Академия наук, город Фрунзе

Улуттук илимдер академиясында олуттуу реформалар жүрмөкчү

56
(жаңыланган 08:53 03.12.2014)
Улуттук илимдер академиясы илимий жайды реформалоо боюнча өзүнүн сунушун киргизди.

БИШКЕК, 2-дек — Sputnik. Улуттук илимдер академиясында (УИА) орчундуу реформалар жүрүп, бир катар кызмат орундары жоюлуп, кээ бир институттар бириктирилет. Бул тууралуу Илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаев дүйшөмбүдө билдирди.

Абдыганы Эркебаев УИАнын президиуму 30%га кыскартыларын белгилеп, академиядагы 4 вице-президенттик кызмат орду жоюла турганын кошумчалады. Жетекчилик кызматта бир гана президент менен президиумдун башкы катчысы гана болот. Ошондой эле УИАнын институт кеңешчилери да жоюлат. Анын жыйынтыгында 11 кеңешчи жумуштан кетет.

Абдыганы Эркебаев тематикасы жагынан жакын болгон институттар бириктириле турганын маалымдады. 

Петр Алексеевич Ган атындагы тоо физиологиясы, биологиялык-кыртыштык, токой институттарын жана Энвер Гареев атындагы ботаникалык бакча Биоресурстар институту болуп кайра түзүлөт.

Реформалоо боюнча долбоорго ылайык, Улуттук илимдер академиясынын түштүк бөлүмүн жоюп, беш институттун базасында Илимдер академиясынын түштүк филиалын түзүү каралууда.

Академиянын президенти Абдыганы Эркебаев белгилегендей, реформа жүргүзүүнүн долбоору өкмөткө жөнөтүлгөн, акыркы чечим ал жактан кабыл алынат.

56
Көчөдө бараткан адам. Архив

Эксперт: COVID бир нече жылдан кийин кадимки сасык тумоодой болуп калышы мүмкүн

3
(жаңыланган 12:41 01.08.2021)
Адистин айтымында, дүйнөдө беш же 10 жылдан кийин калктын 100 пайызы, балким 99 пайызында COVID-19га антителасы пайда болот. Ошентсе да алар коронавирустун жеңил түрү менен ооруй бериши мүмкүн.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Коронавирус бир нече жылдан кийин кадимки сасык тумоо сыяктуу болуп калышы ыктымал. Ал тургай ага антителасы барлар да ооруп, эл дартты жеңил формада көтөрүшү мүмкүн. Бул тууралуу антисептиктин формуласын ойлоп тапкан швейцариялык адис Дидье Питте РИА Новостиге берген маегинде айткан.

Ал дүйнөдө пандемияга алып келген коронавирустун бир нече түрү бар экенин айтып, бирок адамдар жуктуруп жаткан түрүнө иммунитет бала кезден эле иштелип чыгарын белгилеген.

"Биз бул вирустарды билип, иммунитет иштелип чыккан күндө деле убакыт өткөн сайын ал жеңил сасык тумоо сыяктуу болуп калат. Беш же 10 жылдан кийин калктын 100 пайызы, балким 99 пайызында COVID-19га антителасы пайда болот. Бирок анын жеңил түрү менен ооруй берет. Ал сасык тумоодой эле болуп калат", — деди ал.

Питте дүйнөдө коронавируска каршы вакцина иштелип чыкпаганда жамааттык иммунитеттин пайда болуусу үчүн 6дан 10го чейин коронавирус толкуну болушу керек эле деген ойду кошумчалаган. Ал калк канчалык көп эмделсе, дүйнө ошончо эрте кадимки жашоого кайтарын эскертип, балдарды да эмдөө керектигине токтолгон.

3
Белгилер:
коронавирус, сасык тумоо, мутация, эмдөө
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Дарыгер коронавирустан кийин кимдерде тромбоз пайда болорун айтты
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин бөлүм башчысы Жигитали Жумалиев

Жумалиев: дыйкан, фермерлерди камсыздандыруу пландалууда

6
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин бөлүм башчысы Жигитали Жумалиев айыл чарба тармагына камсыздандырууну киргизүү мерчемделип жатканын маалымдады.

Агро камсыздандыруу боюнча мыйзам иштелип чыгып, сунушталды. Бул тууралуу Жигитали Жумалиев Sputnik Кыргызстан радиосундагы маегинде билдирди.

Жумалиев: дыйкан, фермерлерди камсыздандыруу пландалууда

Анын айтымында, учурда агро камсыздандыруу дүйнөдө көптөгөн өлкөлөрдө колдонулууда.

"Соңку учурдагы табигый процесстерден улам түшүмдүүлүк азайып кетти. Мына ушул сыяктуу көйгөйлөрдөн коргоо максатында агро камсыздандыруу боюнча мыйзам долбоору иштелип чыгып, сунушталды. Бул тажрыйба көптөгөн мамлекеттерде ийгиликтүү иштеп жатат. 2009-жылдын 26-январында "Бир типтеги өсүмдүктөрдүн өзгөчөлүгү жөнүндө" мыйзам чыккан. Тилекке каршы, ал жетиштүү деңгээлде иштеп кеткен жок. Мындан улам ага өзгөртүүлөр сунушталып, агро камсыздандырууну киргизүү мерчемделүүдө. Ага ылайык, камсыздандырууда ар бир өсүмдүк боюнча ар башка тариф коюлат. Табигый кырсыктардан кийинки чыгымдын 50 пайызын мамлекет, калганын дыйкандар каржылайт. Бул дыйкан, фермерлерди ар кандай тобокелчиликтерден коргойт", — деди Жумалиев.

Ошондой эле ал агро камсыздандыруу ыктыярдуу түрдө жүргүзүлө турганын кошумчалады.

6
Белгилер:
Жигитали Жумалиев, айыл чарба, камсыздандыруу, дыйканчылык
Тема боюнча
Айдаралиев: чоң пландарды түзө бербей майда иштерди аткарууга мезгил келди