Абдрахманов Октябрь Борисович

Абдрахманов Октябрь Борисович өмүр баяны

2
(жаңыланган 18:06 25.11.2021)
Октябрь Абдрахманов 1967-жылы 1-октябрда Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Долон айылында туулган. Жогорку билимдүү. Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетин "финансы жана кредит" адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 1984-1985 — Түп районундагы "Миң-Булак" совхозунда жумушчу;
  • 1985-1987 — Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн (Германия);
  • 1987-1993 — "Миң-Булак" совхозунда айдоочу;
  • 1993-жылдан бери Долон айылындагы "Октябрь" дыйкан чарбасынын мүчөсү;
  • 2012-2016 — Каракол шаардык кеңешинин депутаты.
2
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Ынтымак' партиясы, Октябрь Абдрахманов
Өмүр баян

Абдибаева Айсара Нышановна өмүр баяны

16
(жаңыланган 20:06 01.12.2021)
Айсара Абдибаева 1965-жылы 18-августта Нарын шаарында туулган. Жогорку билимдүү. Кыргыз мамлекеттик экономикалык университетин "экономист" адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1984-1989 ― кампа кызматкери;
  • 1989-1994 ― Jany-Jol ATP башкы экономист;
  • 1995-1996 ― Мамлекеттик мүлк фондунун бухгалтердик эсеп боюнча адиси;
  • 1996-1997 ― "Кыргызстан" АКБнын Таш-Көмүрдөгү филиалында бухгалтердик эсеп боюнча адис;
  • 1999-2000 ― РСК банкында экономист, кийин банктын филиалында директор;
  • 2006-2007 ― "Кыргызпромстройбанк" ААКта кызматкер;
  • 2007-2010 ― "Аманбанк" ААКтын Оштогу филиалында аманат кассанын башчысы;

Үй-бүлөлүү, төрт баланын энеси.

 

16
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Ишеним' партиясы, Айсара Абдибаева
Өмүр баян

Жусупов Эмилбек Рамидинович өмүр баяны

7
(жаңыланган 13:16 01.12.2021)
Эмилбек Жусупов 1991-жылы 21-апрелде туулган. Жогорку билимдүү. Ош мамлекеттик юридикалык университетин бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 2014-2015 — "Дастан Курулуш" ЖЧКсында участок жетекчиси;
  • 2015-жыл, июнь-ноябрь ― "Дастан Курулуш" ЖЧКсынын техникалык директору;
  • 2015-2016 ― "Дастан Курулуш" ЖЧКсынын башкы директору;
  • 2016-2017 ― "Тагай Ата" ЖЧКсынын негиздөөчүсү жана башкы директору;
  • 2017-2018 ― "Эмаком" ЖЧКсынын башкы директору;
  • 2018-жылдан ушул күнгө чейин "Эмаком Холдинг" ЖЧКсынын президенти.
7
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Ишеним' партиясы, Эмилбек Жусупов
Депутатттар Жогорку Кенеш. Архивдик сүрөт

500 сомго эле азайдыбы? Жапаровдун жарлыгына чейин депутаттар канча маяна алчу

242
(жаңыланган 18:40 02.12.2021)
Бир жыл мурунку маалымат менен салыштырганда, депутаттардын гана айлыгы 500 сомго азайып, төрага менен вице-спикерлердики өзгөрүүсүз калган.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Бүгүн президенттин маалымат кызматы Жогорку Кеңештин депутаттарынын маянасы азайтылганы тууралуу маалымат таратты. Чыгымдарды кыскартуу тууралуу жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон. 

Ага ылайык, мындан ары төрага 30 миң, орун басарлары 27 миң, фракция лидерлери менен тармактык комитеттин төрагалары 26 миң, депутаттар 25 миң сом алары (оклад) көрсөтүлгөн. Бирок билдирүүдө эл өкүлдөрүнүн эмгек акысы канча пайызга кыскартылганы жазылган эмес.

Белгилей кетсек, былтыр пандемия күчөп жаткан маалда "депутаттар каникулга чыгып кетсе да 200-300 миң сомдон эмгек акы алып жатат" деген маалымат тараган. Ошол кездеги парламенттин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу жогоруда аталган кепти төгүндөп, эл өкүлдөрү чынында канча айлык аларын айткан. 

Эгер аны менен салыштыра турган болсок, депутаттардын маянасы 500 сомго гана азайган. Ал эми төрага менен вице-спикерлердики өзгөрүүсүз эле калган. Мында фракция лидерлери менен комитеттин төрагалары канча алары айтылган эмес. 

Президенттин жарлыгынан кийин ЖК депутаттарынын маянасы канчага кыскарат
© Фото / Даниил Сулайманов
Президенттин жарлыгынан кийин ЖК депутаттарынын маянасы канчага кыскарат

Бул жерде кеп негизги айлыгы, башкача айтканда, оклады жөнүндө гана сөз болууда. Эмгек кодексине ылайык, иш тажрыйбасына, класстык чинине карап дагы кошумча төлөнөт. Бир айлык маянасынын суммасына барабар эмгек өргүү акысы төлөнөт. Мындан сырткары, транспорттук чыгымдарга, концелярдык буюмдарга деп ай сайын ар бир депутатка 40 миң сомдон берилет.

Ошондой эле Жапаров бүгүнкү жарлыгы менен кызматтык автоунааларды дагы алып салганы жазылган.

"Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарына турак жай үчүн компенсация төлөнүп келген. Бул жарлык менен компенсациялар жана кызматтык автоунаалар алып салынды, ал эми колдо бар кызматтык батирлер турак жайы жок парламент депутаттарына бөлүштүрүлөт", — деп билдирди маалымат кызматы.

Жогорку Кеңештин азыркы VI чакырылышынын депутаттары 2015-жылдын ноябрында кызматтык унаадан баш тарткан. Төрага жана анын эки орун басары, майыптыгы бар эл өкүлү гана автоунаа менен камсыздалат. Калганы жеке унаасы менен иштөөгө макул болгон.

Ал эми кызматтык турак жайлар Бишкекте жашай турган жери жок парламентарийлердин баарына берилип келет.

242
Белгилер:
Жогорку Кеңеш, депутат, маяна, азайтуу, салыштыруу
Тема боюнча
Президенттин иш башкармалыгы эми Жогорку Кеңешти да тейлемей болду
Бирөөнүн ордуна добуш бере албайсыңар. ЖКнын вице-спикери шайланбай калды