Урумкалиева Чынара Чалагызовна — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба ЦИК КРДепутат ЖК Чынара Урумкалиева
Депутат ЖК Чынара Урумкалиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.11.2021
Жазылуу
Чынара Урумкалиева 1973-жылы 13-октябрда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Боз-Учук айылында туулган. Жогорку билимдүү.
Билими:
  • 1996 — И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин физика-математика факультетин бүтүргөн;
  • 2010 — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин "юриспруденция" адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолу:
  • 1996 — Жусуп Баласагын атындагы КУУнун информациялык технологиялар кафедрасында инженер;
  • 1997-2009 — Жусуп Баласагын атындагы КУУнун информациялык технологиялар кафедрасында окутуучу, улук окутуучу;
  • 2009-2010 — Бишкек шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгында адис;
  • 2010-2014 — Жусуп Баласагын атындагы КУУда жана Кыргызстандан эл аралык университетинин ал аралык укук кафедрасында улук окутуучу;
  • 2014-2015 — КР Жогорку Кеңешинин аппаратынын юридика бөлүмүндө эксперт;
  • 2015-2020 — КР Жогорку Кеңешинин аппаратынын ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу бөлүмүнүн эксперти;
  • 2020-жылдын октябрынан тартып Жогорку Кенештин депутаты;
  • 2021-жылдын июнь айынан тартып Жогорку Кенештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрайымынын орун басары.
Жаңылыктар түрмөгү
0