Өмүр баян

Эркинбаева Жаңыл Майрамбековна өмүр баяны

3
(жаңыланган 18:04 17.11.2021)
Жаңыл Эркинбаева 1971-жылы 1-январда Нарын облусунун Жумгал районундагы Кызыл-Туу айылында туулган. Жогорку билимдүү.

Билими:

  • 1989-1994 ― Арабаев атындагы педагогикалык университеттин филология факультетин бүтүргөн;
  • 2011-2014 ― КР президентинин алдындагы башкаруу академиясында билим алган;
  • 2016-2019 ― Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1994-2000 ― Балыкчы шаарындагы № 10 Манас орто мектебинде мугалим;
  • 2000-2007 ― Балыкчы шаарындагы № 10 Манас орто мектебинде тарбия, уюштуруу иштери боюнча директордун орун басары;
  • 2010-2018 ― Балыкчы шаарындагы № 10 Манас орто мектебинин директору.

"Билим берүүнүн мыктысы" төш белгисинин ээси, Эл агартуунун отличниги.

3
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Улуу Журт' партиясы, Жаңыл Эркинбаева
Депутаттыкка талапкердин өмүр баяны

Кенжебаев Аманкан Баатырбекович өмүр баяны

1
(жаңыланган 00:20 01.12.2021)
Аманкан Кенжебаев 1967-жылы 24-декабрда Сокулук районунун Дөң-Алыш айылында туулган. Жогорку билимдүү.

Билими:

  • 1987 ― Фрунзе совхозунун техникумун "зоотехник" адистиги боюнча бүтүргөн;
  • 2005 ― Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин аяктап, "экономист" кесибине ээ болгон.

Эмгек жолу:

  • 1987-1990 ― Советтик аскер-деңиз флотунда кызмат өтөгөн;
  • 1990 ― Ленин атындагы колхозунда ферманын эсепчиси;
  • 1991-1993 ― КР айыл чарба министрлигинде зоотехник;
  • 1993-1996 ― "Шорго" айыл чарба кооперативинин төрагасынын орун басары, андан кийин Кыргызпотребсоюзда кампа башчы;
  • 1997-1998 ― "Бек-Констракшн" фирмасында жабдуучу;
  • 1999-2001 ― Бишкек эркин экономикалык аймагында (СЭЗ) көзөмөлдөөчү, ага көзөмөлдөөчү, күзөт жетекчиси, көмөкчү чарбанын башкаруучусу, курулуш жана механизация бөлүмүнүн башчысы;
  • 2001-2003 ― "Арна" ЖЧКсынын башкы директор;
  • 2003-2004 ― "СЭЗ курулуш" ЖЧКсында башкы директор;
  • 2004-2008 — Ала-Арча айылдык кеңешинин депутаты;
  • 2008-2011 ― Военно-Антоновка айылдык кеңешинин депутаты;
  • 2005 ― "Баден-Сервис" курулуш компаниясында башкы директор;
  • 2011-2012 ―  "СЭЗ Бишкек" ЖЧКсынын директорунун орун басары;
  • 2012-2017 ― Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы ― аким;
  • 2020-жылдын ноябрынан 2021-жылдын май айына чейин Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы ― аким;
  • 2021-жыл, май-октябрь ― Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы ― аким;
  • 2021-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына №24 Сокулук шайлоо округунан катышып, алдын ала жыйынтык боюнча жеңишке жетти.
1
Белгилер:
Өмүр баяны, таржымал, Аманкан Кенжебаев
Тема боюнча
Ханджеза Карим Лемзарович — өмүр баяны
Ханджеза Карим Лемзарович

Ханджеза Карим Лемзарович өмүр баяны

28
(жаңыланган 18:44 30.11.2021)
Карим Ханджеза 1982-жылы 22-мартта Чүй облусунун Москва районундагы Александровка айылында туулган. Жогорку билимдүү.

Билими:

  • 1999-2003 ― Кыргыз-Россия Славян университетин "саясат таануу" адистиги боюнча бүтүргөн;
  • 2003-2004 ― Кыргыз-Россия Славян университетин ""саясат таануу" адистиги боюнча билим алып, магистр даражасына ээ болгон;
  • 2007-2010 ― Кыргыз-Россия Славян университетин "эл аралык укук" адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 2010 ― "Best of the best" компаниясынын юристи;
  • 2010-2012 ― "КР дунгандар ассоциациясы" коомдук бирикмесинин башкармалыгынын мүчөсү;
  • 2010-2012 ― "КР дунгандар ассоциациясы" коомдук бирикмесинин президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү.
  • 2010-2015 ― Жогорку Кеңештин депутатынын коомдук юридикалык кеңешчиси;
  • 2011 ― "Аврес" ЖЧКсынын юридикалык кеңешчиси;
  • 2012-2015 ― Александровка айылдык кеңешинин төрагасы;
  • 2012-2016 ― "КР дунгандар ассоциациясы" коомдук бирикмесинин жаштар саясаты боюнча вице-президенти;
  • 2013-2017 ― "Эки тамчы суу" ИСКАКБнын башкармалыгынын мүчөсү;
  • 2013-2017 ― "Кут Билим" ЖЧКсынын башкы директору;
  • 2016-жылдан ушул күнгө чейин "КР дунгандар ассоциациясы" коомдук бирикмесинин башкармалыгынын төрагасы.
  • 2020-жылдан тартып ишкердик менен алектенет (ИП Ханджеза К.Л.).
  • 2021-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына №23 Москва шайлоо округунан катышып, алдын ала жыйынтык боюнча жеңишке жетти.

Кыргыз, орус, англис, кытай, араб, өзбек тилдеринде эркин сүйлөйт. Эне тили — дунган тили.

28
Белгилер:
Өмүр баяны, таржымал, Москва району, Карим Ханджеза
Сахнадагы кыз. Архив

Балага эл алдында сүрдөбөй сүйлөөнү үйрөтүү керекпи? Психологдун пикири

0
Адис эч качан баланы кыйнап, бирөөлөрдүн алдында ырдатып-бийлетпеш керектигин айтат. Андан көрө өз эрки менен өнөрүн көрсөткөн учурда мактап, көңүлүн көтөрүп коюу зарыл.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Балага кичине кезинен баштап эл алдына чыгып сүрдөбөй сүйлөөнү үйрөтүүнүн канчалык зарылдыгы бар? Бул тууралуу РИА Новости агенттигине маек берип жатып Россиянын билим берүү тармагындагы психологдор федерациясынын мүчөсү, педагог-психолог Юлия Челышева айтты.

Алгач адис балага эл алдына чыгып сүйлөөнүн кандай пайдасы бар экенин түшүндүрдү.

"Сүйлөп жаткан адам ар дайым жалгыз болот. Аны угуп жаткандардын бардыгы ага карама-каршы турат. Ошол кезде бала канчалык өзүнө ишенип, жакшы сезсе, кийин ошончолук төгөрөгү төп келген адам болуп чоңоёт. Ал эми айтаар сөзүн таппай калган, уялчаак болуп чоңойгон кишини кийин оңдоо өтө татаал", — деди Челышева.

Ошондой эле ал балага публика алдында сүйлөөнү кантип үйрөтсө болорун айтып берди.

"Эч качан наристени кыйнап, коноктордун көзүнчө ырдатып, бийлетпеш керек. Анткени адам көпчүлүк учурда бирөөнүн баасынан коркот, өзүнө жакпаган сөз угуп калса чүнчүйт. Андан көрө үй-бүлө мүчөлөрүнүн арасында сүйлөп, жакшы өнөрүн көрсөткөндө мактап, жакшы сөздөрдү айтып коюу зарыл", — деди психолог.

Адис сөзүнүн аягында бала уялчаак болсо, аны алгач жалгыз киши эмес, топ-топ болуп иштеген спорттук же башка ийримдерге катыштырган жакшы экенин айтат. Анткени ал жалгыз эмес, артында командасы бар экенин билгенде акырындык менен өзүнө болгон ишеними бекемдей баштайт.

0
Белгилер:
бала, психология, комплекс, уялчаактык, публика, сүрдөө
Тема боюнча
Балага акчаны туура колдонгонду кантип үйрөтсө болот? Адистердин кеңеши
Бала татуировка жасатып, чачын жашылга боёйм десе эмне кылуу керек. Адистин кеңеши