Коёналиев Жоошбек Кармышович

Коёналиев Жоошбек Кармышович өмүр баяны

2
(жаңыланган 18:15 18.11.2021)
Жоошбек Коёналиев  1964-жылы 17-декбарда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айылында туулган.

Жогорку билимдүү. Фрунзе техникалык институтунун унаа жолдору факультетин аяктаган. Андан кийин Мамлекеттик юридикалык академияда билим алып, магистр даражасына ээ болгон.

Эмгек жолу:

  • 1992-2010 ― ИИМдин Мамлекеттик автомобиль инспекциясынын жол кыймылынын коопсуздугу башкармалыгында инспектор;
  • 2010-2012 ― Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинде адис;
  • 2014-2018 ― Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин директору.
2
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Социал-демократтар' партиясы
Депутаттыкка талапкердин өмүр баяны

Кенжебаев Аманкан Баатырбекович өмүр баяны

1
(жаңыланган 00:20 01.12.2021)
Аманкан Кенжебаев 1967-жылы 24-декабрда Сокулук районунун Дөң-Алыш айылында туулган. Жогорку билимдүү.

Билими:

  • 1987 ― Фрунзе совхозунун техникумун "зоотехник" адистиги боюнча бүтүргөн;
  • 2005 ― Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин аяктап, "экономист" кесибине ээ болгон.

Эмгек жолу:

  • 1987-1990 ― Советтик аскер-деңиз флотунда кызмат өтөгөн;
  • 1990 ― Ленин атындагы колхозунда ферманын эсепчиси;
  • 1991-1993 ― КР айыл чарба министрлигинде зоотехник;
  • 1993-1996 ― "Шорго" айыл чарба кооперативинин төрагасынын орун басары, андан кийин Кыргызпотребсоюзда кампа башчы;
  • 1997-1998 ― "Бек-Констракшн" фирмасында жабдуучу;
  • 1999-2001 ― Бишкек эркин экономикалык аймагында (СЭЗ) көзөмөлдөөчү, ага көзөмөлдөөчү, күзөт жетекчиси, көмөкчү чарбанын башкаруучусу, курулуш жана механизация бөлүмүнүн башчысы;
  • 2001-2003 ― "Арна" ЖЧКсынын башкы директор;
  • 2003-2004 ― "СЭЗ курулуш" ЖЧКсында башкы директор;
  • 2004-2008 — Ала-Арча айылдык кеңешинин депутаты;
  • 2008-2011 ― Военно-Антоновка айылдык кеңешинин депутаты;
  • 2005 ― "Баден-Сервис" курулуш компаниясында башкы директор;
  • 2011-2012 ―  "СЭЗ Бишкек" ЖЧКсынын директорунун орун басары;
  • 2012-2017 ― Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы ― аким;
  • 2020-жылдын ноябрынан 2021-жылдын май айына чейин Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы ― аким;
  • 2021-жыл, май-октябрь ― Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы ― аким;
  • 2021-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына №24 Сокулук шайлоо округунан катышып, алдын ала жыйынтык боюнча жеңишке жетти.
1
Белгилер:
Өмүр баяны, таржымал, Аманкан Кенжебаев
Тема боюнча
Ханджеза Карим Лемзарович — өмүр баяны
Ханджеза Карим Лемзарович

Ханджеза Карим Лемзарович өмүр баяны

28
(жаңыланган 18:44 30.11.2021)
Карим Ханджеза 1982-жылы 22-мартта Чүй облусунун Москва районундагы Александровка айылында туулган. Жогорку билимдүү.

Билими:

  • 1999-2003 ― Кыргыз-Россия Славян университетин "саясат таануу" адистиги боюнча бүтүргөн;
  • 2003-2004 ― Кыргыз-Россия Славян университетин ""саясат таануу" адистиги боюнча билим алып, магистр даражасына ээ болгон;
  • 2007-2010 ― Кыргыз-Россия Славян университетин "эл аралык укук" адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 2010 ― "Best of the best" компаниясынын юристи;
  • 2010-2012 ― "КР дунгандар ассоциациясы" коомдук бирикмесинин башкармалыгынын мүчөсү;
  • 2010-2012 ― "КР дунгандар ассоциациясы" коомдук бирикмесинин президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү.
  • 2010-2015 ― Жогорку Кеңештин депутатынын коомдук юридикалык кеңешчиси;
  • 2011 ― "Аврес" ЖЧКсынын юридикалык кеңешчиси;
  • 2012-2015 ― Александровка айылдык кеңешинин төрагасы;
  • 2012-2016 ― "КР дунгандар ассоциациясы" коомдук бирикмесинин жаштар саясаты боюнча вице-президенти;
  • 2013-2017 ― "Эки тамчы суу" ИСКАКБнын башкармалыгынын мүчөсү;
  • 2013-2017 ― "Кут Билим" ЖЧКсынын башкы директору;
  • 2016-жылдан ушул күнгө чейин "КР дунгандар ассоциациясы" коомдук бирикмесинин башкармалыгынын төрагасы.
  • 2020-жылдан тартып ишкердик менен алектенет (ИП Ханджеза К.Л.).
  • 2021-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына №23 Москва шайлоо округунан катышып, алдын ала жыйынтык боюнча жеңишке жетти.

Кыргыз, орус, англис, кытай, араб, өзбек тилдеринде эркин сүйлөйт. Эне тили — дунган тили.

28
Белгилер:
Өмүр баяны, таржымал, Москва району, Карим Ханджеза
Кыз. Иллюстративдик сүрөт

Дене себепсиз көгөрүп... Рактын чочулаткан белгиси айтылды

0
Дарыгерлердин айтымында, лейкоздун белгилери акырындык менен пайда болот. Кээ бир адамдарда бул оору таптакыр билинбей өрчүйт.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Денеде көгөргөн тактын пайда болушу ак кандан кабар бериши ыктымал. Бул тууралуу РИА Новости Express басылмасына таянып билдирди.

"Алгач алар кызыл так болуп көрүнөт. Андан соң түсүн өзгөртүп, карарат дагы ошол жер оорутуп баштайт. Аларды кара түстөгү териде байкоо оңой эмес", — деген медиктер.

Аталган онкологиялык оорунун башка белгилери: себепсиз арыктап, дененин ар кайсы жеринде шишик пайда болот, энтигүү, түнкүсүн тердөө, бүдүр чыгуу, сөөк, муундар ооруп, эс алган, уктаган учурда деле адам чарчап, өңү кубарып кетет.

Дарыгерлердин айтымында, лейкоздун белгилери акырындык менен пайда болот. Кээ бир адамдарда бул оору таптакыр билинбейт. Адистер азыр медицина өнүгүп, заманбап диагностика бар экенин айтып, дартты өз убагында аныктаса айыктырууга болорун белгилешкен.

0
Белгилер:
рак, ак кан, белги, дарыгер, оору, так
Тема боюнча
Мээни 11 жылга карытат. Ден соолукка зыян делген суусундук аталды
Инсультка кептейт. D витамини жетишпеген организм эмнеден жабыркайт