В Иссык-Кульской области произошло два землетрясения

Депутаттар жер титирөөдөн жапа чеккен элге жардам беришет

39
(жаңыланган 13:53 06.12.2014)
ЖК депутаттары бүгүнкү пленардык жыйында жер титирөөдөн жапа чеккен айылдардын жашоочуларына жардам катары айлык акыларынан каражат которуу чечимин кабыл алышты.

БИШКЕК, 26 ноя — Sputnik. Ысык-Көлдөгү жер титирөөдөн жапа чеккен айылдардын жашоочуларына жардам катары депутаттар айлык акысынан каражат которушмакчы. Бул тууралуу демилге ЖКнын бүгүнкү пленардык жыйынында колдоого алынды.

Трещина на асфальте
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Жер титирөөдөн Тоң жана Жети-Өгүз райондорунун тарткан чыгымдары 130 миллион сомду түзгөндүгүн айткан "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Дастан Жумабеков, бир күндүк айлык акысын которууну сунуштады. Ал эми депутат Акылбек Султанов КСДП фракциясы жума күндөгү өз жыйынында эки күндүк айлык акысын которууну чечкендигин айтты.

Айлыктарынан акча которуу боюнча арнамысчы Айнуру Алтыбаева, республикачыл Курманбек Дыйканбаев да демилге көтөрдү.

ЖК спикери Асылбек Жээнбеков мындай сунуш ЖК аппараты менен Иш башкаруу кызматынан да түшүп жаткандыгын айтты. Жыйынтыгында парламент демилгени добуш берүү менен колдоду.

Депутат Жумабеков жабырлангандарга азыр кандай жардам берилип жаткандыгына кызыгып, Өзгөчө кырдаалдар жана Каржы министрлиги жакынкы күндөрдө ЖКга келип маалымат беришин өтүндү.

© Пресс-служба президента КР
Боронов президентке жер титирөө келтирген зыян туурасында маалымдады

Зилзаладан кийин президент Алмазбек Атамбаев ӨКМ жетекчиси Кубатбек Бороновду кабыл алып, биринчи кезекте билим берүү жана саламаттык сактоо жайларындагы кесепеттерди жоюуну тапшырган.

2014-жылдын 14-ноябрында Ысык-Көлдүн бир нече айылдарында күчү 3-7 баллга жеткен жер титиреген.

 

39
Россияда өтүп жаткан Мамлекеттик Дума шайлоосуна видеокөзөмөл аркылуу байкоо системасынын демонстрациясы

Мамдума шайлоосуна 7,5 миң адам видеокөзөмөл аркылуу байкоо салууда

7
(жаңыланган 18:33 18.09.2021)
Быйыл шайлоо 17-19-сентябрга белгиленген. Мамлекеттик Дума менен бирге аймактык жана муниципалдык да шайлоо өтүп жатат.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Россияда өтүп жаткан Мамлекеттик Дума шайлоосуна видеокөзөмөл аркылуу байкоо салып жаткан парламенттик партиялардын биринен да эч кандай доомат түшкөн жок. Бул тууралуу РФ Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Николай Булаев билдирди.

"Ушу тапта видеокөзөмөл порталында 7,5 миң адам отурганын жазып жатышат. Алар бир эле убакта 30 миң шайлоо участкасына көз салууда. Эч биринен эч кандай доомат жок. Парламенттик партиялар биз камсыздап берген техникалык жабдууга нааразылык жок экенин айтышты", — деди Булаев.

Ал коомдук көзөмөл борборлорунда жумушчу орун жетиштүү экенин белгилеп, каалоочуларды чакыра кетти.

Шайлоо быйыл 17-19-сентябрга белгиленген. Мамлекеттик Дума менен биргеликте регионалдык жана муниципалдык шайлоо да кошо өтүп жатат.

7
Белгилер:
шайлоо, Россия, Мамлекеттик Дума, көзөмөл, БШК
Тема боюнча
Владимир Путин Мамдуманын шайлоосуна онлайн добуш берди
Москвада онлайн шайлоого катышкан 10 жаран акциядан батир утуп алды
Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков. Архив

Нарындын мэри шайлоодогу коррупциялык иштерге шектелип кармалды

27
УКМК маалымдаган Б.С. инициалдарына Самарбек Болотбековдун аты-жөнү туура келүүдө. Ал мурда Свердлов районунун акими болуп, кийин Нарын шаарына жетекчи катары жиберилген.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. 2020-жылкы парламенттик шайлоонун жүрүшүндөгү алдамчылык фактысы менен Нарын шаарынын мэри кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлады.

Буга чейин аталган шайлоодо Жогорку Кеңештин депутаты мандатын убадалап 300 миң доллар алган деген шек менен "Кыргызстан" партиясынын мүчөсү, экс-депутат Ч.Р. кармалган. Укук коргоо органдары жабырлануучу ири өлчөмдө чыгым тартканын айткан.

"Ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында далилдүү материалдар чогултулуп, Бишкек шаарынын Свердлов районунун мурдагы акими, азыр Нарын шаарынын мэри Б. С. жогорудагы ишке аралашкан деген шек менен кармалды", — деп айтылат билдирүүдө.

Бул иш боюнча Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгүнө ("Алдамчылык, өзгөчө ири өлчөмдө жасалган жосун") ылайык өндүрүш ачылган.

Б.С. инициалдарына Самарбек Болотбековдун аты-жөнү туура келүүдө. Ал мурда аталган райондо аким болуп, кийин Нарын шаарына жетекчи катары жиберилген.

27
Белгилер:
Нарын шаары, мэр, коррупция, шайлоо, УКМК
Тема боюнча
УКМК: чек ара кызматкери досунун өлүмүнө шектелип кармалды