300 этникалык кыргыздын үй-бүлөсүнө Жаңы-Пахта айылынан жер берилди

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз Республикасынын паспорту
Кыргыз Республикасынын паспорту - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанга көчүп келген этникалык кыргыздардын ичинен кырк алты миңден ашууну өлкө жарандыгын алды.

БИШКЕК, 17-ноя — Sputnik. Мекенине кайрылып келген этникалык кыргыздардын ичинен 300 үй-бүлөгө Сокулук районунан үй куруп алууга атайын жер тилкелери бөлүнүп берилди. Бул туурасында Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган министрликтин маалыматына таянсак, учурда тарыхый мекенине кайрылып келгендердин расмий саны 50 миң адамдын тегерегинде.

"1995-2013-жылдын аралыгында кырк миңден ашуун этникалык кыргыз өлкө жарандыгын алышкан. Ал эми акыркы мезгилде, б.а. үстүбүздөгү жылдын I жарым жылдыгында жарандык алгандардын саны 1322 адам болду", – деп айтылат таратылган маалыматта. 

Атуулдук алганган чейин жашап турууга убактылуу укук берген кайрылман статусун 2010-2013 — жылдар аралыгында 6820 адам, үстүбүздөгү жылдын он айында 1700дөн ашуун адам алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0