Сарпашев бир катар аткаминерлерге сөгүш берди

Жазылуу
Айыл-чарба жана мелиорация министри менен КР өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчисине сөгүш берилди.

БИШКЕК, 19-дек — Sputnik. Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев Айыл-чарба жана мелиорация министри менен Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамагенттиктин жетекчисине сөгүш берди.

"2014-жылы белгиленген пландарды аткарбагандыгы үчүн Айыл-чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиевге, Мамкурулуш агенттигинин жетекчиси, Турдубек Мамбетовго, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча маминспекциянын башчысы Таалайбек Нурбашевге сөгүш бериш керек", — деп Сарпашев өкмөттүн жыйынында билдирди.

Бирок, Айдаралиев бул айыптоо менен макул эмес. Министр анын жасаган ишин вице-премьер адилетсиз баалаган деген пикирин айтты. Өз кезегинде Сарпашев жетекчилерди дарегине айтылган сындарды туура кабыл алып, аны угуу керектигин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0