Кибермейкиндиктеги маалымат коопсуздугу талкууланат

© Sputnik / Александр Уткин / Медиабанкка өтүүАрхив: Некрасов атындагы китепканада
Архив: Некрасов атындагы китепканада - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кибермейкиндиктеги маалымат коопсуздугу чет элдик адистердин катышуусунда Бишкекте эки күн бою талкууланат.

БИШКЕК, 4-дек — Sputnik. "Кибермейкиндиктеги маалыматтык коопсуздуктун жөнгө салуучу жана техникалык аспектилери" аттуу эл аралык конференция 4-5-декабрь күндөрү Бишкекте өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири — "Интернет саясаты боюнча коомдук демилге" коомдук фонду билдирди.

Конференцияга КМШ мамлекеттеринен, Европадан, Канададан, Америкадан келген алдыңкы эл аралык адистер катышат. Ошондой эле КМШдагы бизнес-компаниялар да келет.

Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Эрнис Мамырканов бул конференцияны уюштурууда Кыргызстанда демилгечилердин бири экенин белгиледи.

"Эл аралык өкмөттүк түзүмдөрдүн, түрдүү мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын ортосундагы диалогду уюштурууда Кыргызстан да демилгечи катары чыгып атканы биз үчүн абдан маанилүү. Биздин өлкө глобалдык маселелерди талкуулоочу аянт болуп жатканына абдан кубанычтабыз. Талкуу учурунда интернет мейкиндигиндеги коопсуздукту камсыздоо боюнча кадамдардын нугу белгиленет деп ишенем", — деди ал.

Конференциянын соңунда кибермейкиндикте маалымат коопсуздугун камсыздоо боюнча бирдиктүү, уюшкандык менен даярдалган сунуштар берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0