Милдеттүү түрдө техникалык кароону кайтаруу демилгеленүүдө

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүАрхив: техникалык кароо
Архив: техникалык кароо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт тарабынан демилгеленген бул мыйзам долбоору депутаттар менен ишкерлер арасында катуу талкууга алынууда.

БИШКЕК, 3-дек —Sputnik. КР өкмөтү "Жол эрежелери жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштап жатат. Агы ылайык, машиналар милдеттүү түрдө техникалык кароодон өткөрүлөт. Жогорку Кеңештеги "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Курмантай Абдиев коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин шейшемби, 2-декабрдагы жыйынында мындай демилге жолдордо тартипти орнотуу үчүн оң натыйжа берерин айтты.

Бирок, Кыргызстандын Жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Темирбек Шабданалиев демилгеленип жаткан бул мыйзам долбоору эч кандай жаңылык алып келбей тургандыгын, болгону кошумча гана бюрократиялык тоскоолдуктарды жаратарын биздин кабарчыга билдирди. 

"Буга чейин эле жүк ташыган машиналар техникалык кароодон өтүп келген. Мамлекеттик авто инспекциясынын (МАИ) техникалык кароо станциясында болгону узун саптуу балка гана бар. Башка эч нерсеси жок. Ушундай шайман менен машинанын чыныгы абалын кантип билүүгө болот?", — дейт Шабданалиев.

Архив: Оң кол автомобиль - Sputnik Кыргызстан
Оң рулдуу унааны өлкөгө алып кирүүгө тыюу салууну КСДПчылар колдоду
Жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы техникалык кароону жеке тараптарга берүү ыңгайлуу экенин айтат. Себеби, алар 20-30 миң долларлык жабдыктарды алып келишип, бир текшергенде 5-6 параметр боюнча текшерет. Ал өз сөзүндө эгер машина техникалык мүчүлүштүктөн улам жол кырсыгына кабылса, ал үчүн техникалык кароону өткөргөн тарап жооп бериши керектигин белгиледи. Бирок, тарыхта мындай бир дагы факты катталган эмес.

"Мисалы, мурда техникалык кароо МАИде болчу, бирок МАИ техникалык мүчүлүштүк үчүн жооп берген бир да учурду билбейм. Техникалык кароодон өткөрүү формалдуу түрдө гана болуп атат. Бул аракет бир канча аткаминерге коррупциялык схеманы эле түзүп берип жатат", — дейт ал.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастанбек Жумабеков да бул демилге кайтадан эле коррупциялык схеманы жаратат деген пикирин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча Жогорку Кеңештин комитетинин шейшемби, 2-декабрдагы жыйынында билдирди. Депутат мыйзам долбоорунда "7 жыл мурун чыккан машиналарды милдеттүү түрдө техникалык кароодон өткөрүү керек" деп жазылган пункту оң натыйжа бербейт деди. Анын айтымында, 1994-1995-жылы чыккан унаалардын ээлери пара берип эле техникалык кароодон өттү деген документти алышууда.

"Эгер европалык стандарттарды киргизүүнү кааласаңар, анда Европадагыдай шарттарды түзүү зарыл. Биздин жарандар жаңы машина сатып ала алышпайт. Жыл сайын техникалык кароодон өтүү эл үчүн кыйын болот", — деди ал.

Экология, ден-соолук жана билим берүү тармагында ишмердигин жүргүзгөн "Древо жизни" адамды өнүктүрүү борборунун жетекчиси Калия Молдогазиева машиналар үчүн техникалык кароо өткөрүү жакшы экенин, бирок ал кандай формада өтөөрү маанилүү экендигин белгиледи. 

"Азыр Кыргызстанга эски машиналар өтө көп алынып келип жатат. Алардын техникалык абалын текшерүү зарыл. Бул багыттан алганда милдеттүү түрдө техникалык кароону кайта киргизип жатканы жакшы. Ошол эле учурда техникалык кароо кандай өтөөрү да маанилүү. Азыр көпчүлүгү пара берип эле эски машинасын техникалык кароодон өттү деп коюп жатышат. Бул, албетте, ойлонто турчу маселе", — дейт ал.

Мыйзам долбооруна ылайык, жүргүнчү же уулуу жүктөрдү ташыган оор машиналар бир жылда эки жолу техникалык кароодон өтүшү керек. Үч жыл мурун чыгып, юридикалык жактардын балансында турган жүргүнчүлөрдү ташыган жеңил унаалар (такси), жүк ташыган машиналар техникалык кароодон бошотулат. Ал эми 3 жылдан 7 жылга чейинки машиналар бул процедураны эки жылда бир жолу өтүшү керек. 7 жылдан жогору болгондор жыл сайын өтөт.

Белгилей кетсек, 2012-жылдан баштап машиналарды милдеттүү түрдө техникалык кароодон өткөрүү алынып салынган. Бүгүнкү күнү коммерциялык максатта колдонулган гана унаалар: жүргүнчү жана жүк ташыган машиналар техникалык кароодон өтүүгө милдеттүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0