Сыдыкова Гулбара Бектургановна

Сыдыкова Гулбара Бектургановна өмүр баяны

1
(жаңыланган 18:05 25.11.2021)
Гулбара Сыдыкова 1960-жылы 4-декабрда туулган. Жогорку билимдүү. М. А. Горький атындагы Урал мамлекеттик университетин "филолог" адистиги боюнча аяктаган. 1993-жылы Москва педагогикалык университетинде филология илимдеринин кандидаты даражасына ээ болгон.

Эмгек жолу:

  • 1985-1991 — Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде (ЫМУ) улук окутуучу;
  • 1994-1995 — ЫМУда илимий катчы;
  • 1995-1996 — ЫМУда проректор;
  • 2000-жылдан бери Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин телерадио журналистикасы кафедрасында профессор;
  • 2003-жылдан бери Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин адабият тарыхы жана теориясы кафедрасынын доценти.
1
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Ынтымак' партиясы, Гулбара Сыдыкова
Бакиров Таалайбек Октябревич

Бакиров Таалайбек Октябревич өмүр баяны

4
(жаңыланган 17:03 26.11.2021)
Таалайбек Бакиров 1977-жылы 29-октябрда Чүй облусунун Москва районундагы Предтеченка айылында туулган.

Жогорку билимдүү. И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин "инженер-электрик" адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 1995-2005 — "Тынай" дыйкан чарбасында жумушчу;
  • 2009 — "Түндүк электр" ААКта МРЭСтин үйрөнчүк контролёру;
  • 2010-жыл, февраль — "Түндүк электр" ААКта МРЭСтин контролёру;
  • 2010-жыл, сентябрь — "Түндүк электр" ААКта МРЭСтин улук инспектору;
  • 2014 — "Түндүк электр" ААКта МРЭСтин энергияны сатуу бөлүмүнүн башчысы, РЭС жетекчисинин орун басары;
  • 2015 — "Түндүк электр" ААКта улук инспектор;
  • 2020-2021 — "Түндүк электр" ААКта МРЭС жетекчиси;
  • 2021-жылдын август айынан бери "Түндүк электр" ААКтын Панфилов району боюнча энергия сатуу бөлүмүнүн башчысы.
4
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Ынтымак' партиясы, Таалайбек Бакиров
Базаралиев Абдижалил Кермалиевич

Базаралиев Абдижалил Кермалиевич өмүр баяны

0
(жаңыланган 17:01 26.11.2021)
Абдижалил Базаралиев 1969-жылы 11-январда туулган. Жогорку билимдүү. Кыргыз-өзбек жогорку технологиялык колледжин "бухгалтердик эсеп, чарбалык ишти контролдоо жана талдоо" адистиги боюнча бүтүргөн.

Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинде "юриспруденция" адистиги боюнча билим алган. Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын "эл аралык мамилелер" адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1990-1996 —"Прополис" ЖЧКсынын директору;
  • 1996-1999 — "Интерпром" ЖЧКсында эксперт-экономист;
  • 199-2001 — "Мостовик" бейөкмөт уюмдун төрагасы;
  • 2001-2004 — "Хемко-Кыргызстан" ЖЧКсынын юрист-экономисти (Москва);
  • 2005-2008 — "Мостовик Бишкек" ЖЧКсынын башкы директору;
  • 2020-2021 — "Акча рыногунун биржасы" АКтын директору;
  • 2009-жылдан бери адвокат.
0
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Ынтымак' партиясы, Абдижалил Базаралиев
Автоунаалар. Архив

Арзан кезинде жасап алгыла! Министрликтин айдоочуларга эскертүүсү

0
(жаңыланган 10:51 27.11.2021)
Улуттук кампания жылдын аягына чейин болот. Акция башталгандан, тагыраагы, 1-июндан тарта 189 585 машина жаңы ээлерине катталган.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Кыргызстандагы автоунаа айдап жүргөндөрдү темир тулпарын нөлдүк ставка менен өзүнө кайра каттатып алууга дагы бир ай бар. Бул тууралуу Санарипти өнүктүрүү министрлигинен кабарлады.

Улуттук кампания жылдын аягына чейин уланат. Акциясыз күндөрү автоунааны кайра каттатууда бул кыймылдуу мүлктүн жалпы баасынан бекитилген эреже боюнча бир пайыз алынат. Эске салсак, мындай жеңилдетүү мурда да жарыяланып, анда 0,3 пайызга чейин болгон.

Азыркы арзандатуу шартында, 31-декабрга чейин жогоруда айтылган 1 пайыз алынбайт, министрлик андыктан темир тулпар ээлерине айдап жүргөн автоунаасын мурдагы кожоюндарынан кайра өзүнө каттатып алууда болгону 498 сом гана төлөй тургандыгын айтты. Бул кызмат көрсөтүүгө гана каралган акча. Эгерде ал номердик белгисин же аймагын өзгөрткүсү келсе, анда 1 633 сом төлөйт.

Акция башталгандан, тагыраагы, 1-июндан тарта 189 585 машина учурдагы ээсине каттатылган.

Өлкө боюнча бул багытта иш алып барган мамлекеттик "Унаа" ишканасынын аймактык 26 бөлүмү жумасына беш күн, тагыраагы, дүйшөмбү-жума күндөрү иштейт. Ал эми эс алуу күндөрү "Риом-авто" базарынан аталган мамлекеттик ишкананын Батыш аймактык бөлүмүнөн каттатып же кайра каттатып алса болот.

Мындай процедураларды эл үчүн жеңилдетүү жана тейлөөнү жакшыртуу үчүн банктык кызматтарды терминалдан төлөө системасы каралган. Министрликтен Бишкектеги, Оштогу шаардык, Жалал-Абаддагы аймактык бөлүмдө бул мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга болорун билдирди.

0
Белгилер:
Кыргызстан, автоунаа, каттоо, акция