Улукбек Карыбек уулу

Улукбек Карыбек уулу өмүр баян

4
(жаңыланган 16:34 19.11.2021)
Улукбек Карыбек уулу 1990-жылы Ош облусунда туулган. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Башкаруу жана бизнес институтун "сапаттык башкаруу" адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 2011 — "Манас жаңырыгы" телеканалынын кабарчысы;
  • 2013 — "Түшүнүк" берүүсүнүн автору жана алып баруучусу;
  • 2013 — "Дил мүрөгү" маданий-адеп-ахлак борборунун менеджери;
  • 2016 — "Чоң-Алай" ишканасынын жетекчиси;
  • 2017 — "Марва" телеканалынын директору;
  • 2019-2021 — алтын кендериндеги жана "Коопсуз шаар" долбоорундагы коррупциялык схемалар боюнча журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзгөн.
4
Белгилер:
'Эл үмүтү' партиясы, Өмүр баяны, Улукбек Карыбек уулу
Өмүр баян

Абдибаева Айсара Нышановна өмүр баяны

12
(жаңыланган 20:06 01.12.2021)
Айсара Абдибаева 1965-жылы 18-августта Нарын шаарында туулган. Жогорку билимдүү. Кыргыз мамлекеттик экономикалык университетин "экономист" адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1984-1989 ― кампа кызматкери;
  • 1989-1994 ― Jany-Jol ATP башкы экономист;
  • 1995-1996 ― Мамлекеттик мүлк фондунун бухгалтердик эсеп боюнча адиси;
  • 1996-1997 ― "Кыргызстан" АКБнын Таш-Көмүрдөгү филиалында бухгалтердик эсеп боюнча адис;
  • 1999-2000 ― РСК банкында экономист, кийин банктын филиалында директор;
  • 2006-2007 ― "Кыргызпромстройбанк" ААКта кызматкер;
  • 2007-2010 ― "Аманбанк" ААКтын Оштогу филиалында аманат кассанын башчысы;

Үй-бүлөлүү, төрт баланын энеси.

 

12
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Ишеним' партиясы, Айсара Абдибаева
Өмүр баян

Жусупов Эмилбек Рамидинович өмүр баяны

7
(жаңыланган 13:16 01.12.2021)
Эмилбек Жусупов 1991-жылы 21-апрелде туулган. Жогорку билимдүү. Ош мамлекеттик юридикалык университетин бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 2014-2015 — "Дастан Курулуш" ЖЧКсында участок жетекчиси;
  • 2015-жыл, июнь-ноябрь ― "Дастан Курулуш" ЖЧКсынын техникалык директору;
  • 2015-2016 ― "Дастан Курулуш" ЖЧКсынын башкы директору;
  • 2016-2017 ― "Тагай Ата" ЖЧКсынын негиздөөчүсү жана башкы директору;
  • 2017-2018 ― "Эмаком" ЖЧКсынын башкы директору;
  • 2018-жылдан ушул күнгө чейин "Эмаком Холдинг" ЖЧКсынын президенти.
7
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Ишеним' партиясы, Эмилбек Жусупов
Спутник Лайт вакцинасы. Архив

Гинцбург: "Спутник Лайт" менен тамчылатма вакцинаны бирге колдонсо болот

0
(жаңыланган 17:15 02.12.2021)
Ноябрдын соңунда Владимир Путин кайрадан вакцина сайдырып, "Спутник Лайтты" тандаган. Ал эми көп убакыт өтпөй тамчылатма вакцина алган.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. "Спутник Лайт" менен коронавируска каршы таноого тамчылаткан вакцинаны аралаш колдонсо болот. Бул тууралуу Гамалея атындагы Эпидемиологиялык жана микробиология боюнча улуттук изилдөө борборунун окумуштуусу Александр Гинцбургдун айтканын РИА Новости жазды.

"Бул ден соолукка зыянын тийгизбейт", — деп кошумчалаган ал.

Октябрдын ортосунда Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги Гамалея борбору тарабынан иштелип чыккан SPRAY 08-Гам-КОВИД-Вак-2021 вакцинасынын клиникалык сыноолоруна уруксат бергени айтылган.

Гинцбург тамчылатма препараттын кыйыр таасири жоктугун билдирген. Анын орун басары Денис Логуновдун айтымында, бул дем алуу органдарында иммунитетти пайда кылып, ооруга кошумча тоскоолдук жаратууга багытталган процедура.

Ноябрдын соңунда Владимир Путин кайрадан вакцина сайдырып, "Спутник Лайтты" тандаган. Ал эми көп убакыт өтпөй тамчылатма вакцина алган.

"Оорутуп же оорутпаганы боюнча айтсам, эки саат мурда сайган, эч нерсе деле сезген жокмун. Баары кадыресе эле, абалым да күндөгүдөй", — деген Путин анда.

Путин COVID-19га каршы тамчылатма вакцинаны эксперимент жасоо боюнча ыктыярчыларды чакырган.

0
Белгилер:
Россия, Владимир Путин, Александр Гинцбург, вакцина
Тема:
"Спутник V" вакцинасы
Тема боюнча
"Кыйыр таасири жок": мурунга тамчылаткан вакцинанын коопсуз экени айтылды