Оң рулдуу унааны өлкөгө алып кирүүгө тыюу салууну КСДПчылар колдоду

Жазылуу
Ички иштер министрлиги оң рулдуу машиналарды алып келүүгө тыюу салуу менен жол кырсыктарынын санын азайтууга болот деп ишендирүүдө.

БИШКЕК, 21-ноя — Sputnik. Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын бүгүнкү жыйынында Ички иштер министринин орун басары Рыскулбек Жапаркулов оң рулдуу унааларды өлкөгө алып кирүүгө тыюу салуу керектигин билдирди. Анын айтымында, ИИМ тийиштүү мыйзам долбоорун иштеп чыкты.

"Өлкөдө учурда 1 миллион 73 миң автоунаа болсо, анын ичинен 163 миңи оң рулдуу. Бул жалпы автоунаалардын 15,39%ын түзөт", — деди ал.

Архив: Бишкектеги көчөлөрдүн бири - Sputnik Кыргызстан
Сентябрь айында импорттолгон машиналардын көлөмү өтө эле көп болгон
Ал ошондой эле, 2006-жылы оң рулдуулар жалпы автоунаалардын 6,41%ын гана түзгөнүн кошумчалады. Министрдин орун басары Жапаркулов оң рулдуу машиналарды алып келүүгө чектөө киргизүү менен жол кырсыктарынын саны азая турганын айтты.

Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков бул мыйзам долбоору Кыргызстан Бажы биримдигине кирип жаткандыктан кабыл алынышы керектигин баса белгиледи.

Турсунбеков Бажы биримдигиндеги өлкөлөргө оң рулдуу машиналарды алып кирүүгө тыюу салынганын айтып, Кыргызстан да бул уюмдун мүчөсү боло тургандыктан, жалпы эрежелерин кабыл алуу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0