Депутаттар Ысык-Көлдөгү жер титирөөдөн жабыр тарткандардан кабар алышууда

© Фото / Пресс-служба МЧС КРАрхив: Ысык-көлдөгү зилзала
Архив: Ысык-көлдөгү зилзала - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ысык-Көлдөгү зилзаланын кесепеттерин жоюу боюнча өкмөттүн көргөн чараларын парламентарийлер жеринде талкуулап жатышат.

БИШКЕК, 6-дек — Sputnik. Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаттары Ысык-Көл облусундагы жер титирөөдөн жабыр тарткан эл менен жолугуп, томолой жетим 54 балага жардам көрсөттү. Бул туурасында Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Боронов: ссуда бериле турган 56 үй аныкталды
Жети-Өгүз районун борбору Кызыл-Суу айылында депутаттар туугандарынын колунда турган томолой жетим 54 балага көмүр таратып, райондогу майып балдарга коляскаларды жана башка керектүү жабдууларды тапшырды. Тосор айылында жер титирөөдөн жабыр тарткан үйлөрдү, мектеп имаратын кыдырып чыгып, андан кийин Тоң районунун борбору Бөкөнбаев айылында болушту. 

Бөкөнбаев айылында Ысык-Көл облусунун Тоң районунда болгон жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу фракциянын көчмө жыйыны өттү.

Көчмө жыйынга Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Турдубек Мамбетов, Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев, Каржы, Саламаттыкты сактоо жана башка министрликтеринин өкүлдөрү катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0