Мажитова Шарапаткан

Мажитова Шарапаткан өмүр баяны

78
(жаңыланган 18:13 23.11.2021)
Шарапаткан Мажитова 1955-жылы 24-июнда Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда туулган. Жогорку билимдүү. Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин аяктаган. Кийин ушул эле университеттен "юрист" адистиги боюнча диплом алган.

Эмгек жолу:

  • 1979-1993 — Аксы районунун Кербен айылындагы орто мектепте тарых сабагынан мугалим;
  • 1995-2000 — Бажы тармагында юрист;
  • 2000-2004 — "Тилла Жол" ЖЧКсынын ээси жана түзүүчүсү;
  • 2004-2008 — "Ажы Акбар" ЖЧКсында директор;
  • 2013-жылдан бери "Модерн Стиль" ЖЧКсынын башкы директору;
78
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Ынтымак' партиясы, Шарапаткан Мажитова
Бактыгүл Иманбек кызы

Бактыгүл Иманбек кызы өмүр баяны

8
(жаңыланган 18:27 29.11.2021)
Бактыгүл Иманбек кызы 1986-жылдын 14-апрелинде Бишкек шаарында туулган. 2010-жылы Кыргыз улуттук университетин лингвист-котормочу адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 2006-2008 — "Эклектик" ЖЧКсында француз тилинен котормочу;
  • 2007-2008 — Aliya Study and Travel туристтик фирмасында котормочу;
  • 2011 — "Эклектик" ЖЧКсында француз тили мугалими;
  • 2012-2017 — Mira Study ЖЧКсын негиздеп, жетектеген;
  • 2017-2019 — "Эларад" туристтик фирмасында гид-котормочу;
  • 2019 — "Миракл Лайф" окуу борборун негиздеген.

Кийин КР президентинин администрациясында эксперт болуп эмгектенген.

2021 — Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоого "Эл үмүтү" партиясынын катарында катышкан.

8
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Эл үмүтү' партиясы, Бактыгүл Иманбек кызы
Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевич

Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевич өмүр баяны

7
(жаңыланган 13:58 29.11.2021)
Акылбек Түмөнбаев 1972-жылы Ысык-Көл облусунун Кең-Суу айылында туулган. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция факультетин жана Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академияны бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 1992 — "Дизайн" биргелешкен ишканасынын каттоо долбоорунун кызматкери;
  • 1994-1995 — Ички иштер министрлигинин штаб башчысы;
  • 1995-2001 — Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын ыкчам-иликтөө бөлүмүнүн стажер-оператору;
  • 2001-2002 — Финансы министрлигинин Финансы полициясында бажылык укук бузууларга каршы күрөшүү боюнча ыкчам-тергөө бөлүмүнүн стажер-оператору;
  • 2002-2003 — Финансы полициясынын региондор аралык башкармалыгынын опер кызматкери;
  • 2005-2008 — Финансы министрлигинин Финансы полициясынын кадрлар боюнча адиси;
  • 2009-2012 — Өкмөткө караштуу Мамлекеттик финансы полициясынын кызматкери;
  • 2016-жылы Эсеп палатасынын аудитору;
  • 2021-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарын шайлоого №35 Ак-Суу шайлоо округунан катышып, алдын ала жыйынтык боюнча жеңишке жетти.
7
Белгилер:
Акылбек Түмөнбаев, шайлоо, депутат, таржымал
Көчөдө бараткан аял. Архив

Шейшембиге карата аба ырайы

0
30-ноябрь, шейшембиге, караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. 30-ноябрда республика боюнча күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.

Абанын температурасы Чүй облусунда +9...+14, Таласта +8...+13, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10...+15, Ысык-Көл өрөөнүндө +2...+7, Нарын аймагында -2...+3 градуска чейин көтөрүлөт.

Борбор калаада күндүн табы +12...+14, Ош шаарында +13...+15 градуска чейин жете турганы айтылды.

0
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Дүйнө тынчсызданган "омикрон" штаммынын белгилери, кайдан чыкканы айтылды