Айтбаев Акыл Казакович — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба партии "Бутун Кыргызстан"Айтбаев Акыл Казакович
Айтбаев Акыл Казакович - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2021
Жазылуу
Акыл Айтбаев 1965-жылы 25-мартта Ош облусунун Өзгөн районундагы Куршаб айылында жарык дүйнөгө келген. Жогорку билимдүү.
Билими:
  • 1982-1989 ― Фрунзе политехникалык институтун "жарандык жана өнөр жай курулушу боюнча архитектор" адистиги боюнча аяктаган;
  • 1998-1999 ― Президенттин алдындагы башкаруу академиясында "менеджмент, мамлекеттик башкаруу" адистиги боюнча билим алган.
  • 2016-2018 ― Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетин "юриспруденция" адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолу:
  • 1989-1991 ― Өзгөн райондук өндүрүштүк-долбоорлоо жана архитектуралык пландоо бөлүмүндө инженер – конструктор;
  • 1991-1994 ― Өзгөн райондук өндүрүштүк-долбоорлоо жана архитектуралык пландоо бөлүмүндө жер бөлүштүрүү боюнча инженер;
  • 1991-1994 ― Жер реформасы жана жерге жайгаштыруу боюнча Өзгөн райондук комитетинде төраганын орун басары;
  • 1994-1998 ― Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин Өзгөн райондук бөлүмүндө жетекчинин орун басары;
  • 1999-2001 ― Өкмөткө караштуу атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттикте жетектөөчү адис;
  • 2001 ―  Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик комиссиянын атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси;
  • 2001-2004 ―  Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик комиссияда айыл чарбасын өнүктүрүү жана айлана-чөйрөнү коргоо секторунун башчысы;
  • 2004 ― Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик комиссиясынын Чүй облустук башкармалыгынын жетекчиси;
  • 2004-2005 ― Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлигине караштуу Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик департаментинде министрдин орун басары – директор;
  • 2005-2007 ― Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары;
  • 2007-2008 ― Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
  • 2008 ― Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин Бишкек шаардык башкармалыгында жетекчи;
  • 2008 ― Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинде директордун орун басары;
  • 2008-2010 ― Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде министрдин орун басары;
  • 2015 ― Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинде коомдук кеңештин мүчөсү;
  • 2015-2017 ― Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинде коомдук кеңештин төрагасы;
  • 2015-2017 ― "Нур курулуш.kg" ЖЧКсынын директору;
  • 2016-2021 ― Кыргыз экономика университетинин алдындагы инновациялык экономика илим-изилдөө институтунда окумуштуулар кеңешинин мүчөсү.
Жаңылыктар түрмөгү
0