Нурдинов Бейшеналы

Нурдинов Бейшеналы өмүр баяны

4
(жаңыланган 18:21 18.11.2021)
Бейшеналы Нурдинов 1960-жылы 22-декабрда Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Кара-Суу айылында туулган. Жогорку билимдүү.

Билими:

  • 1987-жылы Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин айыл чарба механизациясы факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 1978-1979 ― Нарын облустук бириктирилген ооруканасында электрик;
  • 1979-1981 ― Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн;
  • 1987-1988 ― Фрунзедеги оңдоо механикалык заводунда механик;
  • 1988-1990 ― ОТК контролер-инженер;
  • 1990-1996 ― Тянь-Шань МПМК-2, башкы механик;
  • 1996-1999 ― "Хан-Теңири Достук" ишканасында эл аралык бөлүмдүн экспедитору;
  • 1999-2007 ― "Адек" ЖЧКсында жана "Камкор" АКсында башкы директор;
  • 2007-2009 ― "Асман-ТСШ" ЖЧКсында башкы директордун орун басары;
  • 2009-2020 ― "Камкор" АКсынын директору;
  • 2020-жылдын 10-июнунан тартып Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты.
4
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Социал-демократтар' партиясы, таржымал, Бейшеналы Нурдинов
Тема боюнча
Абдуллажанов Султанбек Мухтарович — өмүр баяны
Ханджеза Карим Лемзарович

Ханджеза Карим Лемзарович өмүр баяны

27
(жаңыланган 18:44 30.11.2021)
Карим Ханджеза 1982-жылы 22-мартта Чүй облусунун Москва районундагы Александровка айылында туулган. Жогорку билимдүү.

Билими:

  • 1999-2003 ― Кыргыз-Россия Славян университетин "саясат таануу" адистиги боюнча бүтүргөн;
  • 2003-2004 ― Кыргыз-Россия Славян университетин ""саясат таануу" адистиги боюнча билим алып, магистр даражасына ээ болгон;
  • 2007-2010 ― Кыргыз-Россия Славян университетин "эл аралык укук" адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 2010 ― "Best of the best" компаниясынын юристи;
  • 2010-2012 ― "КР дунгандар ассоциациясы" коомдук бирикмесинин башкармалыгынын мүчөсү;
  • 2010-2012 ― "КР дунгандар ассоциациясы" коомдук бирикмесинин президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү.
  • 2010-2015 ― Жогорку Кеңештин депутатынын коомдук юридикалык кеңешчиси;
  • 2011 ― "Аврес" ЖЧКсынын юридикалык кеңешчиси;
  • 2012-2015 ― Александровка айылдык кеңешинин төрагасы;
  • 2012-2016 ― "КР дунгандар ассоциациясы" коомдук бирикмесинин жаштар саясаты боюнча вице-президенти;
  • 2013-2017 ― "Эки тамчы суу" ИСКАКБнын башкармалыгынын мүчөсү;
  • 2013-2017 ― "Кут Билим" ЖЧКсынын башкы директору;
  • 2016-жылдан ушул күнгө чейин "КР дунгандар ассоциациясы" коомдук бирикмесинин башкармалыгынын төрагасы.
  • 2020-жылдан тартып ишкердик менен алектенет (ИП Ханджеза К.Л.).
  • 2021-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына №23 Москва шайлоо округунан катышып, алдын ала жыйынтык боюнча жеңишке жетти.

Кыргыз, орус, англис, кытай, араб, өзбек тилдеринде эркин сүйлөйт. Эне тили — дунган тили.

27
Белгилер:
Өмүр баяны, таржымал, Москва району, Карим Ханджеза
Өмүр баян

Таштанбеков Акбөкөн Дукенович өмүр баяны

0
(жаңыланган 18:12 30.11.2021)
Акбөкөн Таштанбеков 1963-жылы 17-майда Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Жер Казар айылында туулган. Жогорку билимдүү.

Билими:

  • 2001 ― Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин "юриспруденция" адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1978 ― "Алга" базасында малчы;
  • 1999-жылдан бери Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясынын саясий кеңешинин төрагасы;
  • 2000 ― Жогорку Кеңештин II чакырылышынын депутаты;
  • 2021-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына №30 Ысык-Ата шайлоо округунан катышып, алдын ала жыйынтык боюнча жеңишке жетти.
0
Белгилер:
Өмүр баяны, таржымал, Ысык-Ата, Акбөкөн Таштанбеков
Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун эпидемиологу Асел Акымбаева

Антибиотик дарыны тоготпогон ооруларды пайда кылат. Эпидемиолог Акымбаеванын маеги

161
(жаңыланган 21:44 30.11.2021)
Адис коомчулукту антибиотиктерди башаламан пайдаланбоого чакырат. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму да аталган препараттарды туура эмес колдонуудан улам организм дары-дармектерди кабыл албай каларын эскертип келет.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун эпидемиологу Асел Акымбаева менен антибиотиктин ден соолукка тийгизген таасири, туура эмес пайдалануунун кесепети тууралуу баарлашты.

— Антибиотиктин зыяндуу жагын коомчулукка түшүндүрүү үчүн кандай иштер жасалууда?

— Жакында эле антибиотикти туура колдонуу боюнча жумалык өттү. Иш-чараны Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму уюштурган. Анын алкагында препаратты ашыкча колдонуунун кандай кесепеттери бар экендиги жөнүндө тегерек стол, талкуулар өткөрүлүп, элге да маалымат берилди. Дүйнө эли антибиотикти ушул темпте башаламан колдоно берсе, 2050-жылга чейин 100 миллион адамдын өмүрүн алып кетиши мүмкүн. Учурда мунун кесепетинен жылына 200 миң адам көз жумат. Алдыда бул көрсөткүч беш эсе көбөйүшү мүмкүн. Акыркы 10 жылдын ичинде антибиотикти колдонуу 36 пайызга өстү. Дүйнөдө бул препаратты көп пайдаланган өлкөлөргө Россия, Кытай, Индия, Бразилия кирет. Кыргызстанда дагы керектөө өсүп жатат. Элибиздин 48 пайызы дарыгердин көзөмөлүсүз, интернеттен карап же бирөөдөн угуп эле дары иче берет. Ушундай көрүнүштөрдөн улам организмде башка оорулардын пайда болушуна өбөлгө түзүлүүдө. Дары сатып аларда дарыгерге кайрылып, алардын берген рецепти менен ичүү абзел. Өзгөчө балдарды абайлаш керек. Өлкө аймагында өнөкөт оорусу бар адамдардын 74 пайызы дарыгер бир жыл мурда жазып берген рецепт менен антибиотик сатып алып ичет. Дарыгерлер адамдын салмагына жараша канча күн, күнүнө канча маал, тамактан кийин же ага чейин ичүү керектигин аныктайт. “Кымбат дары болчу, калтырбай ичип салайын” дегендер да бар. Антибиотикти туура эмес пайдалануу кооптуу жана бара-бара адамда дарыны тоготпогон ооруларды пайда кылат.

Врач-эпидемиолог Республиканского центра укрепления здоровья Асел Акимбаева в офисе
© Фото / Андрей Новоселов
Асел Акымбаева: өлкө аймагында өнөкөт оорусу бар адамдардын 74 пайызы дарыгер бир жыл мурда жазып берген рецепт менен антибиотик сатып алып ичет

— Антибиотик эмнеси менен кооптуу?

— Антибиотик — бул бактерияларга каршы препарат. Ал вирустук оорулардан сакайып кетүүгө жардам бербейт. Азыр биз тумоолоп же дагы башка жугуштуу оору менен оорусак эле антибиотик ичип жатабыз. Мындан улам оорунун саны көбөйүүдө. Мисалы, кургак учуктун, ичеги инфекцияларынын жана жугуштуу оорулардын айыкпас оор түрү келип чыгууда.

— Антибиотик кайсы оорулар үчүн колдонулат?

— Вирустук инфекция күчөп кетсе, дарыгер бейтаптын абалына жараша айрым учурда антибиотик жазып бериши мүмкүн. Негизи дене табын түшүрүү үчүн да антибиотик колдонууга болбойт. Вирустук инфекциянын жеңил түрү менен ооруган адам үч-беш күндө өзү сакайып кетет. Учурда бөбөктөргө эң күчтүү, 3-4-муундагы препараттарды сайып жатышат. Мындайга жеткирбеш үчүн ата-энелер ириде баланын иммунитетин көтөрүүгө, тамак-ашына көңүл бурууга аракет кылышы керек. Ооруну дарылоого караганда алдын алуу жеңил. Күчтүү антибиотиктер балдарды ашыкча салмак алууга алып келет.

— Канча убактан кийин бактерия дарыны тоготпой калышы мүмкүн?

— Азыр антибиотик медицинада эле эмес, өндүрүштө да колдонулуп калган. Мисалы, айыл чарба жаатында, ветеринарияда, косметологияда пайдаланылат. Жадагалса канаттууларга, аарыларга да берилери белгилүү. Мунун баары айланып келип эле адамга таасирин тийгизет. Ичеги-карында иммунитетти көтөрүп турган пайдалуу бактериялар бар. Антибиотик ашыкча колдонулса, ошол керектүү бактерияларды өлтүрүп, иммунитет түшөт. Андан кийин ал ичегини сезгентип, ич өтүүгө алып келет. Антибиотиктер аллергиялык ооруларга да кептейт жана кулактын угуусун начарлатат. Ушул өңдүү көп терс таасирлери бар.

Врач-эпидемиолог Республиканского центра укрепления здоровья Асел Акимбаева в офисе
© Фото / Андрей Новоселов
Асел Акымбаева: “Кымбат дары болчу, калтырбай ичип салайын” дегендер да бар. Антибиотикти туура эмес пайдалануу кооптуу жана бара-бара адамда дарыны тоготпогон ооруларды пайда кылат

Негизи бактериялар дароо эле дарыны тоготпой калбайт. Көп жолу туура эмес колдонуудан улам бара-бара оорунун туруктуу формалары келип чыгат. Мисалы, эртең менен дары ичүүнү унутуп калса, кечинде эки дозаны бир ичип алуу туура эмес. Маалы өтүп кетсе жок дегенде дары иче турган убакка үч саат калганда ичсе болот. Негизи ар кайсы антибиотиктин аралыгы ар кандай. Бул оорунун абалына жана түрүнө жараша болот.

— Биздин жарандар каалаган учурда, каалаган дарыны сатып ала берет. Буга көзөмөл жок. Мунун да зыяны тийип жатса керек?

— 2014-жылы “антибиотиктер башаламан сатылбасын” деген токтом чыккан. Бирок ал документ иш жүзүндө аткарылган жок. Анткени жеке менчик ишканаларды, дарыканаларды уруксатсыз текшерүүгө мораторий жарыяланган. Текшериле турган болсо 10 күн мурда кабардар кылып, анан баруу керек. Негизи дары-дармектердин рецепт менен сатылганы туура. Рецепт да оңдолуп кайра жазылбай, врачтын мөөрү менен болушу керек.

— Азыр аталышы жана баасы ар башка, бирок бир типтеги антибиотиктер кездешет. Бул дарылардын баасы анын сапатына таасир этеби?

— Негизи антибиотиктердин тогуз катары бар. Алардын сырткы кутусун өзгөртүп туруп эле айрым фармацевтикалык компаниялар акча жасап жатат десем болот. Баасында айырма болгону менен ички курамы бирдей эле, бирок дарыгер жазып жаткандан кийин алууга туура келет.

Врач-эпидемиолог Республиканского центра укрепления здоровья Асел Акимбаева в офисе
© Фото / Андрей Новоселов
Асел Акымбаева: антибиотик ашыкча колдонулса, ошол керектүү бактерияларды өлтүрүп, иммунитет түшөт. Андан кийин ал ичегини сезгентип, ич өтүүгө алып келет. Антибиотиктер аллергиялык ооруларга да кептейт жана кулактын угуусун начарлатат

— Дары-дармек алып жатып адам эмнеге көңүл бөлүшү керек?

— Антибиотик ичип жатканда дарыгер жазып берген дары тамактан кийинби же ага чейинби, көрсөтмөлөрүн карап, так аткарышыбыз керек. Негизи тоюп алып, антибиотик алган анчалык кооптуу эмес. Рационго сүт азыктарын кошуу туура болот. Алар биздеги керектүү бактерияларды калыбына келтирет. Айранда флораны калыбына келтирүүчү пайдалуу бактериялар бар.

161
Белгилер:
антибиотик, дары-дармек, дарыкана, Асел Акымбаева
Тема боюнча
Эпидемиолог Оторбаева: быйылкы сасык тумоо башкача
Балага ата-энесинин ажырашканы эки курагында өтө оор тиет. Психологдун маеги