Малтаева Кундус Бейшеновна

Малтаева Кундус Бейшеновна өмүр баяны

3
(жаңыланган 18:55 19.11.2021)
Кундус Малтаева 1964-жылы 20-ноябрда Чүй облусунда туулган. Жогорку билимдүү. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетин бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 1982-1987 ― тигүү фабрикасында жумушчу;
  • 1999-1998 ― Кант шаарындагы спорттук товарларды саткан дүкөндө бөлүм башчы;
  • 1998-2012 ― жеке ишкер;
  • 2012-2021 ― Кант шаардык кеңешинин депутаты.
3
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Социал-демократтар' партиясы, Кундус Малтаева
Бактыгүл Иманбек кызы

Бактыгүл Иманбек кызы өмүр баяны

8
(жаңыланган 18:27 29.11.2021)
Бактыгүл Иманбек кызы 1986-жылдын 14-апрелинде Бишкек шаарында туулган. 2010-жылы Кыргыз улуттук университетин лингвист-котормочу адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 2006-2008 — "Эклектик" ЖЧКсында француз тилинен котормочу;
  • 2007-2008 — Aliya Study and Travel туристтик фирмасында котормочу;
  • 2011 — "Эклектик" ЖЧКсында француз тили мугалими;
  • 2012-2017 — Mira Study ЖЧКсын негиздеп, жетектеген;
  • 2017-2019 — "Эларад" туристтик фирмасында гид-котормочу;
  • 2019 — "Миракл Лайф" окуу борборун негиздеген.

Кийин КР президентинин администрациясында эксперт болуп эмгектенген.

2021 — Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоого "Эл үмүтү" партиясынын катарында катышкан.

8
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Эл үмүтү' партиясы, Бактыгүл Иманбек кызы
Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевич

Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевич өмүр баяны

7
(жаңыланган 13:58 29.11.2021)
Акылбек Түмөнбаев 1972-жылы Ысык-Көл облусунун Кең-Суу айылында туулган. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция факультетин жана Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академияны бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 1992 — "Дизайн" биргелешкен ишканасынын каттоо долбоорунун кызматкери;
  • 1994-1995 — Ички иштер министрлигинин штаб башчысы;
  • 1995-2001 — Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын ыкчам-иликтөө бөлүмүнүн стажер-оператору;
  • 2001-2002 — Финансы министрлигинин Финансы полициясында бажылык укук бузууларга каршы күрөшүү боюнча ыкчам-тергөө бөлүмүнүн стажер-оператору;
  • 2002-2003 — Финансы полициясынын региондор аралык башкармалыгынын опер кызматкери;
  • 2005-2008 — Финансы министрлигинин Финансы полициясынын кадрлар боюнча адиси;
  • 2009-2012 — Өкмөткө караштуу Мамлекеттик финансы полициясынын кызматкери;
  • 2016-жылы Эсеп палатасынын аудитору;
  • 2021-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарын шайлоого №35 Ак-Суу шайлоо округунан катышып, алдын ала жыйынтык боюнча жеңишке жетти.
7
Белгилер:
Акылбек Түмөнбаев, шайлоо, депутат, таржымал
Ооруканадагы дарыгерлер. Архив

Кечээтен бери коронавирус үч адамдын өмүрүн алды

6
(жаңыланган 09:34 30.11.2021)
Бир сутка ичинде эмдөөдөн 10 260 адам өтүп, анын ичинен 5 803ү биринчи дозаны алса, 4 457 адам экинчисин сайдырды.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Өткөн суткада 66 адамдан коронавирус табылып, 118 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 19;
  • Чүй облусу – 30;
  • Ош облусу – 4;
  • Талас облусу – 1;
  • Жалал-Абад облусу – 5;
  • Баткен облусу – 7.

Өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 183 351ге жетти. Анын ичинен 178 230 адам дартты жеңген. Тилекке каршы, оору бир сутка ичинде үч адамдын өмүрүн алып, жалпы 2 746 адам дарттын курмандыгы болду.

Азыркы учурда стационарда 405, ал эми амбулатордук шартта 488 адам дарыланып жатат. Өткөн сутка ичинде эмдөөдөн 10 260 адам өтүп, анын ичинен 5 803ү биринчи дозаны, 4 457 адам экинчи компонентин алган.

6
Белгилер:
Кыргызстан, коронавирус, оору, бейтап, статистика
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус
Тема боюнча
Кыргызстанга кирүүдө 1-декабрдан тарта ПЧР-тест талап кылынат
Жугуштуу илдеттер ооруканасы эми COVID жуктургандарды кабыл албайт