Аймактардын кышка даяр эместигин өкмөт моюнга алды

Жазылуу
Октябрь айынын аягында капысынан жааган кар аймактардын кышка болгон даярдыгын текшерип койду. 31-октябрда өкмөттүн жыйынында Сарпашев мисал катары Баткен облусун алып, кышка жарым-жартылай эле даярдыгын айтты.

Архив: Көмүр - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт көмүрдүн баасын жөнгө салмакчы
БИШКЕК, 5-ноя — Спутник Кыргызстан. Өкмөттүн жыйынында биринчи-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев республиканын аймактары дээрлик кышка даяр эместигин билдирди. Бир катар билим берүү мекемелерине, бала бакчаларга керек болгон көмүр менен мазут жеткириле элек.

"Баткен облусу кышка жарым-жартылай эле даяр болсо, Талас облусу — 20%га гана даяр. Андан сырткары көпчүлүк казан мештер мазуттан башка отунга өтө элек", – дейт ал.

Биринчи —вице-премьер-министр кышка даярдык көрүү боюнча убакыт жетиштүү эле болгонун, мазут менен көмүрдү камдоого жоопкер болгон жетекчилер керек болсо жумуштан да алынат деп баса белгиледи.

Сарпашев Исфананын мэрин, Ысык-Көл облусу боюнча өкмөттүн өкүлүнүн орун басарын, Ак-Талаа районунун өкүлдөрүн кетирүүнү сунуштады. Андан сырткары Өзгөн, Лейлек, Баткен, Аксы, Ала-Бука райондорунун акимдерине, Сүлүктү, Майлуу-Суу, Талас шаарларынын мэрлерине сөгүш жарыялоо керектигин кошумчалады.

Ошондой эле, Бишкек менен Ош шаарларынын мэрине эскертүү берүүну сунуштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0