Сагынаев Болот Турусбекович

Сагынаев Болот Турусбекович өмүр баяны

2
(жаңыланган 16:42 19.11.2021)
Болот Сагынаев 1989-жылдын 4-мартында туулган. 2016-жылы Инновациялык технологиялар боюнча эл аралык университетти маалыматтык системалар жана технологииялар кесиби боюнча аяктаган. 2019-жылы Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 2010-2016 — жүк ташуу тармагында жеке ишкер;
  • 2016 — жер-жемиш экспорттоо жаатында жеке ишкер;
  • 2017 — "Пикассо" ЖЧКсынын экспорт боюнча адиси;
  • 2019 — "Пикассо" ЖЧКсынын коммерциялык директору.
2
Белгилер:
'Эл үмүтү' партиясы, Өмүр баяны, Болот Сагынаев
Бактыгүл Иманбек кызы

Бактыгүл Иманбек кызы өмүр баяны

8
(жаңыланган 18:27 29.11.2021)
Бактыгүл Иманбек кызы 1986-жылдын 14-апрелинде Бишкек шаарында туулган. 2010-жылы Кыргыз улуттук университетин лингвист-котормочу адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 2006-2008 — "Эклектик" ЖЧКсында француз тилинен котормочу;
  • 2007-2008 — Aliya Study and Travel туристтик фирмасында котормочу;
  • 2011 — "Эклектик" ЖЧКсында француз тили мугалими;
  • 2012-2017 — Mira Study ЖЧКсын негиздеп, жетектеген;
  • 2017-2019 — "Эларад" туристтик фирмасында гид-котормочу;
  • 2019 — "Миракл Лайф" окуу борборун негиздеген.

Кийин КР президентинин администрациясында эксперт болуп эмгектенген.

2021 — Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоого "Эл үмүтү" партиясынын катарында катышкан.

8
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Эл үмүтү' партиясы, Бактыгүл Иманбек кызы
Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевич

Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевич өмүр баяны

7
(жаңыланган 13:58 29.11.2021)
Акылбек Түмөнбаев 1972-жылы Ысык-Көл облусунун Кең-Суу айылында туулган. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция факультетин жана Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академияны бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 1992 — "Дизайн" биргелешкен ишканасынын каттоо долбоорунун кызматкери;
  • 1994-1995 — Ички иштер министрлигинин штаб башчысы;
  • 1995-2001 — Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын ыкчам-иликтөө бөлүмүнүн стажер-оператору;
  • 2001-2002 — Финансы министрлигинин Финансы полициясында бажылык укук бузууларга каршы күрөшүү боюнча ыкчам-тергөө бөлүмүнүн стажер-оператору;
  • 2002-2003 — Финансы полициясынын региондор аралык башкармалыгынын опер кызматкери;
  • 2005-2008 — Финансы министрлигинин Финансы полициясынын кадрлар боюнча адиси;
  • 2009-2012 — Өкмөткө караштуу Мамлекеттик финансы полициясынын кызматкери;
  • 2016-жылы Эсеп палатасынын аудитору;
  • 2021-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарын шайлоого №35 Ак-Суу шайлоо округунан катышып, алдын ала жыйынтык боюнча жеңишке жетти.
7
Белгилер:
Акылбек Түмөнбаев, шайлоо, депутат, таржымал
Чай. Архив

Чайды өтө кызыл демдеп ичпеш керек. Эндокринологдун кеңеши

0
Эндокринолог кайсы бир дарыны, маселен, канды суюлтуу үчүн аспирин ичип жаткандарга да кызыл демделген чайды сунуштаган эмес.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Эндокринолог, диетолог Оксана Михалева кимдерге чай ичкенге болбой турганын айтты. Адистин кеңеши "Известия" басылмасына жарыяланды.

Эндокринолог чайдын курамында полифенол (катехиндер, теафлавиндер,флавоноиддер), амин кычкылы, A, C, K, β-каротин витаминдери, органикалык кычкылдар, липид, белок, углевод, кофеин, фтор, бор, кобальт, жез, марганец жана цинк сыяктуу микронутриенттер бар экенин айтып, ал микробго каршы таасир эте аларын, антиоксиндат экенин белгилеген. Холестеринди түшүрүүгө да жардам берет.

Ошол эле учурда медик аны көп ичүү зыян экенин эскерткен.

"Кызыл демделген чайды көп ичүү өзгөчө ашказанды оорутуп, жүрөктү айлантып, ичти катырышы ыктымал. Ошондой эле боорду бузуп, нерв системасына, уйкуга терс таасирин тийгизиши мүмкүн", — деди адис.

Мындан улам Михалева аритмия, жүрөк оору, депрессия, кант диабети, гипертония, бөйрөк оорусу менен жабыркагандар, ашказанда жарасы барлар, он эли ичегиси ооругандар, боорунда өнөкөт дарты барларга кызыл демделген чайды сунуштаган эмес. Анткени бул учурда мындай илдети барлардан кан кетиши ыктымал.

Эндокринолог кайсы бир дарыны, маселен, канды суюлтуу үчүн аспирин ичип жаткандарга да чайды өтө кызыл демдеп ичпеш керектигин эскерткен. Бул учурда дагы кан кетиши мүмкүн.

0
Белгилер:
эндокринолог, чай, эскертүү, алдын алуу, жүрөк, оору
Тема боюнча
Адис чарчоону чакырган тамактарды санап берди
Дарыгер эмнеге кеңсе жумушу адамды стресске кептей турганын айтты
Дарыгер күз-кышта адам эмнеге уйкусурап, чарчай берерин айтып берди