Депутаттыкка талапкердин өмүр баяны

Алибаева Венера Курсановна өмүр баяны

4
(жаңыланган 19:16 22.11.2021)
Венера Алибаева 1977-жылы 20-августта Ош облусунда туулган. Жогорку билимдүү. Ош мамлекеттик университетин "юриспруденция" адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 2001-2002 ― "Кыргызтелеком" ААКтын Баткендеги филиалында инженер;
  • 2002-2003 ― "Кыргызтелеком" ААКтын Оштогу филиалында оператор;
  • 2003-2009 ― жеке ишкер;
  • 2012-2016 ― Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты;
  • 2016-2021 ― Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты.
4
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Социал-демократтар' партиясы, Венера Алибаева
Тема боюнча
Жумашов Дамирбек Толосунович — өмүр баяны
Давлянов Дамирбек Тайырбекович

Давлянов Дамирбек Тайырбекович өмүр баяны

1
(жаңыланган 16:23 28.11.2021)
Дамирбек Давлянов 1986-жылдын 21-мартында Ош облусунун Шарк айылында туулган. 2007-жылы ИИМ академиясын аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 2007-2009 — Ош шаардык милициясынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкери;
  • 2009-2010 — Ош шаардык милициясынын уюшкан кылмыштуулукка каршы бөлүмүнүн ыкчам кызматкери;
  • 2010-2011 — ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматынын ыкчам кызматкери;
  • 2011-2013 — Ош шаардык милициясынын уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн жетекчиси;
  • 2013 — ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы башкармалыгынын жетекчиси;
  • 2014 — Ленин райондук (Бишкек) милициясынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы;
  • 2014-2017 — ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы башкармалыгынын жетекчиси;
  • 2017 — ИИМдин крималдык милиция кызматынын Үчүнчү башкармалыгынын начальниги;
  • 2017-2018 — КР ИИМдин запасына чыгарылган.
1
Белгилер:
'Эл үмүтү' партиясы, Өмүр баяны, Дамирбек Давлянов
Тема боюнча
Ташматов Алибек Айтбекович — өмүр баяны
Ташматов Алибек Айтбекович

Ташматов Алибек Айтбекович өмүр баяны

2
(жаңыланган 15:57 28.11.2021)
Алибек Ташматов 1993-жылдын 10-февралында туулган. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясын педагогика факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 2008 — күрөш боюнча өспүрүмдөр арасындагы КР чемпионатында 1-орун;
  • 2008 — Самарканд шаарынын кубогунда өспүрүмдөр арасында 1-орун;
  • 2008 — Б. Сайтиев атындагы эл аралык мелдеште 1-орун;
  • 2009 — күрөш боюнча өспүрүмдөр арасындагы КР биринчилигинде 1-орун;
  • 2009 — күрөш боюнча өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионатында (Индия) 3-орун;
  • 2010 — күрөш боюнча өспүрүмдөр арасындагы КР биринчилигинде 1-орун;
  • 2010 — күрөш боюнча Азия чемпионатында (Таиланд) 2-орун;
  • 2011 — күрөш боюнча жаштар арасындагы КР биринчилигинде 1-орун;
  • 2012 — күрөш боюнча жаштар арасындагы КР биринчилигинде 1-орун, ошол эле жылы Казакстанда өткөн Азия чемпионатында 3-орун;
  • 2012 — күрөш боюнча чоңдор арасындагы КР биринчилигинде 1-орун;
  • 2013 — күрөш боюнча чоңдор арасындагы КР биринчилигинде 3-орун;
  • 2014 — күрөш боюнча жаштар арасындагы КР биринчилигинде 1-орун;
  • 2018 — күрөш боюнча жаштар арасындагы КР биринчилигинде 1-орун;
  • 2015-жылдан тарта эркин күрөш боюнча машыктыруучу.
2
Белгилер:
'Эл үмүтү' партиясы, Өмүр баяны
Россиянын федералдык жыйынынын Мамлекеттик Думасынын КМШ иштери, евразиялык интеграция жана мекендештер менен байланыш боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Казбек Тайсаев

Байкоочу: башка мамлекеттер Кыргызстандын шайлоо системасын киргизиши керек

25
Чет элдик байкоочу Россияда добуштарды кайталап саноо үчүн соттун чечими керек экенин, ал эми Кыргызстанда бул мыйзам жүзүндө жолго коюлганын белгиледи.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Автоматтык түрдө санаган электрондук урнанын (АСУ) эсебинин негизинде чыгарылган шайлоонун болжолдуу жыйынтыгынан кийин кол менен кайра эсептөө гана шайлоонун 100 пайыз ачыктыгын камсыздай алат. Бул тууралуу Россиянын федералдык жыйынынын Мамлекеттик Думасынын КМШ иштери, евразиялык интеграция жана мекендештер менен байланыш боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Казбек Тайсаев билдирди.

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын байкоочуларынын брифингине катышты.

"Кыргызстанда шайлоо биометрикалык маалыматтарды колдонуу менен өтүүдө. Добуш берүү бүткөндөн кийин комиссия мүчөлөрү бюллетендерди кайра санашат. Мунун баары шайлоонун 100 пайыз айкындуулугун камсыздайт. Бул башка мамлекеттер үйрөнө турчу нерсе. Силер киргизген системаны колдонсо болот", — деген Тайсаев.

Ал белгилегендей, Россияда дагы добуштарды электрондук түрдө санаган жабдык иштейт, бирок андан алынган маалыматтар текшерилбейт. Кайра саноо үчүн соттун чечими керек. Кыргызстанда бул мыйзам жүзүндө жолго коюлган.

Тайсаев парламенттик шайлоону уюштурууга жогорку деңгээлде баа берип, добуш берүүчүлөргө бардык шарттар түзүлгөнүн кошумчалады.

25
Белгилер:
Кыргызстан, шайлоо, байкоочу, система
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо
Тема боюнча
Бишкекте парламенттик шайлоонун жүрүшүн көрсөткөн 15 сүрөт
Бекматов: парламенттик шайлоого элдин катышуусу төмөн болууда