Энназаров Мирлан Арзыкулович

Энназаров Мирлан Арзыкулович өмүр баяны

3
(жаңыланган 18:08 25.11.2021)
Мирлан Энназаров 1966-жылы 16-майда Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Авлетим айылында туулган. Жогорку билимдүү.

Билими:

  • 1989 — К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун бүтүргөн;
  • 1996 — Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин "юриспруденция" адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1990-1992 — жаштардын турак жай комплексинин төрагасы;
  • 1992-1993 — "Ак-Тилек" чакан ишканасынын директору;
  • 1992-1996 — Бишкектин Свердлов райондук администрациясында бөлүм башчынын орун басары;
  • 1998-1999 — Бишкек мэриясында жетектөөчү адис;
  • 2000-2001 — жетектөөчү адис, Бишкек шаарынын мэриясынын укук департаментинин башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу;
  • 2001-2002 — Бишкектин Биринчи май райондук администрациясынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы;
  • 2002-2003 — Бишкектин Ленин райондук администрациясынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы;
  • 2004-2005 — Бишкек шаардык кеңешинде укуктук маселелер боюнча эксперт;
  • 2008 — Жогорку Кеңештин депутатынын консультанты;
  • 2008-2009 — Бишкектин Свердлов районунун акиминин орун басары;
  • 2012 — Өкмөттүк аппаратта агроөнөр жай комплекси боюнча эксперт;
  • 2016 — КР Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин ЕАЭБ менен иштөө боюнча башкы адиси.
3
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Ынтымак' партиясы, Мирлан Энназаров
Бакиров Таалайбек Октябревич

Бакиров Таалайбек Октябревич өмүр баяны

4
(жаңыланган 17:03 26.11.2021)
Таалайбек Бакиров 1977-жылы 29-октябрда Чүй облусунун Москва районундагы Предтеченка айылында туулган.

Жогорку билимдүү. И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин "инженер-электрик" адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 1995-2005 — "Тынай" дыйкан чарбасында жумушчу;
  • 2009 — "Түндүк электр" ААКта МРЭСтин үйрөнчүк контролёру;
  • 2010-жыл, февраль — "Түндүк электр" ААКта МРЭСтин контролёру;
  • 2010-жыл, сентябрь — "Түндүк электр" ААКта МРЭСтин улук инспектору;
  • 2014 — "Түндүк электр" ААКта МРЭСтин энергияны сатуу бөлүмүнүн башчысы, РЭС жетекчисинин орун басары;
  • 2015 — "Түндүк электр" ААКта улук инспектор;
  • 2020-2021 — "Түндүк электр" ААКта МРЭС жетекчиси;
  • 2021-жылдын август айынан бери "Түндүк электр" ААКтын Панфилов району боюнча энергия сатуу бөлүмүнүн башчысы.
4
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Ынтымак' партиясы, Таалайбек Бакиров
Базаралиев Абдижалил Кермалиевич

Базаралиев Абдижалил Кермалиевич өмүр баяны

0
(жаңыланган 17:01 26.11.2021)
Абдижалил Базаралиев 1969-жылы 11-январда туулган. Жогорку билимдүү. Кыргыз-өзбек жогорку технологиялык колледжин "бухгалтердик эсеп, чарбалык ишти контролдоо жана талдоо" адистиги боюнча бүтүргөн.

Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинде "юриспруденция" адистиги боюнча билим алган. Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын "эл аралык мамилелер" адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1990-1996 —"Прополис" ЖЧКсынын директору;
  • 1996-1999 — "Интерпром" ЖЧКсында эксперт-экономист;
  • 199-2001 — "Мостовик" бейөкмөт уюмдун төрагасы;
  • 2001-2004 — "Хемко-Кыргызстан" ЖЧКсынын юрист-экономисти (Москва);
  • 2005-2008 — "Мостовик Бишкек" ЖЧКсынын башкы директору;
  • 2020-2021 — "Акча рыногунун биржасы" АКтын директору;
  • 2009-жылдан бери адвокат.
0
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Ынтымак' партиясы, Абдижалил Базаралиев
Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясы

Шайлоого байкоо салчу КМШ өлкөлөрүнүн депутаттары ишин баштады

11
(жаңыланган 12:16 27.11.2021)
28-ноябрь күнү Кыргызстанда аралаш система менен парламенттик шайлоо өткөрүлөт. Кыргызстандыктар 54 депутатты партиялык тизме, 36сын бир мандаттуу округ аркылуу шайлайт. Элдин добушун алуу үчүн 21 партия, 287 талапкер жарышка чыккан.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Бүгүн Бишкекте Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) Өзбекстан Олий Мажлис Сенатынын депутаты Кутбидин Бурханов башында турган байкоочулар тобунун парламенттик шайлоого мониторинг жүргүзүү иштерин баштады.

  • К краткосрочному мониторингу выборов депутатов Жогорку Кенеша Кыргызстана приступила группа международных наблюдателей от Межпарламентской ассамблеи СНГ. 27 ноября 2021 года
    Бүгүн Бишкекте Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) Өзбекстан Олий Мажлис Сенатынын депутаты Кутбидин Бурханов башында турган байкоочулар тобунун парламенттик шайлоого мониторинг жүргүзүү иштерин баштады
    © Фото / пресс-служба Межпарламентской Ассамблеи СНГ
  • К краткосрочному мониторингу выборов депутатов Жогорку Кенеша Кыргызстана приступила группа международных наблюдателей от Межпарламентской ассамблеи СНГ. 27 ноября 2021 года
    Мониторингдин алкагында талапкерлигин коюп жаткан саясий партиялардын лидерлери менен жолугушуулар болуп өттү
    © Фото / пресс-служба Межпарламентской Ассамблеи СНГ
1 / 2
© Фото / пресс-служба Межпарламентской Ассамблеи СНГ
Бүгүн Бишкекте Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) Өзбекстан Олий Мажлис Сенатынын депутаты Кутбидин Бурханов башында турган байкоочулар тобунун парламенттик шайлоого мониторинг жүргүзүү иштерин баштады

Мониторингдин алкагында талапкерлигин коюп жаткан саясий партиялардын лидерлери менен жолугушуулар болуп өттү.

Маектешүү учурунда ар бир лидер шайлоо, үгүт иштери, программасы боюнча байкоочулар менен пикир алышты.

Делегациянын курамына Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан парламентинин депутаттары кирген. Ошондой эле ассамблея кеңешинин катчылыгынын өкүлдөрү, Жарандардын шайлоо укуктарын сактоону, парламентаризмди, демократияны өнүктүрүү эл аралык мониторинг институтунун эксперттери да бар. Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын каттоосунан жалпы 75 байкоочу өткөн. Алар Жогорку Кеңештин төрагасы тарабынан чакырылган.

Эске салсак, эртең, 28-ноябрь күнү, Кыргызстанда аралаш система менен парламенттик шайлоо өткөрүлөт. Кыргызстандыктар 54 депутатты партиялык тизме, 36сын бир мандаттуу округ аркылуу шайлайт. Элдин добушун алуу үчүн 21 партия, 287 талапкер жарышка чыккан.

11
Белгилер:
Кыргызстан, Жогорку Кеңешке шайлоо, шайлоо, байкоочу
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо
Тема боюнча
Бүгүн Кыргызстанда "жымжырт күн", үгүт иштери токтотулду
УКМК бийликти басып алууга шектелген талапкерлердин атын атады