Биометрикалык маалымат жыйноого Жалал-Абадга кошумча 50 жабдуу бөлүнөт

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүАрхив: Биометрикалык маалыматтарды чогултуу
Архив: Биометрикалык маалыматтарды чогултуу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин айтымында, биометрикалык маалыматтарды чогултуучу жабдууларды бөлүштүрүүдө аймакта жашаган калктын саны эске алынбай калган.

БИШКЕК, 22-ноя — Sputnik. Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Мамлекеттик каттоо кызматы жабдууларды аймактар боюнча туура эмес бөлүштүргөнүн Жалал-Абад облусуна болгон иш сапары маалында билдиргенин өкмөттүн аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү бүгүн маалымдады.

Бишкек: он беш миңге жакын жаран биометрикалык маалыматын тапшырды
Тайырбек Сарпашев белгилегендей, биометрикалык маалымат берүүгө жарамдуу болгон 25 миң калкы бар аймактарга 20 комплект жабдуу берилсе, 25 миңден көп эл жашаган аймактарга 2ден гана жабдуулар жеткирилген.

Биринчи вице-премьер-министр Ноокен, Базар-Коргон, Сузак райондорунун акимдеринин жана айыл округ жетекчилери жана Жалал-Абад шаарынын башчысы менен жолугушуу маалында 7 күн ичинде Жалал-Абад облусунун бардык райондору кошумча жабдууларды алаарын баса белгиледи. Жалпысынан 25 комплект жабдуу алынып келинет.

Белгилей кетсек, учурда өлкөнүн бардык аймактарында биометрикалык маалымат чогултуу кампаниясы жүрүп жатат.

Ири шаарларда жогорку окуу жайдын имараттарына да атайын жабдуулар орнотулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0