Акимов Абдиталип Паттаевич

Акимов Абдиталип Паттаевич өмүр баяны

11
(жаңыланган 20:08 23.11.2021)
Абдиталип Акимов 1976-жылы 12-июнда Баткен облусунун Кадамжай районундагы Халмион айылында туулган. Жогорку билимдүү.

Эмгек жолу:

  • 2006-2009 — Коомчулукту инвестициялоо жана өнүктүрүү агенттигинин (АРИС) Кадамжай району боюнча эксперти;
  • 2012-жыл, март-октябрь — Кадамжай районунун акими;
  • 2014-2015 — Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигине караштуу Спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү боюнча республикалык борбордун Баткен облусу боюнча координатору.
11
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Ынтымак' партиясы, Абдиталип Акимов
Депутаттыкка талапкердин өмүр баяны

Кенжебаев Аманкан Баатырбекович өмүр баяны

1
(жаңыланган 00:20 01.12.2021)
Аманкан Кенжебаев 1967-жылы 24-декабрда Сокулук районунун Дөң-Алыш айылында туулган. Жогорку билимдүү.

Билими:

  • 1987 ― Фрунзе совхозунун техникумун "зоотехник" адистиги боюнча бүтүргөн;
  • 2005 ― Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин аяктап, "экономист" кесибине ээ болгон.

Эмгек жолу:

  • 1987-1990 ― Советтик аскер-деңиз флотунда кызмат өтөгөн;
  • 1990 ― Ленин атындагы колхозунда ферманын эсепчиси;
  • 1991-1993 ― КР айыл чарба министрлигинде зоотехник;
  • 1993-1996 ― "Шорго" айыл чарба кооперативинин төрагасынын орун басары, андан кийин Кыргызпотребсоюзда кампа башчы;
  • 1997-1998 ― "Бек-Констракшн" фирмасында жабдуучу;
  • 1999-2001 ― Бишкек эркин экономикалык аймагында (СЭЗ) көзөмөлдөөчү, ага көзөмөлдөөчү, күзөт жетекчиси, көмөкчү чарбанын башкаруучусу, курулуш жана механизация бөлүмүнүн башчысы;
  • 2001-2003 ― "Арна" ЖЧКсынын башкы директор;
  • 2003-2004 ― "СЭЗ курулуш" ЖЧКсында башкы директор;
  • 2004-2008 — Ала-Арча айылдык кеңешинин депутаты;
  • 2008-2011 ― Военно-Антоновка айылдык кеңешинин депутаты;
  • 2005 ― "Баден-Сервис" курулуш компаниясында башкы директор;
  • 2011-2012 ―  "СЭЗ Бишкек" ЖЧКсынын директорунун орун басары;
  • 2012-2017 ― Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы ― аким;
  • 2020-жылдын ноябрынан 2021-жылдын май айына чейин Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы ― аким;
  • 2021-жыл, май-октябрь ― Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы ― аким;
  • 2021-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына №24 Сокулук шайлоо округунан катышып, алдын ала жыйынтык боюнча жеңишке жетти.
1
Белгилер:
Өмүр баяны, таржымал, Аманкан Кенжебаев
Тема боюнча
Ханджеза Карим Лемзарович — өмүр баяны
Ханджеза Карим Лемзарович

Ханджеза Карим Лемзарович өмүр баяны

28
(жаңыланган 18:44 30.11.2021)
Карим Ханджеза 1982-жылы 22-мартта Чүй облусунун Москва районундагы Александровка айылында туулган. Жогорку билимдүү.

Билими:

  • 1999-2003 ― Кыргыз-Россия Славян университетин "саясат таануу" адистиги боюнча бүтүргөн;
  • 2003-2004 ― Кыргыз-Россия Славян университетин ""саясат таануу" адистиги боюнча билим алып, магистр даражасына ээ болгон;
  • 2007-2010 ― Кыргыз-Россия Славян университетин "эл аралык укук" адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 2010 ― "Best of the best" компаниясынын юристи;
  • 2010-2012 ― "КР дунгандар ассоциациясы" коомдук бирикмесинин башкармалыгынын мүчөсү;
  • 2010-2012 ― "КР дунгандар ассоциациясы" коомдук бирикмесинин президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү.
  • 2010-2015 ― Жогорку Кеңештин депутатынын коомдук юридикалык кеңешчиси;
  • 2011 ― "Аврес" ЖЧКсынын юридикалык кеңешчиси;
  • 2012-2015 ― Александровка айылдык кеңешинин төрагасы;
  • 2012-2016 ― "КР дунгандар ассоциациясы" коомдук бирикмесинин жаштар саясаты боюнча вице-президенти;
  • 2013-2017 ― "Эки тамчы суу" ИСКАКБнын башкармалыгынын мүчөсү;
  • 2013-2017 ― "Кут Билим" ЖЧКсынын башкы директору;
  • 2016-жылдан ушул күнгө чейин "КР дунгандар ассоциациясы" коомдук бирикмесинин башкармалыгынын төрагасы.
  • 2020-жылдан тартып ишкердик менен алектенет (ИП Ханджеза К.Л.).
  • 2021-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына №23 Москва шайлоо округунан катышып, алдын ала жыйынтык боюнча жеңишке жетти.

Кыргыз, орус, англис, кытай, араб, өзбек тилдеринде эркин сүйлөйт. Эне тили — дунган тили.

28
Белгилер:
Өмүр баяны, таржымал, Москва району, Карим Ханджеза
Медициналык кызматкер жана COVID-19 менен бейтап ооруканада

Коронавирустун 53 жаңы учуру катталып, үч адам көз жумду. Статистика

0
(жаңыланган 09:51 01.12.2021)
Өлкөдөгү ооруканаларда медициналык жардам алып жаткан 378 кишинин ичинен 30унун абалы өтө оор деп бааланды.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 53 адамдан коронавирус табылып, 102 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек шаары – 18;
  • Чүй облусу – 10;
  • Ош облусу – 3;
  • Ысык-Көл облусу – 7;
  • Жалал-Абад облусу – 7;
  • Баткен облусу – 8.

Өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 183 404кө жетти. Анын ичинен 178 332 адам дартты жеңген.

Тилекке каршы, бир суткада Чүй облусунда үч адам коронавирустун курмандыгы болгон. Алардын вакцина албаганы айтылды. Муну менен жалпысынан 2 749 киши оорудан каза болду.

Азыркы тапта стационарда 378 бейтап, ал эми амбулатордук шартта 466 киши дарыланып жатат. Ооруканада медициналык жардам алып жаткандардын ичинен 30унун абалы өтө оор.

0
Белгилер:
Кыргызстан, коронавирус, статистика, бейтап, оору
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус
Тема боюнча
Жугуштуу илдеттер ооруканасы COVID жуктургандарды кайра кабыл алмай болду
Кыргызстанга кирүүдө 1-декабрдан тарта ПЧР-тест талап кылынат