Осмоналиев Тагир Бахтыбекович

Осмоналиев Тагир Бахтыбекович өмүр баяны

1
(жаңыланган 13:09 23.11.2021)
Тагир Осмоналиев 1987-жылы 21-ноябрда туулган. Жогорку билимдүү. Бишкек гуманитардык университетин "коомчулук менен байланыш" адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 2011-2012 — "Жеңиш Туусу — Знамя Победы" райондук гезитте кабарчы;
  • 2013-2016 — "Кыргызстандагы балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын илгерилетүү боюнча өкмөттүк эмес уюмдар ассоциациясында" коомчулук менен байланыш адиси;
  • 2016-2019 — "Таза шайлоо" ассоциациясынын аткаруучу директору;
  • 2020-жылдан тартып жеке ишкер.
1
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Социал-демократтар' партиясы, Тагир Осмоналиев
Өмүр баян

Абдибаева Айсара Нышановна өмүр баяны

70
(жаңыланган 20:06 01.12.2021)
Айсара Абдибаева 1965-жылы 18-августта Нарын шаарында туулган. Жогорку билимдүү. Кыргыз мамлекеттик экономикалык университетин "экономист" адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1984-1989 ― кампа кызматкери;
  • 1989-1994 ― Jany-Jol ATP башкы экономист;
  • 1995-1996 ― Мамлекеттик мүлк фондунун бухгалтердик эсеп боюнча адиси;
  • 1996-1997 ― "Кыргызстан" АКБнын Таш-Көмүрдөгү филиалында бухгалтердик эсеп боюнча адис;
  • 1999-2000 ― РСК банкында экономист, кийин банктын филиалында директор;
  • 2006-2007 ― "Кыргызпромстройбанк" ААКта кызматкер;
  • 2007-2010 ― "Аманбанк" ААКтын Оштогу филиалында аманат кассанын башчысы;

Үй-бүлөлүү, төрт баланын энеси.

 

70
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Ишеним' партиясы, Айсара Абдибаева
Өмүр баян

Жусупов Эмилбек Рамидинович өмүр баяны

12
(жаңыланган 13:16 01.12.2021)
Эмилбек Жусупов 1991-жылы 21-апрелде туулган. Жогорку билимдүү. Ош мамлекеттик юридикалык университетин бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 2014-2015 — "Дастан Курулуш" ЖЧКсында участок жетекчиси;
  • 2015-жыл, июнь-ноябрь ― "Дастан Курулуш" ЖЧКсынын техникалык директору;
  • 2015-2016 ― "Дастан Курулуш" ЖЧКсынын башкы директору;
  • 2016-2017 ― "Тагай Ата" ЖЧКсынын негиздөөчүсү жана башкы директору;
  • 2017-2018 ― "Эмаком" ЖЧКсынын башкы директору;
  • 2018-жылдан ушул күнгө чейин "Эмаком Холдинг" ЖЧКсынын президенти.
12
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Ишеним' партиясы, Эмилбек Жусупов
Автоунаанын фонунда дарак бутактарындагы кар

Шейшембиге карата аба ырайы

0
7-декабрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Шейшембиде күндүз тоолуу райондордо кар жаап, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй аймагында +7...+12, Талас өрөөнүндө +6...+11, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +8...+13, Ысык-Көлдө +2...+7, Теңир-Тоодо 0...-5 градуска чейин суук болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +9...+11, Ош шаарында +11...+13 градуска чейин көтөрүлөт.

0
Белгилер:
аба ырайы, декабрь, Кыргызстан
Тема боюнча
"Түндүк электр" 5,6 миңден ашуун абоненттин жарыгын өчүрөт