Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жолго чыккандарды этият болууга чакырды

Жазылуу
Катуу жааган кардан улам, өлкөнүн тоолуу аймактарындагы жол кыймылы кыйындады.

БИШКЕК, 25-ноя — Sputnik. Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам, КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларды ашуусу бар жолдорго чыкпоону сунуштады.

Министрликтин маалыматына ылайык, Бишкек – Ош унаа жолунун 120-209-чакырымдарында кар жаап жатат. Кардын калыңдыгы 25-30 сантиметрге жетти. 

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 25-28-ноябрь күндөрү Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөөрүн билдирди. Бишкек – Ош унаажолунун 121-137 жана 198-265 чакырымдарында, Бишкек – Талас унаа жолунун 198-210 чакырымдарында, Ысык-Көл облусундагы Каракол – Эңилчек унаажолунун 45-90 чакырымдарында кар көчкү түшүп, күрткү пайдо болушу мүмкүн.

Төө-Ашуунун 119-209-чакырымдарында жолду кардан тазалап, кум чачып жатышат.

Бишкек – Ош жолунда бара жаткан журналист Элмара Турсуналиеванын айтымында, кардан улам, учурда аталган жолдо унаа тыгыны пайда болду. Ал жолду тазалаган техниканын жоктугун билдирди.

ӨКМ жолдор тайгак болуп, муз тоңоорун билдирди. Министрлик кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылы так сакталышы зарылдыгын эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0