Ибраимова Элмира Султановна

Ибраимова Элмира Султановна өмүр баяны

5
(жаңыланган 17:07 17.11.2021)
Элмира Ибраимова 1962-жылдын 13-апрель күнү мурдагы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында жарык дүйнөгө келген.

Билими:

  • 1984 — Москва мамлекеттик университетинен экономист жана саясий экономика боюнча окутуучу адистигине ээ болгон;
  • 1995 — АКШнын Массачусетс университетинде мамлекеттик башкаруу багыты боюнча окуган.

Эмгек жолу:

  • 1984-1986 — Фрунзедеги электрондук эсептөөчү машиналар заводунда экономист;
  • 1986-1991 — Комсомолдун Октябрь райондук комитетинин экинчи катчысы;
  • 1991-1996 — Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу палатасынын катчылыгынын жетекчиси;
  • 1996-1998 — Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу палатасынын Кыргызстандын Эсеп палатасындагы аудитору;
  • 1998-1999 — КР президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары;
  • 1999-2001 — Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү;
  • 2002-2003 — КР өкмөтүнүн алдындагы айылды инвестициялоого даярдык көрүү бөлүмүндө долбоор координатору;
  • 2003-2007 — КРдин коомдорду өнүктүрүү, инвестициялоо агенттигинин аткаруучу директору;
  • 2007-2008 —Жогорку Кеңеш депутаты, "Ак Жол" фракциясынын лидери;
  • 2008-2009 — КРдин вице-премьери;
  • 2010 — Убактылуу өкмөттүн социалдык маселелер, ЖМК жана коомчулук менен байланыштуу боюнча координатору;
  • 2010-2012 — КРдин коомдорду өнүктүрүү, инвестициялоо агенттигинин аткаруучу директору;
  • 2012-2016 — КРдин Эсеп палатасынын төрайымы.
5
Белгилер:
'Азаттык' партиясы, Өмүр баяны, Элмира Ибраимова
Ханджеза Карим Лемзарович

Ханджеза Карим Лемзарович өмүр баяны

1
(жаңыланган 18:44 30.11.2021)
Карим Ханджеза 1982-жылы 22-мартта Чүй облусунун Москва районундагы Александровка айылында туулган. Жогорку билимдүү.

Билими:

  • 1999-2003 ― Кыргыз-Россия Славян университетин "саясат таануу" адистиги боюнча бүтүргөн;
  • 2003-2004 ― Кыргыз-Россия Славян университетин ""саясат таануу" адистиги боюнча билим алып, магистр даражасына ээ болгон;
  • 2007-2010 ― Кыргыз-Россия Славян университетин "эл аралык укук" адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 2010 ― "Best of the best" компаниясынын юристи;
  • 2010-2012 ― "КР дунгандар ассоциациясы" коомдук бирикмесинин башкармалыгынын мүчөсү;
  • 2010-2012 ― "КР дунгандар ассоциациясы" коомдук бирикмесинин президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү.
  • 2010-2015 ― Жогорку Кеңештин депутатынын коомдук юридикалык кеңешчиси;
  • 2011 ― "Аврес" ЖЧКсынын юридикалык кеңешчиси;
  • 2012-2015 ― Александровка айылдык кеңешинин төрагасы;
  • 2012-2016 ― "КР дунгандар ассоциациясы" коомдук бирикмесинин жаштар саясаты боюнча вице-президенти;
  • 2013-2017 ― "Эки тамчы суу" ИСКАКБнын башкармалыгынын мүчөсү;
  • 2013-2017 ― "Кут Билим" ЖЧКсынын башкы директору;
  • 2016-жылдан ушул күнгө чейин "КР дунгандар ассоциациясы" коомдук бирикмесинин башкармалыгынын төрагасы.
  • 2020-жылдан тартып ишкердик менен алектенет (ИП Ханджеза К.Л.).
  • 2021-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына №23 Москва шайлоо округунан катышып, алдын ала жыйынтык боюнча жеңишке жетти.

Кыргыз, орус, англис, кытай, араб, өзбек тилдеринде эркин сүйлөйт. Эне тили — дунган тили.

1
Белгилер:
Өмүр баяны, таржымал, Москва району, Карим Ханджеза
Өмүр баян

Таштанбеков Акбөкөн Дукенович өмүр баяны

0
(жаңыланган 18:12 30.11.2021)
Акбөкөн Таштанбеков 1963-жылы 17-майда Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Жер Казар айылында туулган. Жогорку билимдүү.

Билими:

  • 2001 ― Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин "юриспруденция" адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1978 ― "Алга" базасында малчы;
  • 1999-жылдан бери Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясынын саясий кеңешинин төрагасы;
  • 2000 ― Жогорку Кеңештин II чакырылышынын депутаты;
  • 2021-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына №30 Ысык-Ата шайлоо округунан катышып, алдын ала жыйынтык боюнча жеңишке жетти.
0
Белгилер:
Өмүр баяны, таржымал, Ысык-Ата, Акбөкөн Таштанбеков
Дарыгер COVID-19га каршы вакцина даярдап жатат. Архив

ДССУнун Кыргызстандагы өкүлү "омикрон" штаммы тууралуу эмне белгилүү экенин айтты

0
(жаңыланган 18:05 30.11.2021)
Коронавирустун "омикрон" жаңы штаммынын 32ден ашык мутациясы бар. ДССУ өкүлү алардын айрымдары кооптонуу жаратарын айтты.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Коронавирустун "омикрон" жаңы штаммы учурда толук изилденип бүтө элек. Бирок ал иммунитети бар адамдарга дагы жуга турганы белгилүү. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы кеңсесинин өкүлү Акбар Эсенгулов билдирди.

Ал Sputnik Кыргызстандын пресс-борборунда өткөн "Дүйнөгө коркунуч жараткан штамм-супермутанттан Кыргызстан кантип коргонот" аталышындагы брифингге катышты.

Эсенгуловдун айтымында, ДССУ жаңы штамм тууралуу 24-ноябрда Түштүк Африка өкмөтү инфекция табылганын кабарлагандан кийин билген.

Сотрудник офиса Всемирной организации здравоохранения по чрезвычайным ситуациям в Кыргызстане Акбар Эсенгулов на брифинге в пресс-центре Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы кеңсесинин өкүлү Акбар Эсенгулов
"Бул штаммдын мутациялары көп, 26дан 32ге чейин жетет. Алардын айрымдары тынчсызданууну жаратат. Штамм канчалык оор ооруну пайда кылары жана мурунку инфекцияларга салыштырмалуу канчалык жугуштуу экени азырынча белгисиз. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал мурда иммунизацияланган адамдарда да кайра инфекцияны козгоо мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ошондуктан биз өлкөлөрдү бул коркунучка карата даярданууга жана көзөмөлдү күчөтүүгө чакырабыз", — деген Эсенгулов.

Анын айтымында, коргонуу боюнча калкка мурдагыдай эле сунуштар айтылат:

  • Колду самындап жуу;
  • Социалдык аралыкты сактоо;
  • Эл көп чогулган жерлерге баруудан кармануу.

Эске салсак, министрлер кабинети Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен COVID инфекциясынын "омикрон" жаңы штаммынын пайда болушу боюнча чукул кеңеш өткөргөн. ДССУ аны кооптуу штаммдардын катарына киргизген. Саламаттык сактоо жана Тышкы иштер министрликтерине вирустун жаңы мутациясынын Кыргызстанда жайылышын алдын алуу боюнча чараларды көрүү тапшырылды.

0
Белгилер:
Кыргызстан, 'омикрон' штаммы, жаңы штамм, коронавирус
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус
Тема боюнча
"Омикрон" штаммынан коргонуунун жападан жалгыз жолу айтылды
Жугуштуу илдеттер ооруканасы COVID жуктургандарды кайра кабыл алмай болду
Кыргызстанга кирүүдө 1-декабрдан тарта ПЧР-тест талап кылынат