Өмүр баян

Акбулатова Зара Султановна өмүр баяны

1
(жаңыланган 13:21 23.11.2021)
Зара Акбулатова 1966-жылы 15-августта Чүй облусунда туулган. Жогорку билимдүү. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин "математика" адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 1988-1989 — Новопавловка айылындагы №2 орто мектепте математика мугалими;
  • 1990 — бала бакчада тарбиячы;
  • 1992-1996 — КР Илимдер академиясында улук лаборант;
  • 1966-1988 — КР Илимдер академиясында кенже илимий кызматкер;
  • 2001-2008 — КР Илимдер академиясында адис;
  • 2008-2010 — Борборлоштурулган китепкана системасынын библиографы.
1
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Социал-демократтар' партиясы, Зара Акбулатова
Өмүр баян

Абдибаева Айсара Нышановна өмүр баяны

68
(жаңыланган 20:06 01.12.2021)
Айсара Абдибаева 1965-жылы 18-августта Нарын шаарында туулган. Жогорку билимдүү. Кыргыз мамлекеттик экономикалык университетин "экономист" адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1984-1989 ― кампа кызматкери;
  • 1989-1994 ― Jany-Jol ATP башкы экономист;
  • 1995-1996 ― Мамлекеттик мүлк фондунун бухгалтердик эсеп боюнча адиси;
  • 1996-1997 ― "Кыргызстан" АКБнын Таш-Көмүрдөгү филиалында бухгалтердик эсеп боюнча адис;
  • 1999-2000 ― РСК банкында экономист, кийин банктын филиалында директор;
  • 2006-2007 ― "Кыргызпромстройбанк" ААКта кызматкер;
  • 2007-2010 ― "Аманбанк" ААКтын Оштогу филиалында аманат кассанын башчысы;

Үй-бүлөлүү, төрт баланын энеси.

 

68
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Ишеним' партиясы, Айсара Абдибаева
Өмүр баян

Жусупов Эмилбек Рамидинович өмүр баяны

12
(жаңыланган 13:16 01.12.2021)
Эмилбек Жусупов 1991-жылы 21-апрелде туулган. Жогорку билимдүү. Ош мамлекеттик юридикалык университетин бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 2014-2015 — "Дастан Курулуш" ЖЧКсында участок жетекчиси;
  • 2015-жыл, июнь-ноябрь ― "Дастан Курулуш" ЖЧКсынын техникалык директору;
  • 2015-2016 ― "Дастан Курулуш" ЖЧКсынын башкы директору;
  • 2016-2017 ― "Тагай Ата" ЖЧКсынын негиздөөчүсү жана башкы директору;
  • 2017-2018 ― "Эмаком" ЖЧКсынын башкы директору;
  • 2018-жылдан ушул күнгө чейин "Эмаком Холдинг" ЖЧКсынын президенти.
12
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Ишеним' партиясы, Эмилбек Жусупов
Милиция кызматкерин фуражкасы. Архив

Бишкектин Октябрь райондук милиция кызматкери издөөгө алынды. Сүрөт

0
(жаңыланган 19:40 06.12.2021)
УКМКга кайрылган жаран милиционер кызматтык абалынан пайдаланып алдоо жолу менен анын 135 000 долларын ээлеп алганын билдирген.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерине издөө жарыялады. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

С.Р. аттуу милиционер алдамчылыкка шектелүүдө.

  • Объявленный в розыск милиционер Октябрьского УВД. 06 декабря 2021 года
    Маалыматка ылайык, УКМКга О.А. аттуу жаран кайрылып, аты аталган милиционер кызматтык абалынан пайдаланып алдоо жолу менен анын 135 000 долларын ээлеп алганын билдирген
    © Фото / пресс-служба ГКНБ КР
  • Объявленный в розыск милиционер Октябрьского УВД. 06 декабря 2021 года
    Тартип коргоо органынын өкүлү ар кандай шылтоолор менен ал каражатты кайтарып бербей жаткандыгы тууралуу арыз жазган
    © Фото / пресс-служба ГКНБ КР
1 / 2
© Фото / пресс-служба ГКНБ КР
Маалыматка ылайык, УКМКга О.А. аттуу жаран кайрылып, аты аталган милиционер кызматтык абалынан пайдаланып алдоо жолу менен анын 135 000 долларын ээлеп алганын билдирген

Маалыматка ылайык, УКМКга О.А. аттуу жаран кайрылып, аты аталган милиционер кызматтык абалынан пайдаланып алдоо жолу менен анын 135 000 долларын ээлеп алганын билдирген. Тартип коргоо органынын өкүлү ар кандай шылтоолор менен ал каражатты кайтарып бербей жаткандыгы тууралуу арыз жазган.

"Бул факт боюнча УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту жана 4-пункту ("Кызматтык абалынан пайдаланып өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык") менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган. С.Р. издөөгө алынып, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы (сыртынан) тандалды. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Атайын кызмат бул адамдан жабыркаган жарандар болсо (0312) 66-04-75 нөөмөт кызматынын телефонуна, 0702233243 WhatsApp номерине, ошондой эле күнү-түнү иштеген аймактык башкармалыктарга (ишеним телефондору) кайрылууну өтүнөт:

  • Чүй облусу: (0312) 54-07 19:
  • Жалал-Абад облусу: (03722) 5-60-49;
  • Ош облусу: (03222) 2-30-78;
  • Ысык-Көл облусу: (03922) 5-11-80;
  • Талас облусу: (03422) 5-20-43;
  • Нарын облусу: (03522) 5-08-49;
  • Баткен облусу: (03622) 5-00-33.
0
Белгилер:
УКМК, милиция, алдамчылык, шектүү, издөө
Тема боюнча
ИИМ: Москвада ишкерлерди 33 миң долларга алдап, таптырбай жүргөн киши кармалды
УКМК салыкчылар менен Транспорт министрлигинин кызматкерлерин кармады