Пятничная молитва жителей Бишкека в мечети

Коргоо кеңеши диний абалды талкуулайт

50
(жаңыланган 15:54 17.11.2014)
Коргоо кеңеши жыйынга чогулуп, мамлекеттин диний багыттагы концепциясын бекитет жана чек ара коопсуздугун талкуулайт.

БИШКЕК, 31-окт — Спутник Кыргызстан. Коргоо кеңешинин 3-ноябрда өтө турган жыйынына мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев төрагалык кыларын президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Кеңеш өлкөдөгү диний абалды быйыл февраль айында да карап, Алмаз Атамбаев кырдаалды жакшыртууга багытталган конкреттүү чечимдерди кабыл алуу зарыл экенин айткан.

Кыргызстандан Сириядагы согушка аттанган дин фанаттары улам өсүп жаткандыктан адистер өлкөдөгү диний кырдаал опурталдуу экенин белгилеп келет.

Баш мыйзамга ылайык, дин мамлекеттен ажыратылган.

50
Белгилер:
Коргоо кеңеши, Сирия, Алмазбек Атамбаев
Тема:
Коргоо кеңеши: диний жагдай катуу көзөмөлгө алынат (11)