Ахмедов Канатбек Абдурашидович

Ахмедов Канатбек Абдурашидович өмүр баяны

9
(жаңыланган 18:08 24.11.2021)
Канатбек Ахмедов 1983-жылы 13-мартта Баткен облусунун Кызыл-Жол айылында туулган. Жогорку билимдүү. Ош гуманитардык институтун "дене тарбия" адистиги боюнча бүтүргөн. Кийин Ош мамлекеттик юридикалык институтун аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 2011— ИИМдин күзөт кызматында инспектор;
  • 2017 — КР Дзюдо федерациясынын Баткен облусу боюнча президенти;
  • 2018 — "Альфа Гарант" күзөт агенттигинин директорунун орун басары;
  • 2021-жылдын сентябрь айынан бери Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты. Ал парламентке Токмок шаарынын мэри болуп шайланган Урмат Самаевдин ордуна келген.
9
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Ынтымак' партиясы, Канатбек Ахмедов
Өмүр баян

Абдибаева Айсара Нышановна өмүр баяны

66
(жаңыланган 20:06 01.12.2021)
Айсара Абдибаева 1965-жылы 18-августта Нарын шаарында туулган. Жогорку билимдүү. Кыргыз мамлекеттик экономикалык университетин "экономист" адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1984-1989 ― кампа кызматкери;
  • 1989-1994 ― Jany-Jol ATP башкы экономист;
  • 1995-1996 ― Мамлекеттик мүлк фондунун бухгалтердик эсеп боюнча адиси;
  • 1996-1997 ― "Кыргызстан" АКБнын Таш-Көмүрдөгү филиалында бухгалтердик эсеп боюнча адис;
  • 1999-2000 ― РСК банкында экономист, кийин банктын филиалында директор;
  • 2006-2007 ― "Кыргызпромстройбанк" ААКта кызматкер;
  • 2007-2010 ― "Аманбанк" ААКтын Оштогу филиалында аманат кассанын башчысы;

Үй-бүлөлүү, төрт баланын энеси.

 

66
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Ишеним' партиясы, Айсара Абдибаева
Өмүр баян

Жусупов Эмилбек Рамидинович өмүр баяны

12
(жаңыланган 13:16 01.12.2021)
Эмилбек Жусупов 1991-жылы 21-апрелде туулган. Жогорку билимдүү. Ош мамлекеттик юридикалык университетин бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 2014-2015 — "Дастан Курулуш" ЖЧКсында участок жетекчиси;
  • 2015-жыл, июнь-ноябрь ― "Дастан Курулуш" ЖЧКсынын техникалык директору;
  • 2015-2016 ― "Дастан Курулуш" ЖЧКсынын башкы директору;
  • 2016-2017 ― "Тагай Ата" ЖЧКсынын негиздөөчүсү жана башкы директору;
  • 2017-2018 ― "Эмаком" ЖЧКсынын башкы директору;
  • 2018-жылдан ушул күнгө чейин "Эмаком Холдинг" ЖЧКсынын президенти.
12
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Ишеним' партиясы, Эмилбек Жусупов
Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив

Жер тилкеси 20дан ашып... Жээнбеков президент болгондон кийин канчалык байыган

0
(жаңыланган 17:08 06.12.2021)
Жээнбеков жана анын жакын туугандары 30дан ашуун жер тилкесине ээлик кылат. Ал президент болгондон кийин жерлери беш эсе кеңейген.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы экс-президент Сооронбай Жээнбековдун киреше-чыгашасы тууралуу 2020-жылга карата тапшырган декларациясын чыгарды.

Белгилей кетсек, Жээнбеков былтыр октябрь окуяларынан кийин президенттик кызматтан кеткен.

Декларацияга ылайык, өткөн жылы Жээнбеков 944 138 сом киреше тапкан. Бирок "чыгашасы" деген графа толтурулган эмес. Мындан сырткары, ага 160 чарчы метрлик турак жай жана МТЗ-80 үлгүсүндөгү трактор таандык.

Экс-президент 23 жер тилкесине ээлик кылат:

  • айыл чарба багытында — 0,45 гектар;
  • айыл чарба багытында — 15,05 га;
  • айыл чарба багытында — 5,55 га;
  • айыл чарба багытында — 0,96 га;
  • айыл чарба багытында — 1,08 га;
  • айыл чарба багытында — 0,67 га;
  • айыл чарба багытында — 7,43 га;
  • айыл чарба багытында — 1,06 га;
  • айыл чарба багытында — 4,25 га;
  • айыл чарба багытында — 4,24 га;
  • айыл чарба багытында — 1,12 га;
  • айыл чарба багытында — 0,70 га;
  • айыл чарба багытында — 0,64 га;
  • айыл чарба багытында — 0,64 га;
  • айыл чарба багытында — 0,64 га;
  • айыл чарба багытында — 0,16 га;
  • айыл чарба багытында — 0,64 га;
  • айыл чарба багытында — 0,32 га;
  • айыл чарба багытында — 0,32 га;
  • айыл чарба багытында — 0,64 га;
  • айыл чарба багытында — 0,64 га.
  • Үй алдындагы бакча — 0,04 га;
  • Үй алдындагы бакча — 0,06 га.

Документте Жээнбековдун жакын туугандары былтыр 6,5 миллион сом киреше тапканы көрсөтүлгөн. Алар 64 чарчы метрлик батирге, Lexus-470 үлгүсүндөгү автоунаага, 12 миллион сомдук бодо малга, 850 миң сомдук жылкыга ээлик кылат. Мындан сырткары, эки өндүрүштүк имараты жана 11 жер тилкеси бир.

Алар төмөнкүлөр:

  • Аянты 1 гектарды түзгөн өндүрүштүк имарат;
  • Аянты 1 гектарды түзгөн өндүрүштүк имарат.

Жер тилкелери:

  • айыл чарба багытында — 3 га;
  • айыл чарба багытында — 5 га;
  • айыл чарба багытында — 2 га;
  • айыл чарба багытында — 2 га;
  • айыл чарба багытында — 1 га;
  • айыл чарба багытында — 1 га;
  • айыл чарба багытында — 4 га;
  • айыл чарба багытында — 4 га;
  • айыл чарба багытында — 0,6 га;
  • айыл чарба багытында — 2 га;
  • айыл чарба багытында — 0,6 га.

Эске салсак, Жээнбеков 2017-жылга карата тапшырган декларациясында эки үйдүн (бирөө дача) жана айыл чарбага ылайыкталган төрт жер тилкенин, ошондой эле МТЗ-80 үлгүсүндөгү трактордун ээси экени жазылган.

Ал эми жакын туугандарынын бир батири, айыл чарбасына ылайыкташкан эки жер тилкеси жана Lexus үлгүсүндөгү автоунаасы болгон.

Сооронбай Жээнбеков 2016-жылдын апрель айында премьер-министр кызматына дайындалып, 2017-жылдын октябрь айында президент болуп шайланган. Былтыр октябрь айында элдик толкундоодон кийин тактыны бошотуп кеткен.

0
Белгилер:
Сооронбай Жээнбеков, байлык, президент, жер тилкеси, декларация
Тема боюнча
Сооронбай Жээнбеков менен анын туугандарынын байлыгы жарыяланды
Садыр Жапаров жана анын үй-бүлөсү кандай мал-мүлккө ээлик кылары жарыяланды