Файзуллаев Нурилло Шукириллоевич

Файзуллаев Нурилло Шукириллоевич өмүр баяны

2
(жаңыланган 12:24 24.11.2021)
Нурилло Файзуллаев 1988-жылы 10-июнда туулган. Жогорку билимдүү. Ош мамлекеттик юридикалык институтун бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 2010-2018 — "Огилик" дыйкан чарбасында кызматчы, юрист;
  • 2018-жылдан ушул күнгө чейин Араван райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
2
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Ынтымак' партиясы, Нурилло Файзуллаев
Өмүр баян

Сулайманов Кундузбек Кошалиевич өмүр баяны

21
(жаңыланган 11:31 30.11.2021)
Кундузбек Сулайманов 1967-жылы 2-мартта Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Үч-Терек айылында туулган. Жогорку билимдүү.

Билими:

  • 1984-1985 ― Фрунзе шаарындагы СПТУда окуган;
  • 1987-1992 ― Кыргыз мамлекеттик политехникалык институтун инженер-механик адистиги боюнча аяктаган;
  • 1992-1995 ― Кыргыз-Россия Славян университетин "юриспруденция" адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 1983-1984 ― Шопоков атындагы совхоздо жумушчу, маданият үйүндө көркөм жетекчи;
  • 1985-1987 ― Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн;
  • 1992-2010 ― ИИМде инспекторлуктан тарта Ош шаардык Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кызматына чейин жогорулаган;
  • 2010-жылдан тартып бүгүнкүгө чейин жеке ишкерлик менен алектенет.
  • 2021-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына №19 Токтогул шайлоо округунан катышып, алдын ала жыйынтык боюнча жеңишке жетти.

Үй-бүлөлүү, төрт уул, бир кыздын атасы.

21
Белгилер:
Өмүр баяны, таржымал, Токтогул, Кундузбек Сулайманов
Бактыгүл Иманбек кызы

Бактыгүл Иманбек кызы өмүр баяны

995
(жаңыланган 18:27 29.11.2021)
Бактыгүл Иманбек кызы 1986-жылдын 14-апрелинде Бишкек шаарында туулган. 2010-жылы Кыргыз улуттук университетин лингвист-котормочу адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 2006-2008 — "Эклектик" ЖЧКсында француз тилинен котормочу;
  • 2007-2008 — Aliya Study and Travel туристтик фирмасында котормочу;
  • 2011 — "Эклектик" ЖЧКсында француз тили мугалими;
  • 2012-2017 — Mira Study ЖЧКсын негиздеп, жетектеген;
  • 2017-2019 — "Эларад" туристтик фирмасында гид-котормочу;
  • 2019 — "Миракл Лайф" окуу борборун негиздеген.

Кийин КР президентинин администрациясында эксперт болуп эмгектенген.

2021 — Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоого "Эл үмүтү" партиясынын катарында катышкан.

995
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Эл үмүтү' партиясы, Бактыгүл Иманбек кызы
Дарыгер COVID-19га каршы вакцина даярдап жатат. Архив

ДССУнун Кыргызстандагы өкүлү "омикрон" штаммы тууралуу эмне белгилүү экенин айтты

0
(жаңыланган 18:03 30.11.2021)
Коронавирустун "омикрон" жаңы штаммынын 32ден ашык мутациясы бар. ДССУ өкүлү алардын айрымдары кооптонуу жаратарын айтты.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Коронавирустун "омикрон" жаңы штаммы учурда толук изилденип бүтө элек. Бирок ал иммунитети бар адамдарга дагы жуга турганы белгилүү. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы кеңсесинин өкүлү Акбар Эсенгулов билдирди.

Ал Sputnik Кыргызстандын пресс-борборунда өткөн "Дүйнөгө коркунуч жараткан штамм-супермутанттан Кыргызстан кантип коргонот" аталышындагы брифингге катышты.

Эсенгуловдун айтымында, ДССУ жаңы штамм тууралуу 24-ноябрда Түштүк Африка өкмөтү инфекция табылганын кабарлагандан кийин билген.

"Бул штаммдын мутациялары көп, 26дан 32ге чейин жетет. Алардын айрымдары тынчсызданууну жаратат. Штамм канчалык оор ооруну пайда кылары жана мурунку инфекцияларга салыштырмалуу канчалык жугуштуу экени азырынча белгисиз. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал мурда иммунизацияланган адамдарда да кайра инфекцияны козгоо мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ошондуктан биз өлкөлөрдү бул коркунучка карата даярданууга жана көзөмөлдү күчөтүүгө чакырабыз", — деген Эсенгулов.

Анын айтымында, коргонуу боюнча калкка мурдагыдай эле сунуштар айтылат:

  • Колду самындап жуу;
  • Социалдык аралыкты сактоо;
  • Эл көп чогулган жерлерге баруудан кармануу.

Эске салсак, министрлер кабинети Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен COVID инфекциясынын "омикрон" жаңы штаммынын пайда болушу боюнча чукул кеңеш өткөргөн. ДССУ аны кооптуу штаммдардын катарына киргизген. Саламаттык сактоо жана Тышкы иштер министрликтерине вирустун жаңы мутациясынын Кыргызстанда жайылышын алдын алуу боюнча чараларды көрүү тапшырылды.

0
Белгилер:
Кыргызстан, 'омикрон' штаммы, жаңы штамм, коронавирус