Бишкекте заманбап журналистиканын маселелери боюнча конференция өтүүдө

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүАрхив: Кыргызстан-Россия Славян университетинин имараты
Архив: Кыргызстан-Россия Славян университетинин имараты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекте заманбап медианын, аймактык чыр-чатактардын шартындагы журналистиканын, маалыматтык кагылышуу маселелерин талкуулаган конференция өтүүдө.

БИШКЕК, 25-ноя — Sputnik. Бишкекте заманбап журналистика темасына арналган конференция өтүп жатканын уюштуруучулардын бири Денис Бердаков билдирди.

Чогулгандар заманбап медианын чакырыктары жана тобокелдиктерди, маалыматтык кагылыштарды, аймактык чыр-чатактар шартындагы журналистика, опурталдуу аймактардан жасалган репортаждар боюнча талкуулашат.

Ошондой эле, конференциянын алкагында ушул жылдын жайында Украинада каза болгон "Россия бүгүн" Эл аралык маалымат агенттигинин фотокабарчысы Андрей Стениндин сүрөт көргөзмөсү болот.

Россиядан келген журналисттер, фотокабарчылар жогоруда айтылган темаларда баяндама жасашат. Аталган иш-чара Кыргыз-Россия Славян университетинин башкы корпусунда өтүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0