Улуттук китепканага тилчи Рудовдун баалуу китептери берилет

Жазылуу
Бишкекте Михаил Рудовду эскерүү кечеси өтүүдө.

БИШКЕК, 26-ноя — Sputnik. Тилчи жана адабият таануучу, илимпоздун жеке китепканасындагы китептер Улуттук китепканага бериле турганын Sputnikтин кабарчысына аталган китепканадан билдиришти.

Эскерүү кечесин  филологдун кызы Марина Рудова өткөрүүдө. Иш-чаранын алкагында, филологдун жеке китепканасындагы баалуу китептер Улуттук китепканага берилет. Китепканада анын чыгармачылыгына арналган иллюстрацияланган китептердин көргөзмөсү өтүүдө. Ал жакта автордун китептери, макалалары коюлган.

Иш-чарага калемдештери, коомдук ишмерлер, ЖК депутаттары, окумуштуулар, маданият кызматкерлери, студенттер менен журналисттер катышууда.

Михаил Рудов 1929-жылы Россиянын Смоленск облусундагы Рудня шаарында төрөлгөн. 40 жылдан ашуун убакыт Кыргыз улуттук университетинин орус тили факультетинде иштеген. 1952-жылы филология илимдеринин кандидаттыгын жактап, кийинчерээк профессор наамын алган. 1993-жылы Кыргызстан-Россия Славян университети (КРСУ) түзүлгөндөн кийин кафедра башчысы болуп эмгектенген. 1996-жылы КРСУнун алдында Славян таануу аймактык институтун негиздеп, өмүрүнүн аягына чейин ушул жерде эмгектенген. Ал ушул жылдын 18-ноябрында узакка созулган оорудан каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0