Алымбеков Замирбек Маданбекович — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба партии "Социал-демократы"Алымбеков Замирбек Маданбекович
Алымбеков Замирбек Маданбекович - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.11.2021
Жазылуу
Замирбек Алымбеков 1965-жылы 28-майда Баткен облусунда туулган. Жогорку билимдүү. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун агроном адистиги боюнча бүтүргөн. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин "укук таануу" адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолу:
  • 1987-1990 ― Калинин атындагы колхоздо агроном;
  • 1990-1993 ― Улуттук илимдер академиясынын эканомика институтунда аспирант;
  • 1993-1995 ― Айыл чарба министрлигинде жетектөөчү адис;
  • 1995-1997 ― "Бакай" АКнын Жалал-Абаддагы филиалында директор;
  • 1999-2000 ― "Айыл Булак" АК жана "Кыргыз Тамекиси" МАКта башкаруучулуктун төрагасынын орун басары;
  • 2000-2005 ― "Айыл Булак" АКсы жана "Кыргыз Тамекиси" МАКта башкаруучулуктун төрагасы;
  • 2005-2006 ― "ЖБИ 20" ЖАКсынын аткаруучу директору;
  • 2006-2008 ― Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттиктин жетекчиси;
  • 2010-2015 ― Жогорку Кеңештин депутаты;
  • 2019-2020 ― "Кыргыз алтын" ААКта директорлор кеңешинин мүчөсү.
Жаңылыктар түрмөгү
0