Миллиондон ашык кыргызстандыктар биометриялык маалыматтарын тапшырышты

Жазылуу
Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) биометриялык маалыматтарды топтоону улантууда. Ведомствонун акыркы маалыматы боюнча, республикада биометриялык каттоодон бир миллиондон ашык адам өткөн.

БИШКЕК, 11-дек — Sputnik. Кыргызстан боюнча өзүлөрүнүн биометриялык маалыматтарын каттаткан жарандардын саны миллиондон ашты, деп билдирет 2014-жылдын 11-декабрында МККнын басма сөз кызматы.

Мамлекеттик каттоо кызматынын штабынын маалыматына ылайык, Кыргызстан боюнча 1-декабрга карата биометриялык каттоодон 1 миллион 31 миң 681 адам өттү.

Коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Чынара Усупбаева биометриялык маалыматтарды топтоо иштери кадимки тартипте жүрүп жатат деп белгиледи. 

"Бүгүнкү күнгө чейин миллиондон ашык кыргызстандыктар каттоодон өттү жана биз маалымат топтоо өз убагында бүтөт деп турабыз. Бишкек боюнча биометриялык маалыматтарын тапшыргандардын саны 113 миң 237 адамга жетти", — деди бөлүм башчысы.

Кыргызстанда биометрикалык маалыматтарды чогултуу улантылууда - Sputnik Кыргызстан
Жаңы жылга чейин 1 млн. кишинин биометрикалык маалыматы чогултулат
Маалымат тапшыргандардын санынын пайыздык катышы жагынан бардык шаарлардан Ош алдыда турат. Ал жерде калктын 43,27 пайызы биометриялык каттоодон өткөн. Аймактар боюнча да, статистика көрсөткөндөй, 38,44 пайыз менен Ош облусу алдыда. Башка аймактарда да биометриялык каттоодон өткөндөрдүн саны өсүп келе жатат. Нарын облусунда калктын 32,83 пайызы биометриялык маалыматтарын тапшырса, Таласта ал 30,64 пайызга жетти.

Жарандардын биометриялык маалыматтарын топтоо 2015-жылдын 1-августунда аякташы керек. Жалпысынан өлкө боюнча 3 миллион 641 адамдын жеке маалыматтарын топтоо болжолдонуп жатат. 


Жаңылыктар түрмөгү
0