Башкы аянтта балатыны орнотуу иштери декабрдын ондорунда башталат

© Sputnik / Евгения Новоженина / Медиабанкка өтүүАрхив: балаты
Архив: балаты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектин борбордук аянтында жаңы жылдык балатыны орнотуу декабрдын ондорунда башталып, ал жарык чачуучу гирляндалар менен кооздолот.

БИШКЕК, 9-дек — Sputnik. Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында жаңы жылдык балатыны декабрдын ондорунда орното башташат, деп билдиришти баш калаанын мэриясынын басма сөз кызматынан. 

Жаңы жылды майрамдоого өз убагында даярдык көрүү максатында шаардык штаб түзүлгөн, ал жаңы жылдык жана шаарды кооздоо боюнча иш-чараларды уюштурат. 

Ала-Тоо аянтында башкы балатыны орнотуу декабрдын ондорунда башталып, ал жарык чачуучу гирляндалар менен кооздолмокчу. Ошондой эле баш калаанын мэриясынын имаратынын жана Абдылас Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театрынын алдында балаты орнотуу пландаштырылууда. 

"Бишкексвет" муниципалдык ишканасынын маалыматына караганда, азыркы тапта Чүй проспектисин бойлото жайгашкан дарактарды жарык чачуучу гирляндалар менен кооздоо иши жүргүзүлүүдө. Кийинчерээк аянтка жакын жайгашкан "Илбирс" ЖЧКсы менен "Агропром холдинг" ЖЧКсынын имараттары да кооздолмокчу. 

Борбор калаанын райондорунун арасында аймагын мыкты жасалгалоого конкурс жарыяланды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0