Борончиев Алик Дайырбекович

Борончиев Алик Дайырбекович өмүр баяны

0
(жаңыланган 10:52 22.11.2021)
Алик Борончиев 1985-жылы 1-январда Нарын облусунда туулган. Жогорку билимдүү. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетин "финансист" адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 2008-2009 ― "Компаньон Банкы" ЖАКта насыя боюнча адис;
  • 2009-жылдан бери "Бай-Түшүм" банкы ЖАКта насыя бөлүмүнүн башчысы.
0
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Социал-демократтар' партиясы, Алик Борончиев
Бакиров Таалайбек Октябревич

Бакиров Таалайбек Октябревич өмүр баяны

4
(жаңыланган 17:03 26.11.2021)
Таалайбек Бакиров 1977-жылы 29-октябрда Чүй облусунун Москва районундагы Предтеченка айылында туулган.

Жогорку билимдүү. И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин "инженер-электрик" адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 1995-2005 — "Тынай" дыйкан чарбасында жумушчу;
  • 2009 — "Түндүк электр" ААКта МРЭСтин үйрөнчүк контролёру;
  • 2010-жыл, февраль — "Түндүк электр" ААКта МРЭСтин контролёру;
  • 2010-жыл, сентябрь — "Түндүк электр" ААКта МРЭСтин улук инспектору;
  • 2014 — "Түндүк электр" ААКта МРЭСтин энергияны сатуу бөлүмүнүн башчысы, РЭС жетекчисинин орун басары;
  • 2015 — "Түндүк электр" ААКта улук инспектор;
  • 2020-2021 — "Түндүк электр" ААКта МРЭС жетекчиси;
  • 2021-жылдын август айынан бери "Түндүк электр" ААКтын Панфилов району боюнча энергия сатуу бөлүмүнүн башчысы.
4
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Ынтымак' партиясы, Таалайбек Бакиров
Базаралиев Абдижалил Кермалиевич

Базаралиев Абдижалил Кермалиевич өмүр баяны

0
(жаңыланган 17:01 26.11.2021)
Абдижалил Базаралиев 1969-жылы 11-январда туулган. Жогорку билимдүү. Кыргыз-өзбек жогорку технологиялык колледжин "бухгалтердик эсеп, чарбалык ишти контролдоо жана талдоо" адистиги боюнча бүтүргөн.

Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинде "юриспруденция" адистиги боюнча билим алган. Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын "эл аралык мамилелер" адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1990-1996 —"Прополис" ЖЧКсынын директору;
  • 1996-1999 — "Интерпром" ЖЧКсында эксперт-экономист;
  • 199-2001 — "Мостовик" бейөкмөт уюмдун төрагасы;
  • 2001-2004 — "Хемко-Кыргызстан" ЖЧКсынын юрист-экономисти (Москва);
  • 2005-2008 — "Мостовик Бишкек" ЖЧКсынын башкы директору;
  • 2020-2021 — "Акча рыногунун биржасы" АКтын директору;
  • 2009-жылдан бери адвокат.
0
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Ынтымак' партиясы, Абдижалил Базаралиев
Айыл чарба министрлигинин айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин башкы агроном-биологу Бермет Иманбаева

Иманбаева: үрөн селекциясында жапайы өсүмдүктөрдүн келечеги кең

0
Айыл чарба министрлигинин айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин башкы агроном-биологу Бермет Иманбаева селекциялоодо жапайы өсүмдүктөрдүн мааниси тууралуу айтып берди.

Үрөн селекциясында жапайы өсүмдүктөрдүн келечеги кең. Анткени алар өлкөдөгү климатка ыңгайлуу, ооруларга каршы туруктуу болушат. Бул тууралуу Бермет Иманбаева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Иманбаева: үрөн селекциясында жапайы өсүмдүктөрдүн келечеги кең

Анын айтымында, өлкөнүн био-түрдүүлүгүн изилдөө үчүн чет мамлекеттерден экспедициялар келип турат.

"Генетикалык банкта айыл чарба өсүмдүктөрү менен бирге алардын жапайы түрлөрү дагы сакталат. Анткени жапайы түрү селекциялоодо маданий өсүмдүктүн жакын түрү болуп саналат. Кыйыштырганда жапайы түрүнүн гени дал келип жакшы сортторду чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошондой эле жапайы түрлөрү өлкөдөгү климатка ыңгайлуу, ооруларга каршы туруктуу болушат. Үрөн селекциясында булардын келечеги кең. Селекцияны өнүктүрүү, өлкөнүн пайдасына колдонуу үчүн өсүмдүктөрдүн жапайы түрлөрү эң чоң байлык болуп эсептелет. Анын үстүнө Кыргызстанда маданий өсүмдүктөрдүн жапайы түрлөрү абдан көп. Ошондуктан башка мамлекеттерден экспедициялар келип, изилдешет. Себеби алар өздөрүнүкүн жоготуп алышкан", — деди Иманбаева.

Ошондой эле ал өлкөнүн климаты ар кандай өсүмдүктөрдүн түрлөрүнө ыңгайлуу экенин кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:

0
Белгилер:
үрөн, өсүмдүктөр, дыйкан, Бермет Иманбаева
Тема боюнча
Кыргызстанда сактоодогу үрөндөрдүн коллекциялары жаңыртылат