Ситуация в Донецкой области

РФке каршы санкциялар Украинадагы каатчылыкты чечпейт деп эсептейт европалыктардын үчтөн бири

38
(жаңыланган 09:19 22.12.2014)
Украинадагы кырдаалдын чечилишине санкциялардын таасирин оң баалагандардын саны аз, болгону 26%. Андан көбүрөөгү санкциялар Украинадагы абалды жөнгө салууга эч таасир кылган жок деген ишеничте.

БИШКЕК, 20-дек — Sputnik. Европалыктардын үчтөн биринен ашыгы (35%) Европа биримдигинин Россияга карата санкциялары Украинадагы каатчылыкты жөнгө салууга терс таасирин тийгизди деген көз карашта. Муну Sputnik тапшырыгы менен ICM Research компаниясы Францияда, Улуу Британияда жана Германияда жүргүзгөн сурамжылоолордун жыйынтыгы күбөлөндүрөт. 

Украинадагы кырдаалдын чечилишине санкциялардын таасирин оң баалагандардын саны аз, болгону 26%. Андан көбүрөөгү (28%) санкциялар Украинадагы абалды жөнгө салууга эч таасир кылган жок деген ишеничте.

Россияга каршы ЕБнын санкцияларынын ролуна берген баалар сурамжылангандардын жашаган өлкөсүнө жараша олуттуу айырмаланат. Улуу Британияда суралгандардын 40%ы санкциялардын таасирине оң баа берген, 21%ы санкциялар Украинадагы каатчылыкты жөнгө салууга терс таасирин тийгизди деп эсептейт.

Германияда, тескерисинче, 54% ЕБнын Россияга карата санкциялары Украинадагы каатычылыкты чечүүгө терс таасир кылды деп эсептесе, санкциялардын киргизилишине оң баа бергендердин саны 16%ды гана түзөт.

Франциянын тургундары ортоңку орунду ээлешип, эң көбү — 37% — кырдаалды жөндөштүрүүгө санкциялар эч таасир эткен жок деп эсептейт, ал эми сурамга катышкандардын 30%ы санкциялардын терс таасирин белгилесе, 23%ы РФке каршы киргизилген санкциялар оң натыйжа берди деп баалаган. 

ICM Research компаниясы өз сурамжылоолорун үстүдөгү жылдын 5 – 17-декабрында жүргүзгөн. Бардыгы болуп сурамжылоого 3013 адам (Улуу Британияда 1001, Германияда 1001, Францияда 1011) катышкан. Ар бир өлкө боюнча сурамжылоого тандалып алынгандар жынысы, жаш-курагы, жана географиялык өзгөчөлүгү боюнча ар түрдүү топторго кирет. 

ICM Researchтин сурамжылоолоруна ылайык, британиялыктар менен француздардын жарымынан көбү ЕБнын Украинаны каржылоосуна каршы, европалыктардын төрттөн биринен азы ЕБ санкциялар жөнүндө чечимди өз алдынча кабыл алды деп эсептейт. Европалыктардын үчтөн бири РФке каршы санкциялар Украинадагы каатчылыкты чечпейт деп эсептейт. Британиялыктардын, француздардын жана немистердин дээрлик жарымы ЕБнын көбүрөөк көз карандысыздыгын каалайт.

38
Белгилер:
Улуу Британия, Украина, АКШ, Франция, Германия, Россия, ICM Research
Тема боюнча
Европалыктардын төрттөн биринен азы ЕБ санкциялар жөнүндө чечимди өз алдынча кабыл алды деп эсептейт
Немистердин 40%ы Россияга каршы санкциялардын жоюлушун колдойт
Британиялыктар менен француздардын жарымынан көбү ЕБдин Украинаны каржылоосуна каршы
Британия, Франция, немис жарандарынын дээрлик жарымы ЕБнын көбүрөөк көз каранды болушун каалайт
Жаратылыш. Архив

Жекшембиге карата аба ырайы

34
Жекшембиге караган түнү республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. 17-октябрда дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +15...+20, Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөнүндө +20...+25, Ысык-Көлдө +12...+17, Нарын жергесинде +14...+19 градуска чейин көтөрүлөт.

Борбор калаада күндүн табы +18...+20, ал эми Ош шаарында +23...+25 градус болору болжолдонду.

34
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Электр энергиясы менен жылуулукка канча төлөйбүз? Күчүнө кирген жаңы тарифтер

Кыргызстандагы алдыңкы 10 жолтандабас менен кроссовердин баасы кандай өзгөрдү

85
(жаңыланган 20:01 16.10.2021)
Ар апта сайын Sputnik Кыргызстан колдон алынган автоунаалардын баасы тууралуу маалымат берет. Бул жолкусунда эл оозундагы жолтандабас менен кроссоверлердин наркына баам салдык.
Өлкөдөгү өтүмдүү жол тандабас  менен кроссоверлердин баасы

Өтүмдүү автоунаалардын алдыңкы ондугуна төмөнкүлөр кирди:

  • Lexus GX 470;
  • Honda CR-V;
  • Toyota RAV4;
  • Lexus RX 350;
  • Volkswagen Touareg;
  • Subaru Forester;
  • Toyota Landcruiser;
  • Kia Sportage;
  • Hyundai Santa Fe.

Инфографикада жылы жаңы автоунаалардын баасы көрсөтүлдү. Биз сатуучулар сураган баанын орточо ченин беребиз. Демек, баа дал ушундай деп айтууга болбойт.

Тизмедеги автолордун басымдуу бөлүгү орточо 200-1500 долларга кымбаттаган. Бул Lexus GX 470, Lexus RX 350, Honda CR-V, Toyota Landcruiser жана башка.

Ал эми Volkswagen Touareg менен Toyota RAV4 орточо 200-500 долларга арзандаган.

85
Белгилер:
автоунаа, базар, баалар, соода
Тема боюнча
Бишкектеги батирлердин сентябрдагы ижара акысы