюнча юрист, консультант;
  • 2018-2019 ― адвокаттын жардамчысы;
  • 2019-2020 ― Ноокен райондук прокуратурасында кызматкер;
  • 2020-2021 ― "РСК" банктын Ноокендеги филиалында юрист;
  • 2021 ― жеке юрист.
21
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Улуу Журт' партиясы, Талантбек Жапаркулов
Бактыгүл Иманбек кызы

Бактыгүл Иманбек кызы өмүр баяны

8
(жаңыланган 18:27 29.11.2021)
Бактыгүл Иманбек кызы 1986-жылдын 14-апрелинде Бишкек шаарында туулган. 2010-жылы Кыргыз улуттук университетин лингвист-котормочу адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 2006-2008 — "Эклектик" ЖЧКсында француз тилинен котормочу;
  • 2007-2008 — Aliya Study and Travel туристтик фирмасында котормочу;
  • 2011 — "Эклектик" ЖЧКсында француз тили мугалими;
  • 2012-2017 — Mira Study ЖЧКсын негиздеп, жетектеген;
  • 2017-2019 — "Эларад" туристтик фирмасында гид-котормочу;
  • 2019 — "Миракл Лайф" окуу борборун негиздеген.

Кийин КР президентинин администрациясында эксперт болуп эмгектенген.

2021 — Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоого "Эл үмүтү" партиясынын катарында катышкан.

8
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Эл үмүтү' партиясы, Бактыгүл Иманбек кызы
Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевич

Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевич өмүр баяны

7
(жаңыланган 13:58 29.11.2021)
Акылбек Түмөнбаев 1972-жылы Ысык-Көл облусунун Кең-Суу айылында туулган. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция факультетин жана Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академияны бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 1992 — "Дизайн" биргелешкен ишканасынын каттоо долбоорунун кызматкери;
  • 1994-1995 — Ички иштер министрлигинин штаб башчысы;
  • 1995-2001 — Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын ыкчам-иликтөө бөлүмүнүн стажер-оператору;
  • 2001-2002 — Финансы министрлигинин Финансы полициясында бажылык укук бузууларга каршы күрөшүү боюнча ыкчам-тергөө бөлүмүнүн стажер-оператору;
  • 2002-2003 — Финансы полициясынын региондор аралык башкармалыгынын опер кызматкери;
  • 2005-2008 — Финансы министрлигинин Финансы полициясынын кадрлар боюнча адиси;
  • 2009-2012 — Өкмөткө караштуу Мамлекеттик финансы полициясынын кызматкери;
  • 2016-жылы Эсеп палатасынын аудитору;
  • 2021-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарын шайлоого №35 Ак-Суу шайлоо округунан катышып, алдын ала жыйынтык боюнча жеңишке жетти.
7
Белгилер:
Акылбек Түмөнбаев, шайлоо, депутат, таржымал
Баласына китеп окуп жаткан адам. Архив

Балага жыныстык тарбия берүүдөн уялбаш үчүн ата-эне кантип даярданышы керек

0
Психолог бала өзү төшөк маселесине байланыштуу суроо берген учурда жооп берүүдөн качпаш керектигин айтат. Ал үчүн ата-эне бири-бири менен сүйлөшүп, даярданып алганы жакшы.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Балага жыныстык тарбия берүү үчүн ата-эне өзү кандай даярдыктан өтүшү керектигин РИА Новости агенттигине Россиянын сексологиялык илимий коомунун мүчөсү, психолог Татьяна Селезнева айтып берди.

Алгач адис бала кайсы курактан баштап жыныстык тарбияга даяр болорун түшүндүрдү.

"Ар бир бала дүйнө таанымына жараша ар кайсы куракта "жетилет". Негизги 15-16 жашка чейин акырындык менен маалымат алып алганы туура. Мисалы, жыныстык органдар, алардын функциялары, бойго бүтүп калуу жана венерологиялык оорулардан сактануу жолдорун билиши керек. Качан гана уул-кыздар 16дан ашканда секс тууралуу, болгондо дагы анын жалаң негитивдүү жактарын айта баштаган туура эмес", — деди Селезнева.

Психолог "төшөк мамилеси тууралуу балага туура түшүндүрүп берсе келечеги жакшы болорун" кошумчалады.

Ошондой эле ал ата-энелер өздөрү диалог баштоодон уялбаш үчүн кантип даярданышы керектигин айтып берди.

"Алгач ата-эне бири-бири менен сүйлөшүп, даярданып алганы жакшы. Учурда жыныстык тарбия тууралуу балдар үчүн китептер өтө көп. Ошолорду алып окуп койсо балдар гана эмес, чоңдор дагы көп нерселерди биле алышат", — деди адис.

Сөзүнүн соңунда психолог бала өзү төшөк маселесине байланыштуу суроо берген учурда жооп берүүдөн эч качан качпаш керектигин айтат.

0
Белгилер:
бала, тарбия, психология, ата-эне, жыныс
Тема боюнча
Атаны балдардын тарбиясына кантип аралаштырса болот? Педагогдун кеңеши
Баланы жоопкерчиликке кантип үйрөтсө болот? Адистин кеңеши