Алмазбек Атамбаев коргоо кеңешинин жыйынында

Диндин улуттук коопсуздукка тийгизчү таасири көңүл борборуна алынат

49
(жаңыланган 15:54 17.11.2014)
Коргоо кеңешинин жыйынында президент Алмазбек Атамбаев өлкөдөгү диний абал боюнча сүйлөп, бир нече маанилүү учурларды баса белгиледи.

Бишкек, 4-ноя — Спутник Кыргызстан. Акыркы айларда диний чөйрөдөгү кырдаал дүйнөдө тез өзгөргөндүгүн, дегеле бул жаатта кыргыз коомундагы абал жагдай кандайдыр бир иш-чараларды, кадамдарды талап кылып жаткан чак.

"Жакынкы Чыгыштагы акыркы окуялар, Ислам мамлекети деп өздөрүн атагандардын түзүлүшү, экстремисттердин адамдык эң жөнөкөй ченемдерге төп келбеген аракеттери биздин ыкмаларыбызды, мамлекеттик-конфессионалдык өз ара аракеттенишүүнүн принциптерин жана ыкмаларын түп тамырынан бери кайра карап чыгууга мажбур кылууда", – деди Алмазбек Атамбаев.

Мындан сырткары диний жагдайга кайрылганда, улуттук коопсуздук маселелери да мааниге ээ экендиги турган иш. Бул туурасында президент пикирин айтып, зарыл болсо тиешелүү чаралар көрүлөөрүнө токтолду 

"Мамлекет жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга жооптуу болгондуктан, мыйзам бузуулар катталган учурларда катуу жана ыкчам чараларды көрүүгө укуктуу. Андан тышкары, бул жерде сөз улуттук коопсуздук маселелери тууралуу жүрүп жаткандыктан, мамлекет тарабынан жөнгө салуу иштери күчөтүлөт", – деди Алмазбек Атамбаев.

49
Белгилер:
Коргоо кеңеши, Дин, Алмазбек Атамбаев
Тема:
Коргоо кеңеши: диний жагдай катуу көзөмөлгө алынат (11)
Тема боюнча
Атамбаев диний фанатизмди айыптады