Европалыктардын төрттөн биринен азы ЕБ санкциялар жөнүндө чечимди өз алдынча кабыл алды деп эсептейт

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүСаммит "Группы двадцати" в Австралии
Саммит Группы двадцати в Австралии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЕБнын РФке каршы санкциялары кандайча киргизилгени жөнүндө суроого европалыктардын 37%ы ал чаралар Кошмо Штаттарынын таасири менен көрүлдү деп жооп беришкен. Сурамжылангандардын 37% Европа биримдиги менен АКШ санкцияларды киргизүүдө бири-бири менен кеңешип иш кылды деп эсептейт.

БИШКЕК, 22-дек — Sputnik. Европалыктардын төрттөн биринен көбү Европа биримдиги Россияга каршы санкцияларды АКШнын кысымы менен киргизди деп эсептейт. Ал эми европалыктардын төрттөн биринен кеми гана бул маселеде Штаттар ЕБга таасир кылган жок деген пикирде экенин ICM Research агенттигинин сурамжылоолору көрсөттү.

ЕБнын РФке каршы санкциялары кандайча киргизилгени жөнүндө суроого европалыктардын 37%ы ал чаралар Кошма Штаттарынын таасири менен көрүлдү деп жооп беришкен. Сурамжылангандардын 37% Европа биримдиги менен АКШ санкцияларды киргизүүдө бири-бири менен кеңешип иш кылды деп эсептейт.

Сурамжылоону Sputnik тапшырыгы менен ICM Research агенттиги Францияда, Британияда жана Германияда декабрдын биринчи жарымында жүргүзгөн. Ар бир өлкөдөн ага миңден бир аз ашык адам катышкан. Сурамжылоого тандалып алынгандар жынысы, жаш-курагы, жана географиялык өзгөчөлүгү боюнча ар түрдүү топторго кирет. Ишенимдүүлүктүн 95% мүмкүндүгүн эсепке алганда ар бир өлкө боюнча маалыматка болгон ишеним +/- 3,1%ды түзөт

Сурамжылоо көрсөткөндөй, санкция маселеси боюнча ЕБнын иш-аракеттери Америка тарабынан таңууланган деп ойлогондор Францияда эң көп болуп чыкты — суралгандардын 33%ы ушундай жооп беришкен. Немистердин дээрлик жарымы ЕБ менен АКШ өз иш-аракеттерин тең укуктуулук негизде макулдашып кылышты деп эсептейт, ушундай эле пикирди Францияда сурамжылангандардын 27%ы, Британияда 36%ы билдирген. Ал эми бардык респонденттердин төрттөн бири Европа биримдиги Штаттардын айтканы менен болду деп эсептейт.

Россияга каршы санкцияларды киргизүү маселесинде АКШ ЕБга таасир кылган жок деген көз карашты ар бир өлкөдө сурамдылангандардын төрттөн биринен кеми колдойт. 

ICM Researchтин сурамдылоолоруна ылайык, британиялыктар менен француздардын жарымынан көбү ЕБнын Украинаны каржылоосуна каршы. Европалыктардын үчтөн бири РФке каршы санкциялар Украинадагы каатчылыкты чечпейт деп эсептейт. Британиялыктардын, француздардын жана немистердин дээрлик жарымы ЕБнын көбүрөөк көз карандысыздыгын каалайт.

АКШ менен ЕБ Россиянын саясатчылары менен ишкерлерине каршы санкцияларды кантип киргизишти

АКШ менен ЕБ Крымдын Россияга кошулушун тааныган жок жана Москвага Украинанын ишине кийлигишкендик айыбын коюуда. Россия муну моюнга албайт жана мындай айыптоолорду орунсуз деп эсептейт. Батыш өлкөлөрү март айнан тартып Россиянын бир катар саясатчыларына, ишкерлерине жана компанияларына каршы бир нече ирет санкцияларды киргизип, чек коюу чараларын дагы кеңейтебиз деп коркутушкан. Акыркы жолу санкциялар сентябрь айында киргизилген. 

Россия Батыштын санкцияларына кандайча жооп берди

Россиянын президенти Владимир Путин 6-августта коопсуздукту камсыз кылуу үчүн айрым атайын экономикалык чараларды көрүү жөнүндө жарлыкка кол коюп, ага ылайык Москвага каршы санкцияларды киргизген бир катар өлкөлөрдөн азык-түлүктү импорттоого бир жылга чек коюлган. Тийиштүү тизмеге уйдун, канаттуулардын, чочконун эти, жемиштер, быштак жана сүт азыктары, жаңгактар ж.б. азык-түлүктөр кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0