Сариева: Саясаттагы аялдарга жардам берген сунуштарды колдошубуз керек

Жазылуу
Гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш парламентте жана жергиликтүү кеңештерде гендердик өкүлчүлүктү камсыздаган сунуштарды колдоого алуу чечимин кабыл алды.

БИШКЕК, 2-дек — Sputnik. Дүйшөмбүдө вице-премьер-министр Эльвира Сариева өкмөткө караштуу гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин бийлик органдарындагы кыз-келиндерди болушу туурасындагы талкууга катышты. Бул боюнча КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Вице-премьер-министр башкаруу органдарында, анын ичинде шайлоо органдарында аял жана эркектердин катышын аныктоо үчүн кабыл алынган атайын чаралардын оңдуу натыйжаларын белгиледи.

Мында өкмөткө караштуу Гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеңештин төрагасы Эльвира Сариева аялдардын келечекте алдыга жылуусуна көмөктөшө турган жаңы мыйзамдык сунуштарды кароонун жана колдоого алуунун зарылдыгын белгиледи.

"Кыргызстан мыйзам чыгаруу органындагы аялдардын 30%дык катышы тууралуу БУУнун Экономикалык жана социалдык кеңешинин максаттуу көрсөткүчүнө жетише алган эмес. Жогорку Кеңеште аялдардын үлүшү 20%дан гана ашат. Ал эми жергиликтүү кеңештердеги аялдардын саны жыл сайын кыскарууда. Өкмөт мүчөлөрүнүн арасында болгону 2 аял чиновник бар", — деди Эльвира Сариева.

Бийлик бутактарында аялдардын аз санда болуп жатышы, атайын чаралардын жоктугуна да байланыштуу экенин Сариева баса белгиледи.

Гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеңештин жыйынынын соңунда парламентте жана жергиликтүү кеңештерде гендердик өкүлчүлүктү камсыздоого багытталган сунуштарды колдоого алуу чечими кабыл алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0