Сулайманов Кундузбек Кошалиевич — өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековСулайманов Кундузбек Кошалиевич
Сулайманов Кундузбек Кошалиевич - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2021
Жазылуу
Кундузбек Сулайманов 1967-жылы 2-мартта Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Үч-Терек айылында туулган. Жогорку билимдүү.
Билими:
  • 1984-1985 ― Фрунзе шаарындагы СПТУда окуган;
  • 1987-1992 ― Кыргыз мамлекеттик политехникалык институтун инженер-механик адистиги боюнча аяктаган;
  • 1992-1995 ― Кыргыз-Россия Славян университетин "юриспруденция" адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолу:
  • 1983-1984 ― Шопоков атындагы совхоздо жумушчу, маданият үйүндө көркөм жетекчи;
  • 1985-1987 ― Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн;
  • 1992-2010 ― ИИМде инспекторлуктан тарта Ош шаардык Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кызматына чейин жогорулаган;
  • 2010-жылдан тартып бүгүнкүгө чейин жеке ишкерлик менен алектенет.
  • 2021-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына №19 Токтогул шайлоо округунан катышып, алдын ала жыйынтык боюнча жеңишке жетти.
Үй-бүлөлүү, төрт уул, бир кыздын атасы.
Жаңылыктар түрмөгү
0