Крашенинникова Алена Юрьевна

Крашенинникова Алена Юрьевна өмүр баяны

4
(жаңыланган 18:16 25.11.2021)
Алена Крашенинникова 1969-жылы 16-июлда туулган. Жогорку билимдүү. Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин "биология сабагынан мугалим" адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 1994-2004 — мектепте мугалим;
  • 1996 — тарбия иштери боюнча мектеп директорунун орун басары;
  • 2002 — Арал айылынын №13 орто мектебинде окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары;
  • 2007-2018 — Токмок шаардык кеңешинин депутаты;
  • 2012-жылдан бери Токмоктогу славян тектүүлөрдүн улуттук маданий борборунун төрайымы.
4
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Ынтымак' партиясы, Алена Крашенинникова
Бакиров Таалайбек Октябревич

Бакиров Таалайбек Октябревич өмүр баяны

4
(жаңыланган 17:03 26.11.2021)
Таалайбек Бакиров 1977-жылы 29-октябрда Чүй облусунун Москва районундагы Предтеченка айылында туулган.

Жогорку билимдүү. И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин "инженер-электрик" адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 1995-2005 — "Тынай" дыйкан чарбасында жумушчу;
  • 2009 — "Түндүк электр" ААКта МРЭСтин үйрөнчүк контролёру;
  • 2010-жыл, февраль — "Түндүк электр" ААКта МРЭСтин контролёру;
  • 2010-жыл, сентябрь — "Түндүк электр" ААКта МРЭСтин улук инспектору;
  • 2014 — "Түндүк электр" ААКта МРЭСтин энергияны сатуу бөлүмүнүн башчысы, РЭС жетекчисинин орун басары;
  • 2015 — "Түндүк электр" ААКта улук инспектор;
  • 2020-2021 — "Түндүк электр" ААКта МРЭС жетекчиси;
  • 2021-жылдын август айынан бери "Түндүк электр" ААКтын Панфилов району боюнча энергия сатуу бөлүмүнүн башчысы.
4
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Ынтымак' партиясы, Таалайбек Бакиров
Базаралиев Абдижалил Кермалиевич

Базаралиев Абдижалил Кермалиевич өмүр баяны

0
(жаңыланган 17:01 26.11.2021)
Абдижалил Базаралиев 1969-жылы 11-январда туулган. Жогорку билимдүү. Кыргыз-өзбек жогорку технологиялык колледжин "бухгалтердик эсеп, чарбалык ишти контролдоо жана талдоо" адистиги боюнча бүтүргөн.

Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинде "юриспруденция" адистиги боюнча билим алган. Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын "эл аралык мамилелер" адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1990-1996 —"Прополис" ЖЧКсынын директору;
  • 1996-1999 — "Интерпром" ЖЧКсында эксперт-экономист;
  • 199-2001 — "Мостовик" бейөкмөт уюмдун төрагасы;
  • 2001-2004 — "Хемко-Кыргызстан" ЖЧКсынын юрист-экономисти (Москва);
  • 2005-2008 — "Мостовик Бишкек" ЖЧКсынын башкы директору;
  • 2020-2021 — "Акча рыногунун биржасы" АКтын директору;
  • 2009-жылдан бери адвокат.
0
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Ынтымак' партиясы, Абдижалил Базаралиев
Алтын куймалары. Архив

Улуттук банктын алтын запасы бир айда 1,6 млрд. сомго азайды

0
Бул жылы Улуттук банктын алтын активинин наркы бир топ өзгөргөн. Маселен, майдын башынан июль айынын башына чейин ал үч эсеге азайган.

БИШКЕК, 27-ноя.— Sputnik. Кыргызстандын алтын-валюта кору октябрь айында 1 миллиард 577 сомго кыскарды. Бул тууралуу Улуттук банктын ачык маалыматтарында айтылат.

Бул жылы Улуттук банктын алтын активинин наркы бир топ өзгөргөн. Маселен, майдын башынан июль айынын башына чейин ал үч эсеге азайган. Тагыраагы, 99 миллиард сомдон 36, 4 миллиард сомго түшкөн. Кийинчерээк алтындын кору бир аз (37, 9 миллиард сомго) кымбаттаган. Сентябрда кайра 29 миллиард 74,4 миллион сомго чейин түшүп кеткен.

1-октябрга карата анын баасы 49 миллиард 905,7 миллион сомго өскөнү айтылды. Бирок ноябрда кайра 48 миллиард 328,7 миллион сомго төмөндөгөн.

Алтын-валюта запасы (эл аралык валюта резерви) Улуттук банктын сомдун курсун туруктуу көзөмөлдөп туруусуна мүмкүнчүлүк берет. Ал ондогон валюталардан турат: CDR (Атайын карыз алуу укугу – Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) жасалма резерви жана төлөө каражаттары) жана алтын.

0
Белгилер:
Кыргызстан, Улуттук банк, алтын
Тема боюнча
Евразия өнүктүрүү банкы Кыргызстанда инфляция качан басаңдай турганын айтты
Кыргызстанда доллардын курсу жакынкы жылдары кандай өзгөрөт? ЕАӨБдүн божомолу