Уничтожение наркотиков в Нижегородской области

Кыргызстанда спайс менен синтетикалык баңгизаттар азыраак таралган

105
(жаңыланган 12:24 10.12.2014)
Серепчилер спайс синтетикалык баңгизаты анчалык көп тараган эмес деп билдиришти.

БИШКЕК, 10-дек — Sputnik. Чекме аралашма – спайстын таасиринен маң болгон баңгилерди көрсөткөн роликтер Кыргызстандын популярдуу видеохостингдеринде кээде пайда болуп калат. Sputnik кабарчысы "Республикада бул синтетикалык баңгизатка байланышкан абал кандай?" деген суроо менен серепчилерге кайрылды.

Республикалык наркология борборунун директорунун дарылоо иштери боюнча орун басары Татьяна Борисованын айтымында, аталган борбордо спайс синтетикалык затынан көз каранды болгон бир да оорулуу катталган эмес.

"Республикада баңгизатка көз каранды адамдар, негизинен, табигый каннабиноиддерди (марихуананы, анашаны) жана апийимди (опиатты) же андан алынчу героинди, метадонду ж.б. колдонушат. Жасалма баңгизаттарга көз каранды бейтаптар азырынча борбордо каттала элек", — деди дарыгер.

Республикалык наркология борборунун алдындагы жашы жете электерге медициналык-психологиялык жардам көрсөтүү борборунун психологу Лариса Бобренко да спайс жана башка баңгизаттары жөнүндө пикирин айтты

Анын айтымында, мектептерде алдын алуу иштерин жүргүзүү учурунда кооптуу топторго кирүүчү өспүрүмдөрдүн арасынан спайсты колдонуучулар аныкталган эмес.

"Азыр өспүрүмдөрдүн арасында ар түрдүү "кубат бере турган" суусундуктарга, ошондой эле насвайга кызыгуучулук күч алып бара жатканы байкалат. Бир аз бөлүгү күнүмдүк турмушта колдончу химиялык заттарды — клей, дихлофос жана түрдүү тазалоочу каражаттарды пайдаланат. Ушул окуу жылынын башынан бери синтетикалык чекме аралашмаларын колдонгондор аныктала элек", — деп белгиледи психолог.

Жеңишбек Назаралиевдин Медициналык борборунда ооруканага жаткыруу боюнча менеджер Валерий Драницын спайс жакынкы арада гана пайда болгон үчүн азырынча андан көз каранды болгондор жок экендигин айтты.

Бул затка көз карандылык анча тез пайда болбойт жана дене-бойлук эмес, биринчи кезекте, психологиялык көз карандылыкты жаратат. Ал ошонусу менен коркунучтуу, деп белгиледи кабарчыбыздын маектеши.

"Спайсты колдонуучу баңгилердин психологиялык көз карандылыгы героин тарткандарга салыштырганда бир топ жогору. Баңгизаттын бул түрү жайылып кете турган болсо, ал өтө чоң коркунучтарга алып келет. Себеби, аны уруксат берилген эле дары-дармектерден даярдап алса болот. Азырынча биздин өлкөдө спайсты колдонгондор аз жана алардын саны, мисалы, Россиядагыдай коркунуч туудурчу деңгээлге өсүп кетпеши үчүн колдон келгендин баарын жасоо керек", — деп баса белгиледи Драницын.

Спайс — чекме синтетикалык аралашмалардын бренди. Ал адатта химиялык иштетүүдөн өткөн кайсы бир чөп түрүндө сатылат. Spice англис тилинен которгондо "ачуу татымал" дегенди билдирет. Спайс адамдын психикасын күүлөндүрүп, оолуктуруучу күчтүү таасирге ээ. Анын так формуласы жок, анткени, аралашманын тиги же бул түрүн сатууга тыюу салган сайын өндүрүүчүлөр анын формуласын дароо өзгөртүп турушат.

105
Белгилер:
Опиат, Каннабиноид, Марихуана, Анаша, Спайс, Синтетикалык баңгизат, Чекме аралашма, Баңги, Лариса Бобренко, Татьяна Борисова, Жеңишбек Назаралиев, Кыргызстан
Тема боюнча
Мамдуманын комитети спайстарды сатууга тыюу салган мыйзам долбоорун колдоду
Ресторан. Архив

Бишкек мэриясы кафе-ресторандардын ишине чектөө киргизди

103
(жаңыланган 21:25 16.06.2021)
Борбор калаада эпидемиологиялык абал оор бойдон калууда. Бишкек шаары ушул тапта "кызыл” зонада турат.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Эртең, 17-июндан тарта, Бишкектеги түнкү клуб, кафе, ресторан, караоке, бар сыяктуу көңүл ачуучу жайлардын ишине чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу социалдык маселелер боюнча шаар жетекчисинин орун басары Виктория Мозгачеванын жетекчилигинин алдында болгон эпидемиологиялык абал боюнча жыйында белгилүү болду.

Мэриянын маалыматына караганда, буга шаарда коронавирус инфекциясына карата абалдын оор болуп турганы себеп болууда.

“Бишкекте көңүл ачуу жайлар саат 23.00дөн 07.00гө чейин жабылышы керек. Бирок тамак жеткирип берүү кызматтары мурдагыдай тартипте эле иштей берет. Мындай чектөөлөр абал жакшырганга чейин сакталат”, — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле коомдук транспортто дезинфекциялоо иштери, санитардык нормалардын сакталып жатышы боюнча рейддерди күчөтүү сунушталды.

Эске салсак, борбор калаада эпидемиологиялык абал оор бойдон калууда. Бишкек шаары ушул тапта "кызыл” зонада турат.

103
Белгилер:
чектөө, коронавирус, Бишкек мэриясы, Бишкек
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Кол чатыр. Архив

Бейшембиге карата аба ырайы

17
17-июнга караган түнү көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Бейшембиде күндүз кээ бир райондордо жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Абанын температурасы Чүй облусунда +28…+33, Таласта +27…+29, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +31…+36, Ысык-Көл аймагында +21…+26, Нарын өрөөнүндө +19…+24 градуска жетет.

Күндүн табы Бишкекте +29…+31, Ош шаарында +30…+32 градусту көрсөтөт.

17
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Өзбекстанда жеке компаниялар электр энергиясын сааттап сата баштайт
АКШ президенти Жо Байден

Байдендин маалымат жыйынына россиялык журналисттерди киргизбей коюшту

0
Россия лидеринин жыйынтыктоочу маалымат жыйынына АКШлык журналисттер дагы катышып, суроолоруна жооп ала алышты.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Россиялык журналисттерди АКШ президенти Жо Байдендин маалымат жыйынына киргизбей коюшканын Sputnik International кабарлады.

Маалыматка карганда, аларды аталган иш-чарага аккредитациядан өткөрбөй коюшкан.

Ак үйдүн маалымат кызматы чет элдик журналисттерди каттоого ала турган кызматкердин байланыш номерин берген. Бирок ал россиялык журналисттердин өтүнүчүн көңүл сыртында калтырып койгону айтылат.

Эске салсак, бүгүн Жо Байден менен Владимир Путин Женева саммитинен кийин Ла Гранж вилласынан көрүшүп, эки этап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Россия лидеринин жыйынтыктоочу маалымат жыйынына АКШлык журналисттер дагы катышып, суроолоруна жооп ала алышты.

0
Белгилер:
журналист, Женева, Владимир Путин, Жо Байден
Тема боюнча
Өзөктүк согушта жеңүүчү болбойт! Путин менен Байдендин биргелешкен билдирүүсү
Путин Байден менен жолугушуусу кандай өткөнүн айтып берди
Путин: Байден “жан алгыч” деп эмнеге айтканын түшүндүргөн
Путин менен Байден RT жана Sputnik радиосунун ишин талкуулады