Мамбетова Масудахан Жакыповна — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба партии "Социал-демократы"Мамбетова Масудахан Жакыповна
Мамбетова Масудахан Жакыповна - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2021
Жазылуу
Масудахан Мамбетова 1967-жылы 10-майда туулган. Жогорку билимдүү. К.И. Скрябин атындагы Москва ветеринардык академиясын "товар таануу" адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолу:
  • 1984-1985 ― Ала-Бука райондук Бүткүл союздук лениндик коммунисттик жаштар союзунда катчы;
  • 1991-1998 ― Кесиптик-техникалык окуу жайда өндүрүштүк билим боюнча мастер;
  • 1997-1998 ― "Санам" тигүү цехинде жетекчи;
  • 1999-2020 ― Айылдык кеңеш берүү кызматында райондук кеңешчи;
  • 2002-2006 ― "Сузак" айылдык кеңеш берүү кызматында райондук кеңешчи;
  • 2006 ― Германия эл аралык кызматташтык коомунун (GTZ) өнүктүрүү боюнча консультанты;
  • 2009-2014 ― "ТСК Казынасы" кредиттик уюмунда насыя боюнча комитеттин төрайымы;
  • 2014-2015 ― Кесиптик лицейде техникалык билим боюнча мастер;
  • 2015-жылдан бери "Ала-Бука" айылдык кеңеш берүү кызматында райондук кеңешчи, жеке ишкер.
Жаңылыктар түрмөгү
0