Адилбек уулу Шумкарбек

Адилбек уулу Шумкарбек өмүр баяны

3
(жаңыланган 16:38 19.11.2021)
Шумкарбек Адилбек уулу 1986-жылы 19-февралда Бишкек шаарында туулган. Жогорку билимдүү. Бишкек финансы-экономикалык академиясын бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 2006 — "Сенти" каржы компаниясында консультант;
  • 2006-2007 ― "Ишкердикти өнүктүрүү фонду" ААКта адис, ички аудит бөлүмүнүн башчысы;
  • 2008 ― Жогорку Кеңештин депутатынын жардамчысы;
  • 2008-2009 ― "Креатив Маркетинг" ЖЧКсында финансист;
  • 2009-2010 ― "Толубай" банкында кенже экономист;
  • 2010-2011 ― "Ишкердикти өнүктүрүү фонду" ААКтын Кемин райондук бөлүмүндө директор;
  • 2011-2012 ― IPF ЖЧКсында аткаруучу директор;
  • 2012-2015 ― PS group ишканасында башкаруучу;
  • 2015-2018 ― Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин директорунун орун басары;
  • 2018-2020 — Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин директору;
  • 2021-жылдын февраль айынан бери "АМТ инвест" ЖЧКсынын директору.
3
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Социал-демократтар' партиясы, Шумкарбек Адилбек уулу
Өмүр баян

Абдибаева Айсара Нышановна өмүр баяны

66
(жаңыланган 20:06 01.12.2021)
Айсара Абдибаева 1965-жылы 18-августта Нарын шаарында туулган. Жогорку билимдүү. Кыргыз мамлекеттик экономикалык университетин "экономист" адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1984-1989 ― кампа кызматкери;
  • 1989-1994 ― Jany-Jol ATP башкы экономист;
  • 1995-1996 ― Мамлекеттик мүлк фондунун бухгалтердик эсеп боюнча адиси;
  • 1996-1997 ― "Кыргызстан" АКБнын Таш-Көмүрдөгү филиалында бухгалтердик эсеп боюнча адис;
  • 1999-2000 ― РСК банкында экономист, кийин банктын филиалында директор;
  • 2006-2007 ― "Кыргызпромстройбанк" ААКта кызматкер;
  • 2007-2010 ― "Аманбанк" ААКтын Оштогу филиалында аманат кассанын башчысы;

Үй-бүлөлүү, төрт баланын энеси.

 

66
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Ишеним' партиясы, Айсара Абдибаева
Өмүр баян

Жусупов Эмилбек Рамидинович өмүр баяны

11
(жаңыланган 13:16 01.12.2021)
Эмилбек Жусупов 1991-жылы 21-апрелде туулган. Жогорку билимдүү. Ош мамлекеттик юридикалык университетин бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 2014-2015 — "Дастан Курулуш" ЖЧКсында участок жетекчиси;
  • 2015-жыл, июнь-ноябрь ― "Дастан Курулуш" ЖЧКсынын техникалык директору;
  • 2015-2016 ― "Дастан Курулуш" ЖЧКсынын башкы директору;
  • 2016-2017 ― "Тагай Ата" ЖЧКсынын негиздөөчүсү жана башкы директору;
  • 2017-2018 ― "Эмаком" ЖЧКсынын башкы директору;
  • 2018-жылдан ушул күнгө чейин "Эмаком Холдинг" ЖЧКсынын президенти.
11
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Ишеним' партиясы, Эмилбек Жусупов
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. Архив

Акылбек Жапаров үй-бүлөсү менен батирде жашап, 7 унаа айдайт. Декларация

124
(жаңыланган 16:08 06.12.2021)
Өкмөт башчынын аянты 77,5 чарчы метрди түзгөн бир гана батири бар. Чыгымдары жана башка мүлкү тууралуу жазылган эмес.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров былтыр 815 357 миң сом киреше тапкан. Бул туурасында анын Салык кызматына тапшырган декларациясында көрсөтүлөт.

Өкмөт башчынын аянты 77,5 чарчы метрди түзгөн бир гана батири бар. Чыгымдары жана башка мүлкү тууралуу жазылган эмес.

Ал эми жакын туугандары өткөн жылы 96 миллион 745 миң 719 сом пайда тапкан. Алар беш контейнер жана жети автоунаага ээлик кылат.

Контейнерлери жана аянты:

  • Контейнер — 22,7 чарчы метр;
  • Контейнер — 1026,6;
  • Контейнер — 192;
  • Контейнер — 1021,7;
  • Контейнер — 67,6.

Автоунаалары:

  • Mercedes-Benz 210;
  • Mercedes-Benz 410;
  • Mercedes-Benz 409;
  • Mercedes-Benz 208;
  • Mercedes-Benz 811;
  • Mercedes-Benz 7100;
  • Mercedes-Benz 308.
124
Белгилер:
Акылбек Жапаров, декларация, автоунаа, контейнер
Тема боюнча
Садыр Жапаров жана анын үй-бүлөсү кандай мал-мүлккө ээлик кылары жарыяланды
Карылар жана балдар үйүндө жашагандардын тамактануусуна 2 эсе көп акча бөлүнөт