Трансформаторная будка

КРде жылуулук менен электреэнергияга болгон жаңы тариф бекитилди

53
(жаңыланган 13:11 06.12.2014)
Эми белгиленген ченемден ашык колдонулган ар бир киловатт-саат 2,05 сомдон бааланса, бир гигакалорий энергия 917 сомду түзөт.

БИШКЕК, 26-ноя — Sputnik. Энергетика жана өнөр жай министрлигинин отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаменти 25-ноябрьда жаңы тарифтик саясатты бекитти.

Өкмөттүн чечимине ылайык, жылытуу маалында абонент бир айда 700 киловатт-сааттан ашпаган электркубатын колдонсо, анын ар бир киловатт-сааты 70 тыйындан эсептелет. Эгер белгиленген деңгээлден ашык колдонсо, 2,05 сомдон төлөйт. Ал эми ири ишканалар болсо 2,47 тыйындан төлөйт.

"Белгиленген чектен ашкан 1 киловатт-саат энергиянын баасы Казакстандан алына турчу электрэнергиянын импортун эске алуу менен эсептелген", — деп билдирди департаменттин башчысы Нурбек Элебаев.

КРге импорттоло турчу электрэнергия Казакстандын Жамбыл электр станциясынан алынат. Ал үчүн Кыргызстан бир кубометри 165 доллардан бааланган 300 миллион кубометр газды сатып алган. Газды "Газпром" компаниясы жеткирет.

Ысык-Көл облусундагы жер титирөөдөн жабыркагандарга гуманитардык жардам жиберүү учурунда журналисттер менен баарлашып жатып премьер-министр Жоомарт Оторбаев Казакстандан келе турчу электрэнергиянын баасы 5,6 сомду түзөрүн айтты.

"Биз алдын ала төлөө жолу менен иштейбиз жана электрэнергиянын алынып келиниши боюнча ай сайын эсептешип турабыз", — деп Оторбаев баса белгиледи.

Өкмөт июнь айында жылуулук жана электрге болгон тарифтик саясатты сунуштап, ал коомчулук жана жарандык активисттер тарабынан катуу сынга кабылган. Ноябрь айынын ортосунда болгон өкмөттүн жыйынында премьер-министр Жоомарт Оторбаев тартыш болгон электрэнергия Казакстандан алына турганын билдирген эле. Жалпысынан 1,4 миллиард киловат-саат электрэнергия импорттолот.

53
Тема боюнча
Кыргызстан: жарыкты өчүрүшүбүз же импорт кылышыбыз керек
Түркмөнстан электр энергиясын КРге жеткирүү маселесин кароого даяр
Умбеталиев: КРде электр энергия болгон таңкыстык 3 жылга дейре созулат
Автоунаалар. Архив

Жакында 453 айыл өкмөттүн башчысы жаңы унаалуу болушу мүмкүн. Жапаровдун планы

20
Өкмөт башчы соңку ирет айыл өкмөттөргө 2006-жылы кызматтык унаалар берилгенин айтып, анда 5 жыл сайын жаңылап туруу пландалганын белгиледи.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов айыл өкмөт башчыларга жаңы автоунаа алып берүүнү сунуштады.

Эл өкүлү президент жакында акимдерди жаңы автоунаа менен камсыздай турганын айтканын мисал келтирди.

"Ошол эле учурда 453 айыл өкмөттүн дагы маселесин чечиш керек, алар 15 жылдан бери жаңы машинанын жүзүн көрө элек", — деди Нышанов.

Буга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жооп берип, жеке эле айыл өкмөт, аким эмес, жалпы кыргызстандыктардын унааларын электромобилдерге өтүүгө үндөй турганын жана лизингге алып берүүгө даяр экенин билдирди.

"Сиз абдан туура айттыңыз, жүдөп-какап, автоунаалары ремонттон ремонтко барып бузулуп жүрбөш керек. Кереги бар жерлерде машиналардын баары жаңырышы керек. 2006-жылы биз баарына жаңы автоунаа алып бергенбиз. Ошондо сиз экөөбүз беш жыл сайын жаңылап туралы деп сүйлөшкөнбүз. Тилекке каршы, кырдаал өзгөрүп кеткен эле. Азыр, буюрса, акча бар", — деди Жапаров.

Ошондой эле мамлекеттик кызматкерлерди автоунаа менен камсыздоо боюнча атайын план иштеп чыкканын белгиледи.

20
Белгилер:
айыл өкмөтү, аким, Акылбек Жапаров, автоунаа, Сайдулла Нышанов
Тема боюнча
Жапаров акимдерге 60 млн. сомго унаа алуу боюнча тендерди жокко чыгарууну тапшырды
Екатеринбург аэропортундагы жүргүнчүлөр. Архив

Россия 2030-жылга чейин мигранттарды тартуу үчүн кандай аракет көрөрүн айтты

20
(жаңыланган 11:34 27.10.2021)
COVID-19 пандемиясы күч алып кетпесе, Россия алдыдагы он жылдын ичинде мигранттарды тартуу үчүн жакшы шарттарды түүзүп берерин билдирди.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Россия өкмөтү 2030-жылга чейин өлкөдө мигранттардын саны өсүп, улуттук программалардын туруктуу ишке ашышына шарт түзүлөт деп үмүт артууда. Маалымат РФтин Экономикалык өнүктүрүү министрлигинин сайтына жарыяланды.

Документте айтылгандай, Россия келечекте коомго бат аралашып кете турган чет элдик адистерди тартуу жолу менен мигранттардын санын жогорулатууну көздөп жатат.

"Ал үчүн Россия өзү кам көрөт. Мисалы, чет элдиктердин Россияда билим алышына шарттар түзүлөт. Социалдык-маданий жактан бат көнүп кетүү үчүн аракеттер көрүлөт. Ошондой эле жаш жана таланттуу кадрларды тартуу үчүн аларга ыңгайлуу шарттар каралат", — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, мигранттар көп келчү өлкөлөрдө орус тилин өнүктүрүү боюнча программалар ишке ашары кошумчаланды.

20
Белгилер:
Россия, миграция, аракет, план
Тема боюнча
Москвада мигранттар COVID-19га акысыз экспресс-тест тапшыра алат. Шарты