МККнын гуманитардык жардамы Лугансктагы беш балдар үйүнө бөлүштүрүп берилет

© Sputnik / Сергей Пивоваров / Медиабанкка өтүүДесятый российский гуманитарный конвой для Донбасса прибыл на КПП "Донецк"
Десятый российский гуманитарный конвой для Донбасса прибыл на КПП Донецк - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кызыл Кресттин Москвадагы бөлүмүнүн 80 тонна гуманитардык жардам жүктөлгөн сегиз жүк ташуучу машинасы 15-декабрда Москванын алдындагы Раменское шаарынан Луганскты көздөй ӨКМдин кызматкерлеринин коштоосунда бет алды.

БИШКЕК, 23-дек — Sputnik. ӨКМдин гуманитардык колоннасы менен бирге Луганскка келген Кызыл Кресттин Москвадагы бөлүмүнүн гуманитардык жардамы шаардын беш балдар үйүнө жеткирилет деп билдирди РИА Новости.

Гуманитардык жардам жүктөлгөн колонна Ростов облусунун ТӨП каттоосунан өтүүдө
Кызыл Кресттин Москвадагы бөлүмүнүн 80 тонна гуманитардык жардам жүктөлгөн сегиз жүк ташуучу машинадан турган колоннасы 15-декабрда Москванын алдындагы Раменское шаарынан Луганскты көздөй ӨКМдин кызматкерлеринин коштоосунда чыккан. Жүктөрдү ЕККУнун жана Кызыл Крестинин Лугансктагы бөлүмүнүн өкүлдөрү текшеришип, колонна чек арадан Донбасстын тургундарына жеткирилип бара жаткан Россиянын онунчу колоннасы менен бирге өттү. Августтун ортосунан тартып Донбасска он колонна менен бардыгы болуп 13 тонна гуманитардык жардам жеткирилген.

"Кызыл Крест өзүнүн гуманитардык жардамын Луганск Мамлекеттик медицианлык академиясына түшүрдү. Азыр унаалар бөлүштүлдү, эми жүк балдар үйлөрүнө – биринчи кезекте беш балдар үйүнө жеткирилет", — деп билдирди РИА Новостиге Москванын Кызыл Крестинин башчысы Игорь Трунов.

Балдар үйлөрүнө азык-түлүктөрдү жана оюнчуктарды Москванын Кызыл Крестинин кызматкерлери Лугансктын Кызыл крести менен бирге бөлүштүрүүдө деп кошумчалады ал.

Киевдин бийлиги апрелдин башында Украинанын чыгышында февралдагы төңкөрүшкө нааразы болгон аймактын тургундарына каршы күч колдонулган операцияларды баштаган эле. БУУнун акыркы маалыматтары боюнча 4,7 миңден ашуун карапайым тургундар чыр-чатактын курманы болуп, 10 миңден ашыгы жаракат алган. Россия менен ЕККУнун ортомчулугунун аркасында тараптар Минскте 5-сентябрга чейин убактылуу согушту токтотууну макулдашкан. Бирок ыктыярчылар да, өкмөттүн күчтөрү да макулдашууну бузгандык үчүн бири бирин айыптап жатат. 

9-декабрда эртең менен Донбасста ыктыярчылар менен өкмөттүк күчтөрдүн ортосунда убактылуу тынчтык орнотулду. Бул жөнүндө макулдашууга тараптар ЕККУнун ортомчулугу менен жетишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0