Карыбеков Арзыбек Кенжекулович

Карыбеков Арзыбек Кенжекулович өмүр баяны

0
(жаңыланган 20:10 23.11.2021)
Арзыбек Карыбеков 1959-жылы 23-июлда Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында төрөлгөн.

Жогорку билимдүү. Фрунзе политехникалык институтун "инженер-механик" адистиги боюнча аяктаган. Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридика факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 1980 — Ош облустук камсыздоо ишканасында жумушчу;
  • 1981-1984 — Оштогу №4 жүк ташуучу унаа базасында слесарь;
  • 1984-1988 — өлкөнүн түштүк аймагы боюнча өндүрүш автотрестинде инженер;
  • 1988-1990 — Өзгөндүн "Агропромтранс" ишканасынын эксплуатация бөлүмүнүн башчысы;
  • 1990-1991 — Өзгөндүн "Агпромтранс" ишканасынын башчысы;
  • 1991-1994 — "Транспортник" ишканасынын башчысынын орун басары;
  • 1994-2001 —  "Залкар" АКтын башчысы;
  • 2001-2010 — Өкмөткө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик комиссиянын Ош облустук өкүлчүлүгүнүн башчысы;
  • 2020-жылдан бери Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаты.
0
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Ынтымак' партиясы, Арзыбек Карыбеков
Давлянов Дамирбек Тайырбекович

Давлянов Дамирбек Тайырбекович өмүр баяны

0
(жаңыланган 16:23 28.11.2021)
Дамирбек Давлянов 1986-жылдын 21-мартында Ош облусунун Шарк айылында туулган. 2007-жылы ИИМ академиясын аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 2007-2009 — Ош шаардык милициясынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкери;
  • 2009-2010 — Ош шаардык милициясынын уюшкан кылмыштуулукка каршы бөлүмүнүн ыкчам кызматкери;
  • 2010-2011 — ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматынын ыкчам кызматкери;
  • 2011-2013 — Ош шаардык милициясынын уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн жетекчиси;
  • 2013 — ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы башкармалыгынын жетекчиси;
  • 2014 — Ленин райондук (Бишкек) милициясынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы;
  • 2014-2017 — ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы башкармалыгынын жетекчиси;
  • 2017 — ИИМдин крималдык милиция кызматынын Үчүнчү башкармалыгынын начальниги;
  • 2017-2018 — КР ИИМдин запасына чыгарылган.
0
Белгилер:
'Эл үмүтү' партиясы, Өмүр баяны, Дамирбек Давлянов
Тема боюнча
Ташматов Алибек Айтбекович — өмүр баяны
Ташматов Алибек Айтбекович

Ташматов Алибек Айтбекович өмүр баяны

1
(жаңыланган 15:57 28.11.2021)
Алибек Ташматов 1993-жылдын 10-февралында туулган. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясын педагогика факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 2008 — күрөш боюнча өспүрүмдөр арасындагы КР чемпионатында 1-орун;
  • 2008 — Самарканд шаарынын кубогунда өспүрүмдөр арасында 1-орун;
  • 2008 — Б. Сайтиев атындагы эл аралык мелдеште 1-орун;
  • 2009 — күрөш боюнча өспүрүмдөр арасындагы КР биринчилигинде 1-орун;
  • 2009 — күрөш боюнча өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионатында (Индия) 3-орун;
  • 2010 — күрөш боюнча өспүрүмдөр арасындагы КР биринчилигинде 1-орун;
  • 2010 — күрөш боюнча Азия чемпионатында (Таиланд) 2-орун;
  • 2011 — күрөш боюнча жаштар арасындагы КР биринчилигинде 1-орун;
  • 2012 — күрөш боюнча жаштар арасындагы КР биринчилигинде 1-орун, ошол эле жылы Казакстанда өткөн Азия чемпионатында 3-орун;
  • 2012 — күрөш боюнча чоңдор арасындагы КР биринчилигинде 1-орун;
  • 2013 — күрөш боюнча чоңдор арасындагы КР биринчилигинде 3-орун;
  • 2014 — күрөш боюнча жаштар арасындагы КР биринчилигинде 1-орун;
  • 2018 — күрөш боюнча жаштар арасындагы КР биринчилигинде 1-орун;
  • 2015-жылдан тарта эркин күрөш боюнча машыктыруучу.
1
Белгилер:
'Эл үмүтү' партиясы, Өмүр баяны
Ысык-Көлдүн Тоң районунда баш кошкон эки жаш парламенттик шайлоодо добуш беришти

ЗАГСтан түз шайлоого. Ысык-Көлдө жаңы үйлөнгөн эки жаштын добуш берген сүрөтү

11
(жаңыланган 16:53 28.11.2021)
Бул окуя облустун Тоң районундагы №3212 шайлоо участкасында болгон. Эки жаш үлпөт кийимчен келишкен.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Тоң районунда баш кошкон эки жаш парламенттик шайлоодо добуш беришти. Мындай маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнүн Facebook баракчасына жазып, сүрөттөрүн чыгарды.

  • Молодожены участвуют на выборах депутатов Жогорку Кенеша VII созыва в избирательном участке №3212 в Тонском районе Иссык-Кульской области. 28 ноября 2021 года
    Выборы депутатов Жогорку Кенеша VII созыва в Кыргызстана
    © Фото / пресс-служба ЦИК КР
  • Молодожены участвуют на выборах депутатов Жогорку Кенеша VII созыва в избирательном участке №3212 в Тонском районе Иссык-Кульской области. 28 ноября 2021 года
    Выборы депутатов Жогорку Кенеша VII созыва в Кыргызстана
    © Фото / пресс-служба ЦИК КР
1 / 2
© Фото / пресс-служба ЦИК КР
Выборы депутатов Жогорку Кенеша VII созыва в Кыргызстана

Жаштар ЗАГСтан түз эле шайлоо тилкесине келишкен. Бул окуя облустун Тоң районундагы №3212 шайлоо участкасында катталды.

Эске салсак, бүгүн өлкөдө Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо жүрүп жатат. Бул ирет шайлоо мурдагыларга салыштырмалуу башка эреже менен өтөт. 54 талапкер партиялык тизме (пропорционалдык система), калган 36сы бир мандаттуу округ (мажоритардык система) менен келет. Парламенттин VII чакырылышында депутаттардын саны 90 болот.

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча саат 14:00гө карата шайлоочулардын 16,27 пайызы добуш берди. Бул 602 432 кыргызстандык шайлоого катышканын түшүндүрөт.

11
Белгилер:
шайлоо, Жогорку Кеңеш, Ысык-Көл, үлпөт, той
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо
Тема боюнча
ИИМ өкүлү: шайлоочуларды ташуу, добуш сатып алуу боюнча даттануулар түшүүдө
Шайлоого катышкандардын саны канчага жетти? Саат 14:00гө карата маалымат